Карантин узартылууда, эл эмне дейт?

Өзгөчө абал режими 10-майга чейин узартылып жатат

Сүрөттүн булагы, Official

Өзгөчө абал Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Ат-Башы районунда 10-майга чейин узартылып жатат, 30-апрелде парламент акыркы чечимди билдирет. Мындай абал кирген башка райондор менен Нарын шаарында 30-апрелде токтойт.

Өзгөчө абал узартылган жерлерде коменданттык саат калат. Өлкө боюнча өзгөчө кырдаал режими кала берет.

1-майдан тарта биринчи баскычтагы ишканалар, 11-майдан экинчи баскычтагылар, 21-майдан базарлар, соода борборлору кошулуп, дээрлик бардык тармак иштей баштайт.

Вице-премьер министр Эркин Асрандиев 1-майга чейин ачылып жаткан ишканаларга уруксат кагазын даярдап жетишүү милдети турганын белгиледи.

“Уруксат кагазын алуу үчүн сиздердин кайрылууңуздар тез арада каралбай, убакыт өтүп кетсе, муну түшүнүү менен кабыл алыш керек. Аларды электрондук система менен тапшырасыздар”, - деген Асрандиев 1-майга чейин иштөөгө уруксат берилип жаткан тармак өкүлдөрүн гана кайрылууга үндөдү.

Сүрөттүн булагы, Official

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын башчысы Бакыт Сейитов иштегендер менен аларга барчу жарандардын шаарларда жүрүү тартибин түшүндүрдү:

“1-майдан тарта шаардагы бардык блокпосттор алынат. Мекемелерге бараткан кардарлардын жанында өздүгүн тактаган документтери, маршруттук кагазы болуш керек. Маршруту 1,5 чакырымдын тегерегинде гана болууга тийиш. Ал эми иштегендер жумуштан берилген маалымкаты менен жүрүш керек”.

Коомдук унаа, тагыраагы автобустар менен троллейбустар 11-майдан ишке кирет.

Ачылбаган билим берүү мекемелери гана калууда. Өкмөт өкүлдөрү 21-майдан кийинки аракеттер эпидемиялык кырдаалга жараша болорун айтышты.

"Оңго барсаң өзүң, солго барсаң атың өлөт"

Ишкерлер союзунун аткаруучу директору Эрлан Ерешеев орто жана чакан бизнестин өкүлдөрү жумушсуздардын катарын толуктап калышы мүмкүн дейт. Ал ишканалар айлантып жаткан каражатынын баарын жеп түгөткөнүн, бизнести улантып кетүүгө акча калбаганын белгиледи.

“Бизнести сактап калууга аракет кылган чечимдерди биз байкаган жокпуз. Көрүлүп жаткан чараларга терс көз караштабыз. Бизнести кошо катуу изоляцияга алуу туура эмес болуп жатат. Алдыда жумушка кайтуу даталары өтө эле кеч, эбак эле уруксат бериш керек болчу”, - деди Ерешеев Би-Би-Сиге.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Соода борлору менен базарлар акырында ишке кирет

Аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий борборунун директору Калдарбек Абдраманов карантин чараларын алуу баскычтары туура деп эсептейт. Ал 20-майга чейин абал турукташып калат деген божомолун бөлүштү.

"Ооругандардын 30-40 пайызы билинбей өтөт экен. Ошондуктан дагы деле коркунуч бар. Илимпоздор деле экинчи толкун болуп кетиши мүмкүн деген кооптонууларын билдирип жатышат. Андыктан карантинди баскыч менен алуу, ошол эле учурда эл кыйналып кетпесин деп жеңилдиктерди берип жатканы туура эле болду деп ойлойм”, - деди Би-Би-Сиге Абдраманов.

Жашоочулардын реакциялары

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Аба каттамдары азырынча жанданбайт

Бишкек шаарынын тургундарынын да карантинди алуу чараларына ойлору ар башка: “Качанкыга чейин үйдө отура бериш керек? 21-майдан эмес, 11-майдан жумушка чыксак болмок. 11-майда коомдук унаалар иштей баштайт экен. Анда адамдар тыгын болот да. Ага караганда биздин контейнерлерге бирден эле киши кирет. Алар кеткенде жууп тазалап турабыз”, - деди “Дордой” базарында иштеген жаран. Алар 11-майдан жумушка чыгуу үчүн кол топтоо аракетин көрүшүүдө.

“Карантинден чыгуу баскычтары туура эле. Адегенде эң керектүүлөрдү ачып жатыптыр. Ал эми базарлар, соода түйүндөрү 21-майдан дегени туура, анткени адамдар эң көп ошол жерлерге чогулат”, - дейт ошондой эле базарда иштеген Бишкектин башка жашоочусу.

“Азыртан эле сыртта топтошкон кишилер көп жүрөт. 1-майдан элдин баары көчөгө чыгып алсачы? Кантип көзөмөлдөшөт экен? Анда 40 күн үйдө отурганыбыз бекер эле болобу?”, - деди үчүнчү шаар тургуну.

Биринчи вице-премьер министр Кубатбек Боронов Кыргызстанда 114 вирустун очогу аныкталып, ошол жерлерде текшерүү жүрүп жатканын айтты. Ал коронавирусту өтө тез жайылтпай кармап кала алдык, бирок эпидемиянын туу чокусунан өтө элекпиз деди:

“Дале болсо вирустун жайылып кетүү коркунучу бар. Азыр күнүнө 10-20 жаңы учур аныкталып жатат. Булар көбүнчө үй карантининдегилер же обсервацияда жаткандар. Бирок алардын ичинен 2-3 киши кайдан жугузганы белгисиз же билип туруп жашыргандар”.

Акыркы суткада Кыргызстанда коронавирусту жугузган 21 киши катталып, жалпы сан 729га жетти. Жаңы жугузгандардын ичинен алтоо медкызматкерлер. Бороновдун айтымында, апрелдин аягына чейин 790 киши аныкталат деп божомолдошкон.