101 жаштагы карыя 5 жылга кесилди. Ал мурда концлагерди кайтарган

Карыя эч нерсе эсимде жок деп кайталап жатты...

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Карыя эч нерсе эсимде жок деп кайталап жатты...

28-июнда нацисттик концлагердин 101 жаштагы мурдагы сакчысы Йозеф Шүц герман сотунун өкүмү менен беш жылга эркинен ажыратылды. Ал Холокост учурундагы согуш кылмыштарына катышкандыгы үчүн соттолгон эң улгайган адам.

Сот ал 1942-1945-жылдары Берлиндин түндүгүндө жайгашкан Ораниенбург шаарындагы Заксенхаузен лагеринде түрмө сакчысы болуп иштегенин жана адам өлтүрүүгө катышканын аныктады.

Ал эми соттолгон Бранденбургдун тургуну күнөөнү мойнуна албай, “такыр эч нерсе кылбаганын” жана лагерде жасалган үрөй учурган кылмыштар тууралуу "кабары жок болгонун" айтты. Дүйшөмбү күнү соттун жабылышында ал: “Мен бул жерде эмнеге отурганымды билбеймин”, - деди.

Бирок прокурорлор ал лагердеги 3518 туткундун өлтүрүлөрүн "түшүнүп туруп, өз ыктыяры менен" катышканын жүйө келтирип, аны беш жылга кесүүнү талап кылган.

Заксенхаузен лагеринде 1936-1945-жылдары 200 миңден ашуун киши кармалган - алардын ичинде  жөөттөр, цыгандар, советтик туткундар, режимдин каршылаштары жана гейлер.

Мемориал жана Заксенхаузендин музейинин маалыматы боюнча, лагерь советтик аскерлер тарабынан бошотулганга чейин он миңдеген туткун мажбурлап иштетүүдөн, киши өлтүрүүдөн, медициналык түрдүү эксперименттерден, ачкачылыктан же оорудан каза болушкан.

Атууга кол кабыш

Прокурорлордун билдирүүсүнө караганда, Шүц 1942-жылы советтик туткундарын өлүм жазасына тартууга жана камалуучуларды Циклон-Б уулуу газы менен өлтүрүүгө көмөктөшкөн. Анда ал 21 жашта болчу.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Заксенхаузен лагеринин кире беришинде "Эмгек бошотот" деп жазылган

Соттук териштирүүдө Шүц өзүнүн өмүр баяны тууралуу бир-бирине каршы келген билдирүүлөрдү жасап, "башымда баары чатышып жатат" деп даттанды.

Бир убакта жүз жаштан ашкан карыя Экинчи дүйнөлүк согушта ал негизинен Германияда айыл-чарбада иштегенин айткан. Бирок бул маалыматты анын аты-жөнү, туулган жылы жана жери жазылган бир нече документтер төгүндөйт.

Согуштан кийин Шүц СССРдеги түрмө лагерине которулуп, Германияга кайткандан кийин дыйкан жана темир уста болуп иштеген.

2021-жылы сот процесси башталганда Шүц эркиндикте жүргөн, бирок отурумдар анын ден соолугуна байланыштуу бир нече жолу жылдырылып келген.

Анткен менен Шүцтүн жашын эске алганда, ал темир тор артына калары күмөн. Анын жактоочусу Стефан Ватеркамп AFP басылмасына “эгер ал күнөөлүү деп табылса, аппеляциялык тартипте даттанабыз” деп өкүм чыкканга чейин билдирген.

Мөөнөтү эскирди деген эске алынбайт

Экинчи дүйнөлүк согуш башталгандан бери 70 жылдан ашык убакыт өтсө да, немис прокурорлору тирүү калган нацисттик кылмышкерлерди сот жообуна тартууга аракет кылууда.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Судья Удо Лехтерманн өкүмдү окуп жатат

2011-жылы согуш кылмыштарына айыпталган мурдагы күзөтчү Иван Демьянюк соттолгон. Анын иши юридикалык прецедент түзүп, дагы бир нече ишке жол ачкан.

Ошондон бери соттор бир нече айыпталуучуларды киши өлтүрүү же мыкаачылык үчүн гана эмес, “режимге тиешеси бар” деген негизде соттоду. Алардын арасында Освенцимде эсепчи болуп иштеген Оскар Грёнинг жана Освенцимдеги мурдагы СС күзөтчүсү Райнхольд Ханнинг.

Экөө тең массалык киши өлтүрүүгө катышууга күнөлүү деп табылган, бирок камалганга чейин эле каза болушкан - экөө тең 94 жашта болчу.

93 жаштагы мурдагы СС күзөтчүсү Бруно Дей 2020-жылы күнөөлүү деп табылып, эки жылга шарттуу кесилген.

2021-жылы нацисттик өлүм лагеринин 96 жаштагы мурдагы катчысы Ирмгард Фүрхнер киши өлтүрүүгө катышкан деген айып менен соттолгон. Ал соттук отурумга чейин качып кетүүгө аракет кылып, бирок бир нече сааттан кийин кармалган.

Франциянын Улуттук илимий изилдөө борборунун изилдөөчү-профессору Гийом Муралис мындай соттук териштирүүлөр маанилүү сигнал деп эсептейт.

“Бул Европанын бардык жеринде неофашисттик оңчулдар күчөп турган маалда ошол кездеги кылмыштуу режимдин тушундагы [...] айрым кишилердин саясий жана моралдык жоопкерчилигин ырастоо маселеси”, - деди ал AFP агенттигине.

Би-Би-Синин жаңылыктарынан артта калбаш үчүн биздин социалдык баракчаларыбызга жазылыңыз: