Медитация адамды кантип өзүмчүл кылып коюшу мүмкүн 

Дэвид Робсон

медитация

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Медитация көптөгөн жакшы артыкчылыктарга ээ болушу мүмкүн, бирок акыркы изилдөөлөр көрсөткөндөй, ал айрым адамдарды бир топ өзүмчүл кылып коёт.     

Медитация биздин психикабыз үчүн көп таасири бар деп айтылат: сабырдуу болууга, концентрациябызды курчутканга, иштөө эс-тутумубузду кеңейткенге жана ой-жүгүртүүнүн ийкемдүүлүгүн жогорулатканга жардам берет. Медитацияны практикада колдонуу аркылуу биз кызыл кандуулукка азыраак алдырып, ал бизге көйгөйлөрүбүздү акыл калчап, беймарал жагдайда чечүүгө мүмкүндүк бериши зарыл. 

Сиз медитациядан күтпөгөн жерден алышыңыз мүмкүн болгон "пайданын" бири  - эгоизмдин күчөшү. Жакында жүргүзүлгөн изилдөөлөргө таянсак,  кээ бир учурларда эс жыйноо, медитация менен машыгуу адамдардын өзүмчүл, эгоисттик сапаттарын жогорулатып жибериши мүмкүн экенин көрсөттү. Өзүңүздүн ички ал-жайыңыз менен алек боло берип, башкаларды унуткандай сезилип, муктаж болгондорго жардам берүүгө көңүлсүз болуп каласыз. 

Эгер медитация сизге пайдасын алып келип жатса, сиз аны токтотушуңузга жогоруда айтылган тыянак себеп болбошу керек. Бирок эс жыйноонун үстүнөн иштөө, потенциалдуу пайдалар менен бирге жагымсыз терс таасирлерди да алып келиши мүмкүн деген изилдөөлөр көбөйүүдө жана көптөгөн психологдор медитациялык практиканы жарнамалоодо анын потенциалдуу кесепеттери бар экенин жашырбай, айтылышы керек деп эсептешет.  

Медитациядагы "мен" 

Бул изилдөөнү Буффалодогу Нью-Йорк мамлекеттик университетинин психология боюнча доценти Майкл Пулин жүргүзгөн. Изилдөөнүн автору медитациянын эффектилери эс жыйноону иш жүзүндө колдонуп жүргөн кишилердин баалуулуктары менен анын маданий контекстине көз каранды болор-болбосун иликтегиси келген.    

Аны адамдардын өздөрү жөнүндө кантип ойлогону — “өзүн өзү түшүнүүсү” өзгөчө кызыктырган. Кээ бир адамдар жеке сапаттарына багытталган “көз карандысыз көз карашты” кабыл алышат. Эгер аларды өзүңүздү сүрөттөп бериңиз десек, алар өздөрүнүн интеллектин же тамашакөйчүлүгүн баса белгилеши мүмкүн. Жогоруда айтылгандардан айырмаланып, “өз ара көз каранды көз караштагы”  адамдар, тескерисинче, өздөрүн башкаларга болгон мамилеси боюнча түшүндүрмө беришет. Эгерде буларды өзүңүздү сүрөттөп бериңиз десек, алар социалдык ролдорду же бир топко мүчө болгонун баса белгилеп, баланчанын "кызымын/уулумун" же түкүнчөнүн "атасымын", же кайсы бир "окуу жайдын биринчи курстагы студентимин" деп, түшүндүрмө бериши мүмкүн. 

Ар бир калктын ичинде  өзүн-өзү сүрөттөө көз караштардын эки түрү тең  кездешип келет, бирок орто эсеп менен “өз ара көз карандылар” буддизм пайда болгон Кытай жана Индия сыяктуу Азия өлкөлөрүндө көбүрөөк болуп, ал эми  АКШ, Улуу Британия жана Европадагы адамдар өздөрүн “көз карандысыз көз карашта” болгонун түшүндүрүп сүрөттөгөндөр көбүрөөк болушат

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Медитация көптөгөн потенциалдуу пайдаларды алып келгени менен, көз карандысыз ой жүгүрткөн адамдарды өзүмчүл кылып, күтүлбөгөн кыйыр таасирди алып келиши мүмкүн

Батышта медитация жана эс жыйноо адамдарга таасир этер-эстпесин билүү үчүн Пулин 366 студентти лабораторияга чакырып, адегенде алардын көз карандысыздыгын же өз ара көз карандылыгын өлчөөчү анкетаны толтургула деп берген. 

