"Бабушка Z": Кремль пропагандасынын иконасы

Советтик кызыл желекти желбиретип украин аскерлерин тосуп алган улгайган украин апанын видеосу Кремлдин пропагандасынын активдүү куралына айланды. Би-Би-Си “Z бабушканы” таап, анын окуясынын чындыгын билип келди. 

бабушка

“Мени даңазалаштын кереги жок. Мен жөнөкөй айылдык аялмын. Мен кантип атагым чыгып кетти, түшүнбөйм”. 

 

Би-Би-Си анын сүрөттөрүн көргөзүп, кантип дүңгүрөп атканын айтканда, "бабушка Z" таң калып калды. “Мен мунун бирин да көргөн эмесмин”,-деди ал.

Видеодо ал эки украин аскерин советтик кызыл желек менен тосуп алып жатканы көрүнөт.

Аскерлер ага жардам бергени келишкенин айтып, тамак салынган мүшөктү беришти. Анан желекти анын колунан алып, жерге ыргытып, тебелешти. Ошондо апанын ачуусу келип, алардын тамагын албай, артка кайтарды. “Менин ата-энем ушул желек үчүн Дүйнөлүк экинчи согушта курман болушкан”,-деди ал нааразы болуп.

Кремль үчүн бул табылгыс олжо болду. Россиянын пропагандасы согуш темасын көрсөткөңдө конкреттүү адамдардын таржымалына өзүнчө токтолгон учурлары аз. Ал эми бул аялдан Советтер союзунун кыйрашына капа болуп, орустарды куткаруучулар катары көргөн украин апанын мисалын таап көркөмдөп жиберишти.

Украиндер, анын ичинде региондордогу орус тилдүүлөр дагы Россиянын басып киргенин туура көрүшкөн жок, ошол себептүү советтик желекти желбиреткен апанын мисалы жергиликтүү элдин колдоосунун далили катары бардык жерден байма-бай көрсөтүлө баштады.

 

Кремлдин пропагандисттик машинасы бул образды көркүнө чыгарууга шымаланып киришти. Бир топ күндөн кийин  совет доорундагы башына жоолук салынган, бутуна чокой кийген, калың юбкачан, колуна советтик желекти кармаган айылдык апанын стереотиптүү образы бардык жерге жайнап чыга баштады, Москва менен Сибирден тартып Сахалин менен Ыраакы Чыгышка чейин жетти.

 

Эми анын образы фрескаларда, плакаттарда, открыткаларда, айкелдерден чагылып, бапмердеги наклейкаларга чейин түшүрүлдү. Россиянын расмий адамдары Украинанын ташы талкан болгон Мариуполь шаарында ага эстелик коюп жиберишти.

Чынында “Бабушка Z” ким экенин эч ким деле билген эмес, анын бар деп деле ойлошпосо керек.

А бул апа чынында бар. Анын аты Анна Ивановна. Биз аны  Харьковдон анча алыс эмес Великий Даниловка кыштагынан таптык. Бул жакта ал күйөөсү, ити, мышыгы жана коендору менен жашайт. 

69 жаштагы апа анын образы менен жасалган статуялардын сүрөтүн көргөзсөк, таң калбай койгон жок. “Мен чын эле ушунча картаңмынбы?”,-деп сурайт. “Мени бейтааныш бирөө карап тургандай”.

Бирок анын жашоосу, тагдыры Россиянын ЖМКлары тартып жаткан образдан кыйла башкача. Ал согушту колдобойт.

«Мен өзүмдүн элиме өлүм кааламак белем? Менин небере-чөбөрөлөрүм Польшага кетүүгө аргасыз болушту. Биз үрөйүбүз учуп коркунучта жашап жатабыз».

Анна аскерлерди эмнеге советтик желек менен тосуп алды? Ал өзүнүн аракетин туура эмес түшүнүп алышты дейт. Чынында ал ага тамак-аш сунуш кылган эки украин жоокерин орус аскерлери менен чаташтырып алыптыр.

“Мен орустар келет, биз менен эми согушпайт деп кубанып кеттим, биз кайрадан биригебиз деп ойлодум”.

Анна өзүнүн иш-аракетине эч кандай саясий маани кыстарган эмес. "Кызыл желек, - дейт ал, - Советтер союзунун желеги эмес, Россияныкы да эмес, “ар бир үй-бүлөдөгү, ар бир шаардагы, ар бир республикадагы  сүйүү менен бакыттын желеги. Кан төгүүнүн эмес. А ким башкача ойлосо жаңылышат”.

Анна айтып жаткан жакын жерде артиллериянын дүңгүрөгөн үнү угулуп турду. Ал бир да жолу селт эткен жок, көнүп калыптыр.

«Эгер менен Владимир Путин менен сүйлөшүп калсам, туура эмес кылып жатасыңар деп мен айтмакмын. Биздин, украин жумушчуларынын кайсы жазыгы үчүн ушуну башыбызга салдыңар? Баарынан биз көп азап тартып жатабыз».

Анна совет доорун көргөн, тарбия-таалимин алган, ошондуктан орус лидерин ачык сындагысы келбейт.

«Путин — президент. Падыша, король, император». (КС)