Текебаев: Элчи болуңуз дегендин “тамыры” кайда экенин ачык айтпай келдим эле...

Абдыбек Казиев, Би-Би-Си Бишкек

Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын Германиядагы элчиси
Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын Германиядагы элчиси

Германияда жумушка орношуу деген маселе коомдо кызуу талкууланып жаткан учур. Айлыгынан уламбы же Орусияда мигранттардын иш орду кыскарды деген маалыматтардан уламбы, Европаны көздөп турган кыргызстандыктар аз эмес. Май айында ишин баштаган Германиядагы элчи Өмүрбек Текебаев Кыргызстанга келди.

Би-Би-Си саясатчы менен элчи кызматындагы алгачкы кенен маегин уюштурду.  

Би-Би-Си: Жакында эле Германияда кымыз майрамы өттү. Элчи катары сиз да бардыңыз. Кандай өттү, даамы Ала-Тоонун кымызына окшошот бекен?

Ө.Текебаев: Жакшы өткөрүп алдык. Даамы окшоп кетет экен. Ал жакка Кыргызстандын дагы кымызын алып барышкан экен. Андан да ооз тийдик. Бул майрам эмне үчүн маанилүү? Кыргызстандан миңдеген чакырым алыс жерде, бөлөк эл, бөтөн жерде кыргыздын уул-кыздары жашап жүрөт. Алды 20-25 жылдан бери ошол жерде экен. Балдарын дагы кыргызды унутпасын деп тарбиялоого далалат кылат экен. Ал жерде кыргыздар жигердүү. Мен элчи катары өз диаспораларыбыз менен тыгыз иштөөгө аракет кылайын деп жатам. Бизге мамлекет койгон талаптар бар. Негизинен геосаясий, саясий жактан Кыргызстанга ыңгайлуу климатты түзүү, инвестиция тартып келүү. Үчүнчүсү, миграцияда жүргөн жарандарыбызга камкордук, укуктарын коргоо дегендей.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Учурунда саясатчы абактан ооруканага которулганда Би-Би-Си Ө. Текебаев менен кенен маек курган эле. Архив 2019-ж

Би-Би-Си: Ушул сыяктуу саамалык, иш-чараларда эл алдында элчи катары сүйлөп жатасыз. Элчи катары сүйлөөнүн машакаты бар бекен? Себеби сиз отуз жыл бою негизинен сын айтып келгенсиз да.

Ө.Текебаев: Албетте, кызматтык этика, кызматтын өзү сөзүң эле эмес, кийген кийимиңе чейин кандайдыр бир чектөөлөрдү коёт. Кыргызстандын ички саясаты эле эмес, тышкы саясат боюнча дагы оюңа келгенди эле балп эттирип салганга болбойт. Жөнөкөй жаран катары өз өлкөңдүн бийлигин эле эмес, кошуна өлкөнүн бийлигин кошо сынга алсаң болот. Ал эми мамлекеттин атынан сөз сүйлөп жаткан соң сөзсүз чектөөлөр болот. Анын баары мамлекеттин кызыкчылыгына төп келиши керек. Эң жөнөкөй салыштырганда медицинадагыдай да. Пайда келтире албасаң дагы, зыяныңды тийгизбе дегендей. 

Би-Би-Си: Отуз жыл бою калыптанып калган сын айтып жибермей, көз-карашты ачык билдирүү дегенди кантип токтотуп жатасыз?

Ө.Текебаев: Биринчиден, мен Кыргызстанда жашап, ички саясий жараяндарга аралашып, опур-топур болгон жокмун. Аны алыстан, үстүнөн карап турам. Ал адамга акылмандыкты, даанышмандыкты берет дегендей. Азыр кызыкканым эл аралык деңгээлдеги саясий жараяндар болуп калды. Ал деңгээлге көтөрүлгөндө ички маселелер жанагы эле тууган-уруктун ортосундагы алыш-бериш же кер-мур мамилесиндей эле көрүнүп калат. Ичинен караганда маанилүү көрүнгөнү менен коңшулар үчүн ал тууган-уруктун эле маселесиндей. Ошондуктан менде ыңгайсыздык жок. Албетте, кээде парламентти көрөм. Ай, атаңдын көрү, мындай айтыш керек эле, мындай жасаш керек эле дейсиң. Айтайын дейсиң, жаңы партия, жаңы саясатчылар келди. Алар да өз алдынча тажрыйба топтосун дейсиң. Бул жакка келгенден бери фракция лидерлери, депутаттар менен жолугуп, Кыргызстанда болгон окуялар жөнүндө консультациялар болуп жатат. Сунуштарымды берип жатам.

Би-Би-Си: Консультация деп калдыңыз, мамлекеттик саясат жөнүндөбү же саясий жүрүштөр жөнүндөбү дегенди тактап алалычы.

Ө.Текебаев: Жалпы эле процесстер жөнүндө.

Би-Би-Си: Германияда 50 миң кыргызстандык ишке орношсо болот деген тема кызуу талкуланып жатат. Буга бир аздан соң кенен токтололу. Ага чейин ушунча жыл кыргыз саясатынын чордонунда жүргөн, негизги делген маселелерде экинин бири болуп турган саясатчыны элчилик кызматка ким көндүрдү деген суроого жооп издегендер көп. Чындап эле сизди ким көндүрдү?

Ө.Текебаев: Билбейм... Ушуну азыр айтсам туура болобу, туура болбойбу? Эми мен айтпашым керек эле. Бирок сен айткандай менин мүнөзүм кээде үстөмдүк кылып кетет. Эмне болсо ошол болсун деп тарс этип айтып жибересиң. Мүмкүн айтпашым керек эле.

Би-Би-Си: Ким көндүрдү?

Ө.Текебаев: 2019-жылы мен түрмөдөн чыкканда эле... эми мени аты аталгандар кечирип койсун...

Би-Би-Си Өмүрбек Текебаевди кепке тартып, элчилик кызматка кимдер көндүргөнүн, 50 миң кыргызстандык Германияда кантип ишке орношсо болорун, Германиянын саясатчылары менен кыргыз саясатчыларынын айырмачылыгы, демократия, Эдил Байсалов менен мамилеси, соңку парламенттик шайлоо алдындагы кийинки президенттик шайлоого катышуу жөнүндөгү убадасы, элчилердин көп тилдүүлүгү жана башка темаларда кенен маек курду.

Маектин видеосун толугу менен көрүү үчүн бул шилтемени басыңыз:

Өмүрбек Текебаев абакта жаткан учурда кенен маек курган эле. Аны бул шилтеме аркылуу көрсөңүз болот: