Инфлюенсер болуунун жүгү жана сыйлыгы

Кэтрин Кайт, бизнес кабарчы

Мишел Фан азыр косметика компаниясын да иштетет

Сүрөттүн булагы, JOY WONG

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Мишел Фан азыр өзүнүн косметика компаниясын да иштетет

Мишел Фан YouTube каналында макияж жана сулуулук багытындагы видеолорду чыгарбай калганын айтат. Себеби, аны жүргүзүү үчүн алы калбай калган.

“Бактылуу көрүнүү мага барган сайын оор боло баштады. Анан досторум жана башкалар менен мамилем да сууп калды. Өзүмдүн чегимден ашып кеттим”, - дейт ал.

34 жаштагы Мишел Фан 2017-2019-жылдары үйрөтүүчү видеолорду чыгарбай калган убактарга көз чаптырды.

Социалдык желедеги инфлюенсер же блогер катары ал көбүрөөк контент жаратуу басымынан арылып, адамдардын көбүрөөк көрүүсүнө жана сүймөнчүгүнө ээ болуш үчүн алардын артынан куубай эс алгысы келгенин айтат.

Бүгүн анын окшош аталыштагы YouTube каналына дүйнө жүзү боюнча 8,84 млн киши катталган. Лос Анжелесте жашап иштеген Мишел видео жасап чыгарган адамдарга кеп-кеңешин айтып колдоп келет.

Анын айтымында, көпчүлүк адамдар идеясы түгөнүп калгандыктан стресске батат жана бир күндө бир нече жаңы контент даярдоого аргасыз.

Сүрөттүн булагы, MICHELLE PHAN

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Мишел Фандын видеолорун миллиондоп көрүшөт

Бирок социалдык желедеги инфлюенсер деген өзү ким?

Калыптанып калган жана ыкчам аныктамасы жок, бирок түпкүлүгүндө бул социалдык желеде, мисалы, YouTube, Instagram же TikTok сыяктуу платформаларда жетиштүү катталуучусу бар адам жана ал жакта акча табат.

Киреше негизинен эки булактан келет. Бири, жарнамалоодон. Экинчиси, брендин адамдарга жеткиргиси келген компаниялар менен келишим түзүүдөн.

Биринчи булакты алып көрсөк, YouTube платформасында видеолоруңа жарнамалар тиркелет. Андан түшкөн пайданын бир бөлүгү сага берилет. Адатта, каналыңа 1000ден ашуун киши катталган болушу керек жана видеолоруң 4000 сааттай көрүлгөн болушу зарыл.

YouTube канча акча табарыңыз жөнүндө ооз ачкан эмес, бирок бир баяндамага ылайык, видеоңузду 1000 жолу көргөн болсо, ага $3-$5 айланасында төлөнөт.

Ал эми бренддер менен түзүлгөн келишимдерге токтоло турган болсок, бул сизге канча адам катталганынан көз каранды. Instagram барагыңызда бир миллиондон ашуун катталуучуңуз бар болсо, анда бир баяндамага ылайык, эгерде компания бир нерсени жарнамалоо үчүн сизге кайрыла турган болсо, анда сиз бир эле пост үчүн $10 000 ашуун акча таба аласыз.

Биз Мишел Фан жана башка төрт инфлюенсер менен алардын окуялары жөнүндө сүйлөштүк.

Көп акча табууга чоң мүмкүнчүлүктөрдү белгилөө менен бирге эле Мишел контент жаратуучулар ар дайым эле пост чыгара бербей “өзүнө чек койгонду жана өзүнө кам көрүүнү билиши зарыл” экенин айтат.

“Минтел” изилдөө компаниясынын медиа аналитиги Ребекка МакГрет дагы ушундай эле пикирде. Анын айтымында, айрым инфлюенсерлер кирешенин артынан катуу түшүп алгандыктан “айта турган же жарата турган жаңы эч нерсеси жок болсо да” пост чыгара беришет.

Ошондой эле, Мишел видеолорго өтө жаман нерселерди жазган интернеттеги троллдор менен да күрөшө билишиң керек экенин эскертет. “Жек көргөн ой-пикирлерге да төшүңдү тосушуң керек болот. Менин оюмча, адамдар андай нерселерге даяр эмес болушат”.

Ушул эле маселени британиялык социалдык медиа инфлюенсери Эм Шелдон дагы июль айында эл өкүлдөрүнүн алдында сүйлөп жатып көтөргөн. Депутаттардын комитети учурда инфлюенсер маданиятынын өнүгүшүн иликтөөнү улантып жаткан кези.

TikTok ири социалдык медиа сайттарынын арасында белгилүү болгон соңку жаңылыктардын бири. Ал Кытайдын сыртында 2018-жылдан кийин жеткиликтүү боло баштаган. Азыркы күндө TikTok платформасын дүйнө жүзү боюнча бир миллиарддан ашуун киши колдонот жана адамдар YouTube сайтына караганда TokTok сайтында көбүрөөк убакыт өткөрүп жатышат.

Бир туугандар Колин жан Дилан МакФарланд менен атасы Дэн комедиялуу видеолор менен бийлерди TikTok колдонмосуна 2019-жылдан бери чыгарып келишет.

Сүрөттүн булагы, THE MCFARLANDS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Бир туугандар Колин (солдо) менен Дилан белгилүү бренддер менен кызматташат

The McFarlands деген ысым менен белгилүү болгон үчилтик Кентаки штатынын Луисвилл жергесинен болушат жана азыркы күндө алардын TikTok платформасына 2,6 миллиондой киши катталган.

