Арзан мештин чыгашасы да, зыяны да көп...
Абдыбек Казиев Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, Kubanych Alimov
Энергиянын түрлөрү, жылытуу системасы боюнча адис Кубаныч Алимов Германияда
Суук түшкөнү үйдү жылытуу түйшүгү башкы маселелердин бирине айланат. Электр энергиясы тартыш учурда бул маселе ого бетер күчөдү. Бир жагынан борбор калаадагы абанын кирдиги, экология маселеси чоң баш ооруу болуп калды. Адистер эптеп эле жылытууну ойлонбой ден соолук, экологияны кошо ойлобосо болбой калды деп жатышат. Буга жакында эле Сузакта иске ууланып, чарчап калган үч бир туугандын окуясы дагы себеп болду.
Би-Би-Си энергиянын түрлөрү, жылытуу системасы боюнча адис Кубаныч Алимов менен арзан мештин ашыкча чыгымын эсептеп, кооптуу жактарын талдап көрдү.
Сүрөттүн булагы, Social media
Абанын тазалыгын өлчөй турган жабдуулар көрсөткөндөй Бишкек абанын кирдиги боюнча кээде дүйнөдө эң кир шаар катары көрсөтүлөт. Айрым учурда ченемден ашып, кооптуу деген чекке жеткен мисалдар дагы бар. Бул 2018-жылдагы эсептердин бири
Кубаныч Алимов: Быйыл электр энергиясынын тартыштыгы көмүргө, газга болгон көз карандылыкты күчөттү. Бизге келген кардарларга эсеп-кысабынын баарын чыгарып берип, колдон келсе сапаттуу меш алуу керектигин түшүндүрүп жатабыз. Кымбатчылык, пандемиядан кийин чөнтөгү жукара түшкөн эл айласы жок арзанына качырып жаткандай. Бирок, ошого карабай чечмелеп берип жатабыз. Айрымдары түшүнөт. Эсептей келгенде арзан меш кымбатка түшөрү, кооптуу экени айдан ачык көрүнүп эле калат. Мени Сузактагы окуя катуу убайымга салды. Бир түндө бир бүлөнүн үч баласы истин айынан чарчап калды. Бул өтө оор жоготуу да. Андыктан жылытсам эле болду дегенди эмес, коопсуздукту, экологияны, ден соолукту ойлобосо болбой турганын дагы бир жолу көрдүк.
Мешти ар ким эле жасай бергени болбойт!
Кубаныч Алимов: Мен темир ширеткенди билем деп өзү билгендей эле же кайсы бир жерден көрүп меш жасап, ошондон киреше таап жаткандар туура түшүнсүн. Бул туура эмес. Бул өтө кооптуу. Жасап жатканда жаман ою жок, чын көңүлдөн эле жасады дейли. Бирок, мешти жасоодо атайын эрежелер, инженердик эсеп, такталган нормалар бар. Чон заводдордун баары ошого таянып жасайт, жасап эле тим болбой ошол мешке техникалык паспорт дагы берет. Андай күчтүү талап бар экенин билбей меш жасап саткандар ошол мештен ким бирөлөр ууланышы мүмкүн экендигин эске алышы зарыл.
Ис деген эмне, кантип пайда болот, эмнеси менен кооптуу?
Дарыгер: Исти уктап жаткандар эле эмес, басып жүргөндөр дагы сезбей калат. Ал ошонусу менен өтө кооптуу...
Киши иске кантип ууланат?
Дарыгер: Адам дем алганда анын организмине кирген таза аба (кычкылтек) кандагы гемоглабиндерге (кызыл кан клеткаларына) кошулуп (сиңип) кеткенче уулу газ андан да ыкчам гемоглабинге сиңет...
Иске уулануунун белгилери
Дарыгер: Адамдын организминде акырындап шалдыроо, бир аз баш оору, уйкусуроо күчөйт. Эс алам деген ойдо жаткан кишинин абалы билинбей андан ары начарлай берет
Алдын алуунун жолдору
Кубаныч Алимов: Кайгылуу окуялардын алдын алуу үчүн бир топ жагдайды эске алышса дейм. Жер тамда жашагандар мешинин кернейин кеминде 7 метр, колдон келсе 9 метр кылып туура орнотушу керек. Мынча узундун эмне кереги бар дешет. Дал ошол узун, туура орнотулган керней зыяндуу газ, түтүндү тартып кеткидей болушу керек. Күн сууктап келе жатканда эле мештин морун, чыканагынан бери эринбей тазалап, көөлөп түтүн тоскоолдуксуз чыгып кеткидей кылуу зарыл
Азды үнөмдөйм деп көптөн куру калбаңыз...
Кубаныч Алимов: Биз кардарлардын шартын, базарды ар дайым байкоого алып турабыз. Атайын заводдо, цехтерде жасалган сапатуу, жакшы меш менен колдо жасалган мештин баасында анчалык деле чоң айырма болбойт. Болор-болбос айырмасына карап арзан деп сатып алгандар биринчи айдан баштап эле чыгым тартып жатканына далай күбө болдук. Алардын көбү түшүнүп, мешти сапатуусуна алмаштырайын десе кайра канча чыгым, убара. Чыгымына келсек 3-4 бөлмөлүү үйү бар киши сапатуу меш менен айына бир тонна көмүр жагышу мүмкүн. Дал эле ошол киши колдо жасалган мешти ошол үйүнө койсо анда эки тоннага чейин көмүр коротушу толук ыктымал. Себеби, көмүрү толук кандуу күйбөйт, толук табын дагы бербейт. Быкшып, ар бир эки саат сайын убара кылганын айтпай эле койдум. Түн ичинде туруп алып от жаккан кимге жагат? Ошентип олтуруп бир кышта эки тонна көмүрдүн акчасын ашыкча сарптап олтурса үнөмдөгөн акчасын бир кышта эле коротуп алат, кооптуу меш колдонот. Ал колдо жасалгандыктан көп өтпөй иштен дагы чыгат. Экологияга келтирген зыяны айтпасак дагы түшүнүктүү. Сапатуу меш колдонгондордун көбү суткасына бир же эки жолу эле от жагат.
Сүрөттүн булагы, kazeco
Сапаттуу мештер көмүрдү толук күйгүзүп, экологияга зыяны бир аз болсо дагы азыраак
Сапатуу мештен дагы жакшы ыкма бар
Кубаныч Алимов: Мен жогоруда газдын же жашыл технологиянын жогунан айла жок от жагып жылыта турган ыкманы талдап бердим. Сапатуу меш жакшы тандоо. Бирок, андан дагы жакшысы үй куруп жактанда эле технологияларды сактап, үйдү туура курса дейм. Андай үйгө суук кирбейт, ным тартпайт, үйдөгү жылуулук сыртка чыкпайт. Куруп жатканда кымбат сезилгени менен жашай келгенде ал алда канча арзан, ынгайлуу. Кенедей эле от же жашыл технологиянын жардамы менен жылытып аласыз. Мен ушуга үндөйм. Ашыкча чыгымдан кутуласыз, экология дагы таза бойдон калат.