Памир - геосаясий түйүн, Тоолуу Бадахшан – талаш очогу

Ак-Байтал ашуусу, Ош-Хорог жолундагы автомобиль ашкан эң бийик бел.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Ак-Байтал ашуусу, Ош-Хорог жолундагы автомобиль ашкан эң бийик бел.

Алмаз Кулматов, тарыхчы

Тажикстанда абал тынч эмес. Тоолуу Бадахшан автоном облусунда кайрадан жаңжал чыкты.

Автономиялык статуска ээ бул аймак дайыма эле Тажикстандын курамында болгон эмес. Советтер союзу түзүлгөндөн тартып Тажикстандын курамында. Автоном макамына ээ аймактык-административдик бирдик (Вилояти Мухтори Кӯҳистони Бадахшон деп аталат расмий конституциясында).

Аймактын борбору Хорог шаарында 16-майдагы нааразылык акциясы кармаш менен коштолуп, киши өмүрү кыйылды. Хорогдун тургундары облустун жана шаардын жетекчилигин кызматтан кетирүү талабы менен митинге чыккан. Бийлик күч колдонду. Ок атылды. Соңку маалыматтарга карасак, он чакты киши мерт болду, дагы да нечендеген адам жарадар болду. Эки тараптан тең адам набыт болду. Нааразычылыкка чыккандар менен милициянын кагылышына алып келген мыйзамсыз митинг уюштурду деп аймакта таасири бар инсандарды айыптады.

Бадахшандын бейформал лидерлери деп атайт бул инсандарды бир даары. Дүйшөмбүдөн көз каранды эмес медиа коомчулук аларды жарандык активисттер, ал эми тажик расмий бийлиги криминалдык топтор дейт. Алардын улуу мууну 90-жылдардагы жарандык согушта талаа командирлери деген наамга ээ эле. Экстремисттик күчтөр дейт кай бир эксперттер. Протесттик күчтөрдүн статусу ар кандай белгиленип, түрдүү аталса да баары ошол топтордун Бадахшандагы кырдаалга таасирин моюнга алышат.

Кырдаал жөнгө салына элек. Тажик бийлиги контртеррористтик операция баштаганын жарыялады. Канга забын, жанга зыян, аймакка жана өлкөгө түйшүк, региондогу коопсуздукка залакасы тие турган көрүнүш. Мындай окуя биринчи жолу болуп отурганы жок.

Ар бир окуянын түпкү себептери жана өбөлгөлөрү болот. Окуянын башталышына шылтоо керек, агер шылтоо жарашса, анын жүрүшүнө, процесстин динамикасына таасир этет. Шылтоо нагыз себеп катары кабылдана баштайт. Демек, Тоолу Бадахшандагы соңку окуялар соңу эмес, уланган иш. Күч ала баштаган процесс. Татаал процесс. Чиелүү тагдыр. Буга чейинки себептердин аягына чыга элек натыйжасы.

Тоолуу Бадахшан аймагынын тарыхы кызык

Ушул жерди жердеген элдин тагдыры кызык. Байыркы элдер жашайт, байыркы тарыхы бар. Эски перс тилинде «patiōxšana» — « Вахштын башы» деп аталат. А Вахш эмки Амударья. Да бир аты «Oxos», грек тилинде ошол эле Вахштын аталышы. Заратустра китептеринде (Авеста), эзелки санкскрит тексттеринде ысымы кездешкен жер. Ушул жердин калкы негизинен Чыгыш иран тектүү калк. Этникалык иденттүүлүгү башка. Өзүн тажик атабайт, Памир эли  деп атайт ичте-тышта.

Рушан, Ишкашим. Шугнан, Вахан, Язгулем сыяктуу райондорундагы эл өзүн тээ Искендер Зулкарнайндын (Македонский) тукумдары эсептейт. Санжырасы ошондой. 14 атадан ашпаса да ага чейинкисин так айтышат. Тили да түрдүү. Башаты перс болсо да, түркүн диалектиде сүйлөйт. Мен 90-жылдары Тажикстанда иш сапары менен жүргөнүмдө Бадахшандагы калктын ар түрдүү тилде сүйлөп, тоналдуулугунан гана кептин маанисин боолголоп, бирин бири араң түшүнгөнүнө күбө болгонум бар.

