Техас: Кароосуз калган унаадан 46 кишинин сөөгү табылды

Аман калгандары аптаптан катуу жапа чегишкен. Сан-Антонио Америка менен мексиканын чек арасынан 250 километрдей аралыкта

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Аман калгандары аптаптан катуу жапа чегишкен. Сан-Антонио Америка менен мексиканын чек арасынан 250 километрдей аралыкта

Техас Штатынын Сан-Антонио чөлкөмүндөгу кароосуз калган жүк ташуучу унаадан кеминде 46 кишинин сөөгү табылды. Алар мигранттар болгон деп болжонууда. Өрт коопсуздугу кызматынын өкүлү 16 киши ооруканага жеткирилгенин, алардын төртөө балдар экенин билдирди.

Аман калгандары аптаптан катуу жапа чегишкен. Сан-Антонио Америка менен Мексиканын чек арасынан 250 километрдей аралыкта. Бул аткезчилердин негизги маршруттарынын бири. Аймактын өрт коопсуздугу кызматынын жетекчиси Чарльз Худ окуя болгон жерге куткаруучулар жергиликтүү убакыт боюнча 18:00дө барышканын билдирди. Аларга адам өлүмү тууралуу кабар жеткен экен.

Өрт коопсуздугу кызматындагылар токтоп турган трейлерди аныкташкан. Анын жанында эле кишинин сөөгү жатканын көрүшкөн. Калгандарын эшикти ачканда табышкан. Трейлердин ичинде желдеткич жана суу болбогонун дагы кошумчалашты. 

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Иммиграция АКШда талаш жараткан саясий маселелердин бири

Сан-Антонионун жайы аптаптуу келет, өткөн дүйшөмбүдө эле ысык 40 градуска чамалаган.

Мексиканын тышкы иштер министри Марсело Эбрард консул окуя болгон жерге жөнөгөнүн билдирди. Ал каза тапкандардын улуту аныктала электигин дагы кошумчалады. Техастын республикачыл губернатору Грег Эббот кишилердин өлүмүнө  Жо Байденди күнөөлөдү. Ал "ачык чек аралар боюнча кыргын сала турган" саясат жүргүздү деген жүйөнү айтууда.

Эбботко каршы шайлоого катышкан Демократтардын талапкери Бето О'Рурк аткезчилердин багытын жок кылуу үчүн чукул чараларды көрүүгө чакырды. Ал мыйзамдуу миграциянын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө үндөдү.

Америка менен Мексиканын чек арасында жашыруун далай тоннел табылган. Айрымдарында "темир жолу" дагы бар

Иммиграция АКШда талаш жараткан саясий маселелердин бири. Былтыр кармалган мыйзамсыз мигранттардын саны рекорддук көрсөткүчкө жеткен эле. Алардын көбү Мексика аркылуу киргендер. Болгондо дагы өтө эле тобокелдүү, кооптуу жолдор аркылуу киришкен.  

Мексика аркылуу Америкага барган кыргызстандыктар да жок эмес...

АКШга баруу үчүн документ тапшырып, бирок, виза ала албай калган кыргызстандыктар да аз эмес. Балким ошондон улам же дагы башка себептер менен АКШга Мексика аркылуу өтүүгө аракет кылган кыргызстандыктар да бар. Бирок бул иш мыйзамсыз жана тобокели чоң.Би-Би-Си дал ошондой жолду басып өтүп, Мексика аркылуу Америкага качкан кыргыз менен маек курду. Маектешибиз ысымын жашыруун калтырууну өтүндү. Ошондуктан биз аны Жоломан деп атап коёлу... Толугу менен бул шилтемеден окуңуз: Америкага Мексика аркылуу качкан кыргыздын баяны