Андан кийин студенттердин жарымына дем алып, дем чыгарууга арналган медитация кылуу өтүнүчү берилди. Контролдук топтогу жарымына болсо 15 мүнөткө отуруп алып, акыл-эсин каалаган жакка буруп, медитацияга  мүмкүнчүлүк берген "жасалма" медитацияны кылуу тапшырмасы берилди. Бул медитация аларды эс алдырып, көңүлдөрүн бош кылышы мүмкүн, бирок бул алардын эс жыйноосун жогорулатуу үчүн иштелип чыккан эмес.  

Андан кийин про-социалдык жүрүм-турум сынагы өткөрүлдү, мында студенттерге үй-жайсыз адамдарга кайрымдуулук фондун каржылоого жардам берүү боюнча жаңы долбоор тууралуу айтып беришти. Андан соң, аларга университеттин бүтүрүүчүлөрүнө жөнөтүлө турган схеманы жарнамалаган маркетингдик материалдар менен конверттерди толтуруу мүмкүнчүлүгү берилип, бирок алар эртерээк кетүүнү кааласа, буларды кылууга милдеттүү эместиги айтылган.  

Албетте, Пулин медитациянын таасири адамдардын учурдагы калыптанган  мамилесинен көз каранды экенин аныктады. Эгерде адам буга чейин “өз ара көз карандылардын” арасында болсо, жана медитация көнүгүүлөрүн жасагандан кийин, кайрымдуулук ишине көбүрөөк убакыт бөлүүгө даяр болгон; жалпысынан алар контролдук топко караганда 17% көбүрөөк конверт толтурган. Ал эми “көз карандысыз ой жүгүрткөндөр” тобундагылардын жыйынтыгы толугу менен карама-каршы чыгып, медитация көнүгүүлөрүнөн кийин алар мурдакыдан дагы көбүрөөк өзүмчүл боло түшүшкөн. Ошондуктан алар үй-жайсыздарга жардам берүүгө даяр эмес болуп, жалпысынан алар контролдук топко караганда 15%га аз конверттерди толтурушкан. 

Бул сурамжылоонун тыянактары ишенимдүү экенине шек санабас үчүн, Пулиндин командасы экинчи эксперимент жүргүзүп, анда катышуучуларга адегенде жекелик сандагы биринчи жак менен (мен), же көптүк сандагы биринчи жак менен (биз) жазылган кыска текст берилди. Алар текстти окуп жатканда, алар бардык ат атоочторду белгилөөсү керек болчу. Мындай ыкма “көз карандысыз” же “өз ара көз каранды” ой жүгүртүүчү экенин аныктоо үчүн колдонулган тест болуп саналат. Баягы эле медитация боюнча тапшырмаларды аткарышкандан соң, алардын про-социалдык жүрүм-турумун сынап көрүү үчүн, алардан үй-жайы жоктор үчүн кайрымдуулук иштер үчүн потенциалдуу донорлор менен онлайн баарлашууга убакыт бөлүп бере аласызбы деп сурашкан. 

Дагы бир жолу кайталанып,эс жыйноону жогорулатуучу көнүгүүлөрү алардын өзүн-өзү кабылдоо эффектин кеңейтип, “өз ара көз каранды” тобунун арасында болгондордун альтруизмдик сезимдерин күчөтүп, ал эми “көз карандысыз” көз караштагылардын арасында альтруизмдин азайышы байкалган. 

Көптөгөн америкалыктар көз карандысыз, өзүнүн ал-жайын түшүнгөндөрдүн арасында жогорку деңгээлде экенин эске алсак, эс жыйноону жогорулатып, медитация кылгандардын көбүнө терс таасири тийип калышы мүмкүн.

Өзүмчүл сапаттарды күчөткөн "Эго-медитация"  

Бул тыянактар менен изилдөөлөр эс жыйноону жана медитацияны сындагандар үчүн жаңы материал болуп берди. 