Дини да айырмалуу. Бадахшандагы калк негизинен исмаилиттер (шииттер аларды сектанттар атайт, сүнниттер кайрыдиндер дейт). Ага-хан ханзадаасына баш иейт. Пир тутат. Исмаилиттердин ханзадасы да Бадахшага колунан келген жардамын берип келет. Айрыкча билим берүү тармагында ири долбоорлору ишке ашып келет. Маселен Тоолуу Бадахшан университети жана мектептердин тармагы учурда иштеп турат. Элдин айрым бөлүгүң  багып жатат, идеологиясын аныктап, келечекке пайдубалын түптөп келет.  

Изилдөөчүлөр Тоолу Бадахшандын исмаилиттери бирдиктүү, ширелишкен, иденттүүлүгү анык этнодиний жамаат экенин белгилешет. Бадахшан 1809 –жылы Россия менен Англиянын ортосундагы келишимге ылайык Россиянын карамагында калган. Англия Ооганстанды алганын ыраазы болуп, Индияга ушул жактан, Россия Орто Азияга бийиктен көз салам максатында ич ара бөлүп алган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Мургаб өрөөнү

Мургаб району

Тоолуу-Бадахшандын облусунун курамына Мургаб району кирет. Мургаб эзелтеден бери кыргыздардын жери. Бул тууралуу биз тарыхый фактыларга таянып, далилдерди убагында коомчулукка жарыялаганбыз. Тажикстандын тарыхчылары да моюнга алган кашкайган факт.

Мисалы, тажик тарыхчысы О.Б. Бокиев “Завоевание и присоединение Северного Таджикстана, Памира и Горного Бадахшана к России” (Душанбе. “Ирфон”, 1994) деген эмгегинде, орус падышачылыгы уюштурган “Алай экспедициясынын” максатын баяндап келип минтип жазат: “Однако следует подчеркнуть, что на первом плане у нее (экспедиции – А.К.) стояла не научная, а военная цель – завоевание Памира и покорение его основных жителей – кара-киргизов. Об этом свидетельствует приказ командующего войсками Туркестанского военного округа К.П. Кауфмана от 26 июля 1876.” (174-бет).

Араб географтары Памир дегенде “Памирдин Чыгышын же кара-кыргыздар жашаган аймагын гана түшүнүшкөн. Караӊыз: Снесарев А. Северо-Индийский театр (военно-географическое описание), -Ташкент, 1903-ж. 2-б.

19-кылымдын башында Памирди түрө кыдырган орус саякатчылары да, изилдеген англис саякатчылары да Памирди негизинен кыргыздар жердегенин жазышат. Англис илимпозу Лорд Дунмор “Памирде кыргыздардын найман, тейит, кесек, кыпчак уруулары жашайт, алар ич ара майда уруктарга бөлүнөт” деп так маалымдаган.

Экономикасы

Тоолуу Бадахшан кен байлыктарга ээ, бирок жакыр аймак. Бул жерде кымбат баалуу, асыл таштар абдан көп. Лоли Бадахшан дегендин өзү жакут, көөхар таш дегенди билдирет. Учурда бул кен байлыктарга көз арткандар ортосунда талаш жүрүп, саясий жана социалдык-экономикалык кырдаалды аныктоочу күчкө ээ. Ошол эле учурда, Бадахшан облусу Тажикстандын аймагынын 45 пайызын ээлейт, калкынын 3% (250 миң киши)  түзөт. Кактын теңинен көбү (75-85%) жумушсуз, жакыр. Ар бир онунчу бадахшандык таалай издеп тышта мандикер. Инфраструктура дээрлик өнүккөн эмес.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Хорог базары

Таасир этүүчү, тышкы факторлор жана кызыкчылыктар

Борбордук бийлик абалды жөнгө сала албай, толук көзөмөл орното албай келет. Негизинен нааразылыктарды жана проблемаларды күч менен чечүүгө ыктап алган сыяктуу. 2008-ж, 2012-жылдан берки нааразычылык акцияларына каршы күч колдонуп, тосмолорду тосуп, жолду бууп, оппозицияга бөгөт коюп, камап, атып, куугунтуктап келет. Маселени тамырынан чечкенге интеллектуалдык, идеологиялык, саясий жана экономикалык чамасы жетишсиз. Эми да күч менен басам деп турат.

2019-ж. Washington Post кезити кытай-тажик-афган чек арасына жана Вакхан коридоруна жакын жерде Кытайдын жашыруун аскер базасы бар экенин жазып чыккан. ОДКБнын аскерин киргизүү маселеси да кеп боло баштады. Ушуну менен бүтпөсүнө негедир Дүйшөмбүнүн көзү жетпеди.

Аймак Ооганстан, Кытай, Кыргызстан, Өзбекстан менен чектешет. Кытай, Россия, Ооганстан - булар традициялуу факторлор. Эзелки жана жаңы оюнчулар оюнан кайта элек. Ал ортодо жаңы кызыкчылыктар жаралды, эски кусаматчылыктар ишке аша баштады. Аларды ишке ашыруу жолдору да өзгөрүүдө. Кытай Тажикстандагы, анын ичинде Бадахшандагы кен байлыктарга ээлик кылуу аракетин күчөтүүдө. Россия аскерий жана саясий таасирин арттырууда. Ооганстанда убактылуу чегинген, Борбор Азиядагы таасиринен ажырай түшкөн АКШ жана Батыш Европа эми орус-украин жаңжалы апогейине жеткенде кайрадан регионго кайткысы келет.

Тажикстан Кыргызстан менен чек арасын чечүгө ашыкканы жок, тескерисинче, тажик расмий бийлигинин стратегиялык, чечүүчү мааниге ээ коңшусуна карата саясатында күч колдонуу, провокацияга алдыруу мүнөздүү.

Пянж дарыясы Тажикстан менен Ооганстандын табигый чеги болуп эсептелет. Каршысында дагы Бадахшан провинциясы бар. Ал жактагы дари тектүү калк менен Бадахшан автоном облусунун калкынын мамилеси абдан тыгыз. Наркотрафик ушул аймактагы кырдаалга таасир этүүчү эң чоң факторлордун бири. Калктын жакырчылыгы, этникалык жана жана диний иденттүүлүгү элди ар кандай күчтөрдүн кучагына түртүп, алардын таасирин арттырды.

2008,  2012-жылы да, былтыр да митингге чыккандар үчүн жергиликтүү таасирдүү аламдардын өлүмү шылтоо болгон. 2 мертебе тең ок жаңылган инсандардын сөөгү борбор аянтка чыгарылган. Дүйшөмбү криминал атагандарды жергиликтүү эл туу катары тутат. Улам кайра облустун жетекчилигин кызматтан кетирүү, сот адилеттүүлүгүн орнотуу, социалдык-экономикалык маселелерди чечүү талабы коюлат. Тажик бийлиги маселени чечпей, жаңжалды курал менен тынчытуу ыкмасын колдонуп келет.

Элитасына келсек, жогоруда ар кандай аталган топтордун таасири зор. Калк жакыр кезде, социалдык көйгөйлөр арбын, борбордук бийликке ишеним аз учурда ар кандай күчтөрдүн таасири артат окшобойбу. Ошентип диний, уруулук, криминалдык топтор региондогу кырдаалды аныктап келет.

Тээ 90-жылдардагы жарандык согуш да Дүйшөмбү менен Бадахшандын ортосундагы табыгый жана тарыхый ажырымды ого бетер тереңдетип салган. Ал кезде Бадахшан исламчыл оппозициянын таянычы болгон.

Тынчтык орногон соң президент Эмомали Рахмон Бадахшанга сыртын салып, жетиштүү көңүл бөлгөнү жок дейт памирликтер.Ошентип бадахшандыктардын ич күптүсү күчөй берген, Куляб, Гиссар, Ленинабад аймактарына таарынычы арта берген.

Дал ушул кырдаалда ички жана тышкы күчтөр ого бетер активдешүүдө. Баары эле тынчтыкты каалап ийген жери жок. Исламчыл атанган экстремисттик түркүн күчтөр, наркотрафик менен шугулданган кылмыштуу топтор үчүн ар кандай жаңжал майдай жагат.

Соңку мезгилде эле Ооганстандын Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан менен чек арасында ок атышуулар болду. Региондогу коопсуздукка шек келүүдө. Ар кимиси өз мүдөөсүнө жараша аракетин арбытат. Демек ушул шартта Кыргызстан кырдаалдын келечегин болжоп, абалдын табиятын жана мүнөзүн так түшүнүуп, керектүү саясий-дипломатиялык кадамдарды жасаганы оң. Карап тургандан майнап чыкпай, көз жумгандан пайда жок.

Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.