Атайын эсеп: элдин акчасы эмнеге сарпталууда?

Жардам штабы

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Жардам штабы

Вирустун кесепеттерин жоюу үчүн бюджеттен бир миллиард сом каралганы менен дарыгерлерге кошумча төлөм, колунда жокторго гуманитардык жардам берүүгө атайын эсепке түшкөн акча колдонулуп жатат.

Жалгыз бой келин Аксана Бишкек четиндеги жаңы конуштардын биринде турат. Баласы майып, өзү оорулуу болгондуктан ушул күндөрү колдоого, коргоого муктаж миңдеген жарандын бири.

“Социалдык коргоо бөлүмүнөнбүз деп 50 кг ун алып келип беришкен. Ага деле бир ай болду. Карантинден эч кабарым жок болчу. Карантинге даярдык да кылган эмесмин. Себеби, квартирада жашайм, ашыкча деле акчам жок. Күнүмдүк жашоо менен жашаган адамдарбыз. Башка тамак камдап алганга деле даярдыгым жок болчу”.

Өкмөт аркылуу ушундай колунда жок адамдарды колдоо үчүн атайын эсепке элден күн сайын акча которулуп жатат. Акчалар үч мекеменин дарегине келип түшүүдө. Саламаттыкты сактоо министрлиги, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жана Бишкек мэриясына келип түшкөн акчанын жалпы көлөмү 155 миллион сомго жетти. Анын дээрлик үчтөн бири пайдаланылды.

Атайын эсепке түшкөн акчанын эсеби

help.covid.kg сайтына ылайык, дарыгерлердин маянасы үчүн 38 миллион сом колдонулду, дагы 95 миллион сом бөлүнгөнү жатат. Ал эми гумжардамга Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 13 миллион, мэрия эки миллион сом коротту.

“Бизден көбүнчө азык-түлүк сурап кайрылып жатышат. Аларга бир канча багыттар аркылуу жардам берип жатабыз. Жеке тараптардын, коомдук уюмдардын жардамы көп болуп атат, материалдык резервден ундар, кумшекер таркатылды. Андан тышкары, Социалдык өнүктүрүү министрлигине деп эсеп ачылган, ага жарандарыбыз акча которуп атат”, -деди өкмөткө караштуу жардам штабынын жетекчиси Азамат Капар.

Атайын эсепке келип түшкөн акчалар боюнча түзүлгөн комиссиянын кечээ үчүнчү жыйыны өтүп, анда комиссиянын айрым өкүлдөрү догдурларга колдоо атайын эсептен эмес, мамлекеттик бюджеттен болушу керектигин айтып чыгышты.

Сүрөттүн булагы, Google

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Атайын эсеп боюнча комиссия жыйынга чогулду

Өкмөттүн акчасы кайда?

Бюджет демекчи, кыргыз өкмөтү коронавирус кесепеттерин жоюу үчүн кошумча бир миллиард сом бөлөрүн айткан. Бирок ал акча дүңүнөн жумшалбай, четинен керектелет деген эле вице-премьер-министр Эркин Асрандиев: “Бул акчалар акырындап бөлүнөт. Коронавируска каршы күрөшкө бир миллиард сом бир паста эле бөлүнө койбойт. Себеби, бардык муктаждык бир убакта чыга калбайт, бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүн да эске алыш керек. Биздин башка да милдеттенмелерибиз бар. Пенсия, жөлөк пул, мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акысы деген бар. Эпидемияга байланыштуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин сатып алуулары да бар. ӨКМнын фондуна да дезинфекция, өзгөчө абалды уюштуруу үчүн каражаттар бөлүнүп жатат”.

Ички акчаларды эсепке албаганда, пандемия шартында Кыргызстанга сырттан да жардам келгени жатат.

“Илдет боюнча бир топ эл аралык уюмдар да бизге жардам көрсөтүп жатат. Эл аралык валюта фонду 121 миллион доллар, Азия өнүктүрүү банкы 20 миллион доллар, Дүйнөлүк банк 12 миллион доллар, Ислам өнүктүрүү банкы, Европа биримдиги да акча бөлүшкөнү жатат. Эми муну эсеп-кысап, аудит менен ар бир тыйындын каякка кетип атканын чогуу изилдеп , коомчулук менен бөлүшүп коюш керек. Коомчулуктун көңүлү тынч болуш керек”, -дейт коомдук активист Гүлжигит Исаков.

Ал атайын эсеп канчалык ачык-айкын иш алып барат, элден түшкөн акча ортодо желип кетпейби деген шекшинүү жана чочулоолор болуп жатканын да айтты. Себеби, Дача-Сууда болгон авиакырсыктан кийин миллиондогон акчалар чогулуп, бирок анын эсеби бүгүнкү күнгө чейин бүдөмүк калууда.