“Инфлюенсерлер силер интернетте ишеним көрсөтө алган адамдардын жаңы агымы. Эгерде бир продукцияны сатып, же кеңеш берип жатсаңар, адамдар телефондорунда күн сайын көргөн адамдарга ишенет”, - дейт 27 жаштагы Колин.

“Биздин тамашаларыбыз Colgate жана Gillette сыяктуу бренддерди биз менен кызматташууга түрттү. Себеби, биз үй-бүлөбүздө кандай болсок, ошондой аткарабыз”, - деп кошумчалады 25 жаштагы Дилан.

Соңку эки жылда алардын кирешеси бир туугандарды күндүзү жасаган жумушун таштоого, үй сатып алууга, ал тургай башка мүлктөргө инвестиция салууга шарт түзгөн.

“Баары муну жасай аларына чын дилимден ишенем”, - дейт iPhone аркылуу видео монтаждай баштаган Колин. “Өзүңдүн нишаңды таап, ошону менен кетишиң керек”.

Торонтодо жашап иштеген видео жаратуучу Кевин Пэрри YouTube каналындагы 936 миң катталуучуга кыймылды токтоткон анимациялык видеолорду тартып чыгаруу менен акча табат.

2018-жылы, алгачкы чыга баштаган жылы, ал 100 миңден ашуун канада долларын ($79,000) тапканын айтат.

Сүрөттүн булагы, KEVIN PARRY

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Кевин Перри контент жаратуучуларга жеке жашоосу жөнүндө көп айта бербөө керек дейт

32 жаштагы Кевин Disney, Apple, Amazon жана Lego компаниялары менен иштешкен. Анын айтымында, кирешесинин 90% бренддер менен түзүлгөн келишимдерден алат. Калган 10% жарнама менен анын контентин уурдап алган же андан акча жасаган адамдардан пайдасын өндүрүп берген агенттиктерден түшөт.

Ал болочоктогу инфлюенсерлерге өзүнүн жашоосу тууралуу өтө эле ашыкча маалымат бербөөнү эскертет.

“Эгерде адамдар мен жасаган видеону жактырбаса, анда бул жөн гана чыгарма болуп кала берет. Мен ошол жөндөмүмдү өнүктүргөнгө аракет кылам. Ал эми мен жеке жашоомду бөлүшсөм, аны адамдар жактырбайт”, - дейт ал.

“Аны кантип оңдосо болот? Оңдой албайсың”.

Кевин контент жаратуучуларга күн сайын жашоосундагы болуп жаткан окуяларды эмес, белгилүү бир жөндөмдөрдү, мисалы видео тартуу же жыгач устачылыкты өнүктүрүп, ошого өтө берилгендиги жөнүндө айтып берүү керек деп кеңеш берет.

Сүрөттүн булагы, KEVIN PARRY

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Кевин Перринин бөтөнчө катталуучулары бар

Контент жаратуучу Шэн Будрам секс жана мамиле куруу боюнча өзүнүн Shan Boody аттуу YouTube каналында 2012-жылдан бери баяндап келатат. Анын каналына 664 миң адам катталган жана анын видеолорун 71 миллион жолу көрүшкөн.

Анын айтымында, жаңы контент жаратуучулар жаман абалда болуп-болбогонун билиши керек. Эгерде жаман абалда болсо, анда контент жаратпашы зарыл. Ал эми видео чыгаруу боюнча анын алтын эрежеси бар: “Видеоңорду эң акыркы болуп кимге көрсөтмөксүңөр? Ошол адам видеоңорду биринчи болуп көрүп жатканы жөнүндө ойлонуп көргүлө. Эгерде бул силерге ыңгайсыздык жаратпаса, анда чыгара бергиле”.

Сүрөттүн булагы, MAYA WASHINGTON

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Шэн Будрам контент жаратуучулар менталдык саламаттыгына көңүл бурушу керек дейт

Инфлюенсер болуунун терс жактарына (ар дайым көбүрөөк видео же пост чыгарып туруу керек жана интернетте зомбулукка туш болуу ыктымалдыгы) карабастан көпчүлүк инфлюенсер болгусу келет. Ал кызыктуу жана акча табуунун пайдалуу жолу болушу мүмкүн.

Бирок “Pearn Kandola” уюмунун психологу Стюарт Дафф аталган тармакта ийгиликке жетүү үчүн белгилүү бир сыпаттарга ээ болуу керек деп эскертет.

“Стили жана сыпаттары жактан ийгиликтүү инфлюенсерлердин көптөгөн түрлөрү бар экени анык. Бирок чындыгында ийгиликтүү болуш үчүн инфлюенсер катталуучуларына таасир берүүдө эбегейсиз психологияны колдонот”, - дейт ал.

“Алар өзүнө тартып, мыкты окуяларды айтып беришет, күчтүү жана бөтөнчө брендге ээ жана бир ойду жеткирүүгө басым жасайт. Алар эмне айткысы келген болсо ошого кызыгышып, ар дайым аудиториясынын эмне уккусу келгенин билиши мүмкүн”.

Мишел Фан YouTube каналына биринчи жолу 2007-жылы видео чыгара баштаган. Ийгилигинин аркасы менен ал өзүнүн мульти миллион долларлык “EM Cosmetics” аттуу компаниясына ээ болгон.

“Эгерде жакшы баяндоочу болсоң, анда аудиторияң болуп көрбөгөндөй өсүп, жашооңду өзгөртө аласың”, - дейт ал. (EA)