Алардын арасында Сан-Франциско мамлекеттик университетинин менеджмент боюнча профессору Рональд Пурсер башкы орунда турат. 2019-жылы жарык көргөн “Эго-медитация: Медитация кантип  жаңы капиталисттик агымга айланды” (Китептин оригиналдуу аты “McMindfulness: How Mindfulness Became the New Capitalist Spirituality”) деген китебинде байыркы медитацияны практика кылгандар кантип буддисттердин окууларынан бөлүнүп кеткенин айтып берет. 

  • Медитация жана акыл-эсти жыйноо — бул өтө жөнөкөйлөштөрүлгөн, «өзүң жасап ал» деген мүнөздөгү өзүң-өзүңө жардам берүү техникасына айланып калды — Рональд Пурсер.

"Эс жыйноо практикасы, медитация бир нерсени так, ачык-айкын түшүндүрүшү керек болчу — бардык кубулуштар, анын ичинде өзүбүздү кантип сезгенибиз өзүнүн чыныгы жаратылышында салыштырмалуу жана өз ара көз каранды болуп саналат”, — деп, ал мага айткан. Бирок, медитация Батышта кандай гана аталыш менен эл арасында билинсе да, ал өндүрүмдүүлүктү жана натыйжалуулукту жогорулатуучу бир курал катары гана таанытылган. “Медитация жана акыл-эсти жыйноо — бул өтө жөнөкөйлөштөрүлгөн,  "өзүң жасап ал" деген мүнөздөгү өзүң-өзүңө жардам берүү техникасына, башкаларды озуп өтүү үчүн арналган бир куралга айланып калды”, — дейт Персер. Ал Полуиндин изилдөөсүнүн жыйынтыктарына таң калган эмес — айрым маалыматтар боюнча ал мындай эффектилер болгону жөнүндө мурда эле уккан.   

Флорида мамлекеттик университетинин психология боюнча профессору «Акылсыздык: Нарциссизм маданиятындагы эс жыйноо жана медитациянын терс таасирлери» деген китептин автору Томас Жойнер да ушундай эле басым жасайт. Анын айтымында, буддисттердин алгачкы туура медитация концепциялары бузулуп, ал "өзүмчүлдүккө багытталып, өзүн даңктоо механизмине алмашып кеткен”. Пурсер сыяктуу эле, ал да Пулиндин тыянактары мунун терс кесепеттерин көрсөтүүгө жардам берет деп эсептейт. "Менин оюмча, сиз чыныгы эс жыйылгандыкты алып, аны белгилүү бир контекстте колдоно турган болсоңуз, ортодо коркунучтуу көрүнүш пайда болушу мүмкүн."

Туура багытты алуу  

Пурсер менен Джойнердин медитацияга болгон көз караштары жакын эмес болгонун айтыш керек; бирок, жалпысынан, медитацияны изилдеген психологдор жашоонун көптөгөн тармактарында ийгиликтерге жетишүү үчүн эс жыйноодогу практиканын потенциалы жөнүндө оптимисттик көз карашта.  

Бирок, мындагы эң тынчсыздандыруучу нерсе — бул медитациянын пайдаларын ашыкча мактап, мүмкүн болгон терс жактары аз изилденгендиги болуп жатат. Изилдөөлөргө ылайык, медитация кээ бир адамдардын тынчсыздануусун күчөтүп, дүрбөлөңгө түшүшүрүшү мүмкүн деп эсептелет, бирок бул медитацияны жайылткан көптөгөн китептерде, колдонмолордо жана курстарда мындай коркунучтар менен кыйыр таасирлер жөнүндө айтылбай жатат. 

Медитация кылып жатканда, бизге анча кааланбаган кыйыр таасирлер, анын ичинде эгоисттик жүрүм-турумдун күчөп кетүү потенциалы жөнүндө көбүрөөк ачык-айкындык керек. 

