Казино көзүн караган казына

Кыргызстанда өкмөттүн казино ачып иштетүү саясатына каршылык барган сайын күч алууда. Каршылык жыйындар мурда Бишкекте эле болуп келсе, эми региондордо да боло баштады.

казино

Сүрөттүн булагы, DAVID BECKER

17-майда Кочкордо казино ачып иштетүүгө каршы жарандар райондук маданият үйүнүн жанына чогулуп, өздөрүнүн талаптарын Жогорку Кеңештин депутаттарына жолдошту.

Чоң талкуунун чордонуна түшкөн бул маселеге коомчулуктун пикири бир беткей эмес. Ага каршы болгондор менен катар жактагандар жана таптакыр эле бейтарап карагандар да жетиштүү.

Өкмөт кумарканалар чет элдиктерге гана иштейт деп кайта-кайта билдирип жатканына карабастан, эл ичинде буга ишеним абдан төмөн болуп жатат.

Дүйнөлүк практика

Бишкектеги ишкер Сыргак Кенжебаев мурда Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин жетекчисинин орун басары болуп иштеген.

"Кумарканаларды ачуу дүйнөлүк практика десек болот, себеби өкмөт туура эле айтып атат. Башынан эле муну туура колдонуш керек болчу. Чет элдик жарандарга ойногонго шарт түзүп бериш керек эле. Бирок азыр кандай болуп атат? Өкмөт чет элдик жарандар гана кире алат деп атат. Кыргызстанда кайсы чет элдик жаран? Казакстанда чек аранын жанында казинолор турат. Булар Кыргызстанда чет өлкөлүк жарандарга гана ачык дегенден башташат дагы эртең чет элдик жаран аз болуп атат, анан элүү жаштан өйдө киргизебиз деп ар кандай жолдор, ыкмалар менен мындайча айтканда казиного кумарпоз адамдардын баарын ойногонго азгырып дүүлүктүрөт. Экинчиден мамлекеттин бюджетин толтурганга башка деле ыкмалар бар. Эки жыл иштегенден кийин эми эсине келиштиби. Анда биротоло апийим эле айдай баштайлы. Сойкулукту, баңгичиликти легалдаштырып коелу",-дейт Сыргак Кенжебаев.

"Туризмди өстүрүп атабыз"

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров туризмди өнүктүрүү үчүн казино керек деп жатат.

Кыргызстанда Жогорку Кеңеш кумарканалардын иштешине уруксат берген мыйзам долбоорун өткөн аптада биринчи окууда кабыл алды. Кымбатчылык менен каатчылык шартында экономиканы өнүктүрүү, казынаны толтуруу үчүн туристтик потенциалды максималдуу пайдалануу керек болууда.

Кумарканаларга уруксат берүүнүн жол-жобосу жазылган мыйзам долбоорунун шарттары боюнча кумарканалар сырттан келген туристтерге гана ачык болот. Бул жөнүндө бир ай мурда эле Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров айткан эле:

Кумарканада кыргызстандыктар ойнобойт. Эгер бир кыргызстандык кирип ойной турган болсо, лиценциясы алынат. Кыргызстандан чыгарылат. Туризмди өстүргүлө деп атасыңар, өстүрүп атабыз. Туристтер келсин, ойносун, эс алсын”.

 Кумар оюндарына уруксат берүүнү жактагандар мамлекет казинону жапкандан миллиондогон сом кирешеден куру калганын, он миңден ашуун жумушчу орун жоготконун жүйө кылышууда.

2001-жылы казино тармагы мамлекетке 630 миллион сомдой киреше берген. Азыр мындан көп эсе каражат табуу мүмкүн дейт.

Онлайн казино

Казино чет өлкөлүктөргө гана иштейт деген менен мыйзам долбоорунда жылчыктар бар экенин депутат Дастан Бекешов айта кетти. Кеп онлайн казино жана автоматтар жөнүндө болуп жатат: 

"Онлайн казино мыйзамда атайын жылчык болуп, эчтеке төлөбөш үчүн калтырылган. Муну мыйзам долбоорунан алгыла. Оюн автоматтары балдар үчүн ачык, анда ким ойноп жатканын, чет элдикпи же кыргыз жараныбы, балабы, биле албайсыңар".

Казиного каршы чыккандардын дагы бир чоң жүйөсү – мусулмандар өлкөсүндө бул туура болбойт дешет. Бирок буга Куранды барактап окуган депутат Арслан Малиев жооп тапты:

"Бакара. 2-сүрөө. 219-беренеси. "Сенден арак жана кумар оюндары тууралуу сурашат" дейт деп Куранда жазылган. "Ал экөөндө чоң күнөө бар, бирок адамдар үчүн пайдасы да бар" деп турбайбы, мына!"

 

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

2012-жылы казиного тыюу салынганда көп адамдар жумушсуз калып, Бишкекте көп күн бою нааразылык жыйындарын өткөргөн

Казиного коомчулуктун талабы менен мындан он жыл мурда тыюу салынган. Көптөгөн жергиликтүү жарандар казиного акчасын эле эмес, болгон байлыгын сайып, уттуруп, үй жайынан айрылып, үй бүлөсү бүлүнүп, бүтүндөй коом бузулуп жатканы жөнүндө толтура талкуу болгон.

Азыр бийлик кыргыз жарандарына аны жабык кылып, катуу көзөмөлдөй алабы? Бул реалдуу болбойт деди Би-Би-Сиге Сезим кризистик борборунун өкүлү Ракыя.

“Бул реалдуу иш эмес. Кыргызстан коррупция боюнча Борбордук Азияда биринчи орунда. Адамдан амал качып кутулбайт”. 

Кумар оюндарына уруксат берүү өлкөдө утур-утур көтөрүлүп келаткан демилге. Бир жыл мурда эле Ысык-Көлдө жабык кумарканаларды ачуу жөнүндө мыйзам долбоору парламентте каралып, аягына чыкпай калган.  

Азыр геосаясий кырдаал кыйындап, экономикалык кризис тереңдеп, азык-түлүктүн баасы кымбаттап, пандемияда мамлекеттик казына бөксөрүп калганда өкмөт ошентип казино маселесине кайрадан кайрылууда. (КС)