Түндүк Корея алыска учуучу жаңы канаттуу ракетасын сынады

Түндүк Кореянын канаттуу ракетасы

Сүрөттүн булагы, KCNA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Түндүк Кореянын мамлекеттик маалымат каражаттары жаңы канаттуу ракетанын сүрөтүн жарыялады

Түндүк Корея Жапониянын көп бөлүгүнө сокку урууга жөндөмдүү, алыска учуучу жаңы канаттуу ракетасын сынаганын дүйшөмбү күнү мамлекеттик маалымат каражаттары кабарлады.

Расмий KCNA маалымат агенттиги кабарлагандай, дем алыш күндөрү сыноолор учурунда ракеталар 1500 км чейин учкан.

Бул Түндүк Корея азык-түлүк тартыштыгына жана экономикалык кризиске карабай, дагы эле курал-жарактарды иштеп чыгууга жөндөмдүү экенин көрсөтүп турат.

Америкалык аскер ырасмийлери акыркы сыноолор эл аралык коомчулукка коркунуч туудурганын айтышты, ал эми коңшу Жапония "олуттуу тынчсыздануусун" билдирди.

Түндүк Кореянын Rodong Sinmun гезитиндеги сүрөт ракетанын ичинен тартылган, ал эми экинчисинде түз учуп баратканы тартылган.

Ракеталар "чоң мааниге ээ болгон стратегиялык курал", - деп билдирет KCNA маалымат агенттиги.

Ал кошумчалагандай, сыноолор ишемби жана жекшемби күндөрү жүргүзүлгөн, ракеталар көздөгөн максатына тийгенден кийин Түндүк Кореянын аймактык сууларына кулаган.

Түндүк Кореянын аналитиги Анкит Панда билдиргендей, бул өлкөдөгү өзөктүк дүрмөттү алып жүргөн биринчи канаттуу ракета.

БУУнун Коопсуздук кеңешинин санкциялары Түндүк Кореяга баллистикалык ракеталарды сыноого тыюу салат, бирок бул сыяктуу канаттуу ракеталарды эмес.

Кеңеш баллистикалык ракеталарды канаттуу ракеталарга караганда коркунучтуу деп эсептейт, анткени алар чоңураак, кубаттуу жүктү көтөрө алат жана узак аралыкка тез уча алат.

Баллистикалык ракетаны ракета кыймылдаткычы иштетет жана жаа сымал траектория боюнча учат. Ал эми канаттуу ракета реактивдүү кыймылдаткыч менен кыймылга келет жана төмөн учат.

Түндүк Кореянын курал жасоочулары ишин улантууда

Демек, бул чоң окуябы? Ооба десе да болот, жок десе да болот.

Айрымдардын бул ракета сыноосун четке кагышынын себеби, анын канаттуу ракета болгондугунда. Ракетанын бул түрү Түндүк Кореянын өзөктүк программасын чектөө үчүн БУУнун Коопсуздук кеңеши киргизген санкцияларына кирбейт.

Кээ бирөөлөр муну Пхеньяндын төмөнкү деңгээлдеги чагымы катары кабыл алышы мүмкүн - балким алар суу кандай реакция жаратарын билүү үчүн сууну сынап көрүшөт. Бул, албетте, Түштүк Кореяда башкы тема болгон жок жана Түндүк Кореянын мамлекеттик гезитинин башкы бетинен орун алган эмес.

Маселе, Түндүк Корея эл аралык катаал санкцияларга карабай жаңы жана коркунучтуу куралдарды иштеп чыгара аларын дагы бир жолу далилдеп жатканында.

Бул канаттуу ракеталар төмөн учат жана аларды табуу кыйын, 1500 км аралыкка чейин уча алганы Жапониянын көпчүлүк бөлүгүнө жетет дегенди түшүндүрөт.

Мамлекеттик маалымат каражаттары дагы бул ракеталарды "стратегиялык" деп мүнөздөшөт. Бул өз учурунда режимдин ал ракеталарга өзөктүк дүрмөттү орнотууга үмүттөнгөнүн билдирет.

Аналитиктер Түндүк Корея өзөктүк дүрмөттү кичирейтип, канаттуу ракетага ылайыкташтыра алабы же жокпу, азырынча так айта элек. Бирок, бул жабык мамлекеттин бул багыттагы буга чейинки жараткан ийгиликтерин эске алганда, эч ким аны кыла албайт деп айта албайт.

Пхеньян 2019-жылы Ханойдо АКШнын мурдагы президенти Доналд Трамп менен Ким Чен Ындын ортосундагы сүйлөшүүлөр болбой калгандан бери тынч жүргөн. Бирок бул көрүнүш алардын курал иштеп чыгуучулары бош отурбаганынан кабар берет.

Жапониянын министрлер кабинетинин башкы катчысы Кацунобу Като “олуттуу тынчыздануулар бар” экенин, кырдаалды көзөмөлдөө үчүн АКШ жана учурда Түштүк Корея менен иштешип жатканын айтты.

АКШнын аскерий расмийлери бул сыноо Түндүк Корея "аскердик программасын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп жатканынын” белгиси деп айтып, союздаштары болгон Түштүк Корея менен Жапонияны коргоо боюнча милдеттенмеси "бекем сакталарын" кошумчалады.

Үч өлкөнүн жогорку даражалуу өкүлдөрү Түндүк Кореяны өзөктүк куралдан арылтуу процессин талкуулоо үчүн ушул аптада жолугушмакчы.

Ренхап агенттигинин маалыматына ылайык, Түштүк Кореянын аскерлери АКШнын чалгындоо кызматтары менен биргелешип өтүп жаткан учурууларга терең анализ жүргүзүүдө.

АКШ Түндүк Кореяны өзөктүк куралдан баш тартууга чакырып жатат. Пхеньян менен Вашингтондун мамилеси азырынча чыңалган абалда.

Жапониянын Кореяны 35 жыл бою колониялаштыруусунан жана Түндүк Кореянын жапон жарандарын уурдоолорунан улам Жапония менен Түндүк Кореянын ортосунда чыңалган мамиле бар. Ал тамырлашып отуруп Пхеньяндын өзөктүк жана ракеталык программаларга умтулуусун шарттаган.

Акыркы сыноо Пхеньянда коммунисттик мамлекеттин негизделгенинин 73 жылдыгына карата чакан аскердик парад өткөндөн бир нече күндөн кийин болду. Анда баллистикалык ракеталар болгон эмес, бирок атайын коргоочу кийим кийген кишилер катышкан. Бул өлкөдө Covid-19дун жайылышын алдын алуу үчүн атайын күчтөрдүн түзүлгөндүгүнүн белгиси болушу мүмкүн.

Түндүк Корея бир жылдан ашык обочолонууда болду. Пандемия учурунда, ал өзүнүн эң жакын союздашы Кытай менен болгон соодасынын көбүн токтотту жана анын экономикасы оор абалда деп эсептелинет.

Март айында өлкө санкцияларды бузуп, баллистикалык ракеталарын сыноодон өткөргөнүн АКШ, Жапония жана Түштүк Корея катуу сынга алган.

Ал эми өткөн айда БУУнун атомдук кубат боюнча агенттиги “Түндүк Корея өзөктүк курал үчүн плутоний өндүрө турган реакторду кайра ишке киргизди окшойт”, - деп билдирген жана аны "абдан тынчсыздандырган иш" деп атаган.