“Медитацияны жайылтууну ойлогондор же аны иш жүзүндө аткаргандар анын мындай потенциалдуу проблемасы жөнүндө билиши керек экенине толук ишенем”, — дейт Пулин.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Медитациянын көптөгөн ар кандай ыкмалары бар жана изилдөөлөр көрсөткөндөй, кээ бирлери боорукердикти арттырышы мүмкүн

Ошондой эле, биз эс жыйноо, медитациянын ыкмаларынын көптөгөн түрлөрүн жакшылап изилдешибиз керек. Пулин өзүнүн экспериментинде колдонгон эстүү дем ​​алуу - медитациянын эң популярдуу көнүгүүлөрү жана бул тармакка үстүртөн гана кызыгууңуз болсо, бул сиз билген жалгыз гана техника болушу мүмкүн. Медитациянын башка көптөгөн түрлөрү бар жана алардын ар бири белгилүү бир  тараптан  жөндөмдүүлүгүңүздү күчөткөнгө жардам бере алат. 

Германиянын Лейпциг шаарындагы Макс Планк атындагы Адам таануу жана мээ илими институтунун директору Таня Сингер тогуз айга созулган деталдуу сыноо менен ар кандай медитация техникалардын ар түрдүү эффект берээрине эң күчтүү далилдерди келтирди

Көптөгөн сеанстарда катышуучулар  дем ​​алуу медитациялык техникасын жакшыртууга багытталган көнүгүүлөрдү, ошондой эле, башкалар менен, анын ичинде жакын достор жана таптакыр чоочун адамдар менен болгон байланыш сезимибизди күчөтүүгө багытталган “мээримдүү боорукердик медитациясы” сыяктуу ыкмаларды аткарышты. Алар ошондой эле «Угуу медитациясына» багытталган эки кишилик иштерге катышышты, мында ар бир адам башка бирөөнүн эмоционалдык жагдайын сүрөттөөгө өзгөчө көңүл бурушу керек болчу.  

Ошол эле учурда, Сингер деталдуу анкеталардын, анын ичинде боорукердик көрсөткүчтөрдүн жардамы менен эффектилерге көз салып турду, ошондо бул көрсөткүчтөр жуптук иштөөдөн жана “мээримдүүлүк-боорукердик медитациясынан” кийин кыйла өскөн. Кызыгы, бул көнүгүүлөр адамдардын стресске болгон реакциясын бир топ басаңдатууга алып келгендей көрүндү. “Эмпатия менен угууну гана үйрөнбөйстөн, өз кемчиликтериңизди, алсыз жерлериңизди ачууну да үйрөнөсүз». Мындай абал катышуучуларга бөлүшүү жана адамгерчиликтин позитивдүү жана негативдүү сезимдердин таанууга мүмкүндүк берди” - дейт ал. Мындай туура медитациялар кийинчерээк аларга өмүр бою стресстик кырдаалдарга каршы күрөшүүдө жардам бергенин айтышат.  

Пулин медитациянын башка ыкмалары комплекстүү программаны карманган адамдарда ал байкаган эффекттерди жоюп сала аларына макул экенин билдирет. Ал медитациянын жардамы менен акыл- эсти жыйноонун жөнөкөй жолу катары таанытылган курстарга көбүрөөк күмөн санап, тынчызданат. "Мобилдик колдонмолордун санынын өсүшү жана корпорацияларда өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу үчүн медитацияны колдонуу менен, кээде медитациянын моралдык жагы жетишсиз болуп калып жатат" - дейт ал.  

Качан гана биз психикалык функциябызды өзгөртүүгө аракет кылсак, ал биздин жүрүм-турумубуз үчүн терс кесепеттерди жаратышы мүмкүн жана биз "тез натыйжа берүүнү" сунуш кылган ар кандай продукт же кызматтан этият болушубуз керек. Башкача айтканда, биз медитацияны колдонуп жатканда, эсибизди бир аз көбүрөөк жыйнап алып, буга көбүрөөк көңүл бурууга убакыт жетти. 

Дэвид Робсон "Акылдуулуктун тузагы: Эмне үчүн акылдуу адамдар акылсыз каталарды жасашат" китебинин автору. Анын кийинки китеби 2022-жылдын башында жарыкка чыга турган "Күтүүнүн эффектиси: Сиздин акылыңыз дүйнөңүздү кантип өзгөртө алат". (KGNE)