Иран: өзөктүк келишим сүйлөшүүлөрү ийгиликсиз. Бул Жакынкы Чыгышта согуш коркунучун жаратат

Сүрөттүн булагы, ANADOLU AGENCY
29-ноябрда Венада Батыш менен Тегерандын ортосундагы Ирандын өзөктүк келишимин калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөрдүн жетинчи айлампасы башталды.
Ирандын өзөктүк келишими боюнча Тегеран менен сүйлөшүүлөргө катышып жаткан батыш өлкөлөрү Иран келишимге жолду бууй турчу шарттарды койгонун айтып, Венадагы жолугушуу убакытты текке кетирүү болгонун билдиришти.
Австриянын баш калаасында бир тараптан АКШ, Британия, Франция жана Германиянын, экинчи тараптан Ирандын катышуусунда «4+1» форматындагы сүйлөшүүлөрдүн жетинчи баскычы өтүүдө.
Айрым маалыматтарга караганда, бул жолку жолугушууда Иран мурунку алты кезигишүүдө жетишилген бардык компромисстерден баш тартты.
Экономикалык санкцияларды алып салганы үчүн Иранды иш жүзүндө өзөктүк программасын өнүктүрүүдөн баш тарттырган өзөктүк келишим, 2015-жылы Обаманын администрациясы учурунда Вашингтон менен Тегеран ортосунда түзүлгөн. Ак үйдүн кийинки башчысы Дональд Трамп АКШны бул келишимден чыгарып салган, жаңы президент Жо Байден кайра сүйлөшүүлөргө кайтуу демилгесин көтөргөн.
Бирок азыр Венада жүргөн британ, француз жана германиялык делегациялар келишимди жаңыртуу эми кеч деп эсептешет. Анын жаңы шарттарын талкуулоодон тышкары, келишим тоңдурулуп турганда Иран өзөктүк программасын өнүктүрүүдө секирик жасаганын эске алып, эски шарттарын кайра карап чыгуу зарыл жана бул башка форматты талап кылат.
Тегерандын өкүлдөрү өз кезегинде батыш өнөктөштөрү Иранды айыптап сүйлөп, конструктивдүү эмес мамиле жасап жатканын айтышууда.
Иран делегациясынын башчысы Али Багери Кани Твиттердеги баракчасына "Кээ бир катышуучулар чыныгы дипломатия менен алектенгендин ордуна, бизди колу менен көрсөткөн адатын эч качан таштабайт",- деп жазды.
Ал Тегеран Батышка өз шарттарын эчак эле койгонун жана пикир келишпестиктерди жоюу үчүн колдон келгендин баарын жасап жатканын белгиледи.
"Дипломатия – бул эки тараптуу көчө. Эгер кандайдыр бир катачылыктарды оңдоого чындап умтулуу болсо, анда жакшы келишимге жол бат эле табылат", - деди Кани.
Иран менен АКШнын кыйыр сүйлөшүүлөрү ушул жылдын апрель айында башталган, бирок жайдын аягында Ибрагим Раиси Ирандын президенти болуп шайлангандан кийин алар жылдырылган.
Раиси Батышка карата катаал позициясы менен белгилүү жана Батыштын Иранга каршы экономикалык санкцияларын өз өлкөсүнүн экономикасын модернизациялоо жана өнүктүрүү мүмкүнчүлүгү деп эсептейт.
Сүрөттүн булагы, AFP
Дээрлик жарым жылга созулган тыныгуудан кийин ирандык делегация сүйлөшүүлөргө кайтып келди. Делегациянын башчысы Али Багери Кани өзүн ишенимдүү сезет
2021-жылдын аягында гана Иран кайра сүйлөшүүгө макул болду, бирок Венага катаал шарттардын тизмеси жана көптөгөн маселелер боюнча келишпес позиция менен келди.
Тактап айтканда, Тегеран жаңы келишимдин шарттарын (эгер ал жетишилсе) Ак үйдүн кийинки бардык администрациялары тарабынан аткарылышын талап кылууда. Американын саясий системасынын өзгөчөлүгүн эске алганда, бул шартты аткаруу таптакыр мүмкүн эмес.
Венадагы сүйлөшүүлөрдүн баасы бийик, бирок алар ийгиликсиз аяктаса, Жакынкы Чыгыштагы чыр-чатактын жаңы айлампасына айланып кетиши мүмкүн.
Иранга байланыштуу маселелерде дипломатиялык жөнгө салууга эч качан ишенбеген Израил карап отурбайт.
Израил Ирандын өзөктүк программасын өзүнүн коопсуздугуна түздөн-түз коркунуч катары көрүп, Бириккен Араб Эмираттары менен Сауд Аравиянын колдоосуна ээ болууга аракет кылат. Бул эки өлкө тең Иран менен душмандык абалда, ал эми Израил менен тескерисинче жакындашышкан.
2020-жылдын сентябрь айында Дональд Трамптын ортомчулугу менен БАЭ менен Израил тынчтык келишимине кол коюшкан, быйыл күзүндө саудиялыктар менен израилдиктер бири-бирине аба мейкиндигин ачышкан.
Жакында эле Израилдин премьер-министри Нафтали Бенет менен Бириккен Араб Эмираттарынын мураскор ханзаадасы Мохаммад бин Заид бин Султан Аль Нахайяндын биринчи тарыхый жолугушуусу Абу-Дабиде өттү.
Талдоочулардын баамында, эки лидердин жолугушуусунун расмий протоколунда Иран темасы жок болсо да, алар бул маселени сөзсүз талкуулашты.
Акыркы эскертүүбү?
Сүрөттүн булагы, ANADOLU AGENCY
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Индонезияга иш сапары менен барган Венадагы сүйлөшүүлөргө кылдат көз салууда.
Индонезияда иш сапары менен жүргөн АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Венада ийгилик болбосо, Вашингтондун бир нече альтернативасы бар экенин айтты.
«Ушул убакка чейин биз дипломатиялык жолду кармандык, анткени бул эң жакшы вариант, бирок альтернативаларды иштеп чыгууда өнөктөштөрүбүз менен активдүү кызматташып жатабыз», - деди ал.
Блинкендин айтымында, Иран сүйлөшүүгө келип жатат, бирок чындап катышпайт, ал эми келишимди жандандыруу үчүн убакыт бат эле бүтүп баратат.
"Эгер жакынкы аралыкта олуттуу бурулуш болбосо, Иран боюнча келишимди болбогон иш деп кароого болот", - деди мамлекеттик катчы.
Буга чейин АКШнын президенти Жо Байден да Иранга каршы мүмкүн болуучу кошумча чараларды айтып, бирок алардын маңызы эмнеде экенин түшүндүргөн эмес.
Британиянын тышкы иштер министри Элизабет Трасс ирандык делегацияга конструктивдүү жана реалдуу сунуштар менен сүйлөшүү үчүн акыркы мүмкүнчүлүк бар экенин эскертти. (MD)