Жаңы изилдөө: коронавирус пандемиясын алдын алууга мүмкүн болгон

Индияда коронавирустан каза тапкандар өрттөлүүдө

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Индияда коронавирустан катуу жабыркап, вирустан каза тапкандар көчөдө эле өрттөлүүдө

Көз карандысыз изилдөөгө ылайык, Covid-19 пандемиясын алдын алууга мүмкүн болгон. Атайын түзүлгөн топтун айтымында, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) менен дүйнөнүн булуң-бурчундагы мамлекеттердин чабал аракеттери пандемияга алып барды.

Изилдөөдө ДССУ дүйнө коркунучтун алдында турганы боюнча коңгуроону кеч какканы белгиленет. Учурда 3,3 миллиондон ашуун адам вирусту жуктурду.

АКШ жана Европа сыяктуу региондордо карантин чектөөлөрү жеңилдетилип жатканы менен, Азиянын айрым аймактарында вирус кеңири жайылып, бир катар мамлекеттер кыйынчылыкка туш болду. Өзгөчө Индия менен Непалда кырдаал курч бойдон.

Изилдөөдө эмне деп айтылат?

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Көз карандысыз топ ДССУнун саякаттоого чектөө киргизүү “акыркы чара болушу керек” деген ички саясатынан улам вирус кеңири жайылып кеткенин айтышууда

“Covid-19: Акыркы пандемия болсун” аттуу көз карандысыз изилдөөчүлөр тобу пандемияга каршы даярдык жана эл аралык уюмдардын, мамлекеттердин аракеттерин териштирди. Бул топ келечектеги пандемияларды алдын алууга аракет кылат.

“Азыркы абалды алдын алууга мүмкүн болгон. Буга бир катар чабал аракеттер, чечимдердин кеч кабыл алынгандыгы жана даярдык начар болгону себеп болду”,-дейт Либериянын мурдагы президенти, изилдөө тобунун өкүлү Жонсон Серлиф.

Изилдөөчүлөр ДССУ глобалдык пандемияны бир апта эрте 22-январда эмес, 30-январда жарыялаганы катачылык болгонун баса белгилейт. Андан тышкары, ДССУ пандемияны жарыялагандан кийин деле дүйнөдөгү өлкөлөр чечкиндүү болбой, “бир ай текке кеткени” белгиленет.

Көз карандысыз топ ДССУнун саякаттоого чектөө киргизүү “акыркы чара болушу керек” деген ички саясатынан улам вирус Европа менен АКШга жайылып, ооруканалар жык толо баштаганда гана мамлекеттер чара көргөнүн айтышты.

Эгерде чечкиндүү чаралар эрте көрүлсө, саякаттоого убактылуу чектөө эрте киргизилсе, пандемияны алдын алууга мүмкүн болмок.