Айсулуу: Учурунда соттошкон эжеге да, кызына да аябай ыраазымын...

Абдыбек Казиев Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Айсулуу Тыныбекова жаратылыш коюнунда

Сүрөттүн булагы, Aisuluu Tynybekova/Archive

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Айсулуу Тыныбекова жаратылыш коюнунда

Би-Би-Си Токио олимпиадасынын күмүш байге ээси Айсулуу Тыныбекова менен аны балачагынан тарта болочок пландарына чейин кенен маек курду. Жакынкы күндөрү маектин видеосун толугу менен жарыялайбыз.

Би-Би-Си: Биринчиден чакырууну кабыл алып, келгениңизге терең ыраазычылык билдиребиз! Сөз алды менен байгеңиз кут болсун! Байгенин ырахатын, жыргалын сезип атасызбы?

Айсулуу: Рахмат! Албетте, сезип жатам. Жакында эле президентибиз Садыр Нургожоевич акчалай сыйлык жана өзүнүн жеке белегин да берди. Ар бир ийгиликтин аркасынан сый-урмат көрүп, ырахат алып жатам десем болот. 

Сүрөттүн булагы, Facebook/Aisuluu Tynybekova

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Айсулуунун кезектеги күрөшүнөн бир сүртүм

Би-Би-Си:  Күмүш байгеңиз, ошол учурдагы сезимдер менен бөлүшсөңүз?

Айсулуу: Канчалык ызаланганымды, ичим ачышканын өзүңүздөр да көрдүңүздөр.  Күмүш медалга жетип калганыма өзүм дагы ишене албай турдум. Эмнегедир мен эле эмес, бүткүл кыргызстандыктар дагы Айсулуу алтын алат деп ишенген эле. Мен өзүмө дагы мен “алтынга баратам” деп максат коюп алып баргам. Анан күмүш болуп калып, күмүш медалды алып жатканда дагы алгым келбей, башкача, оор кабыл алдым десем болот. Көңүлүм аябай чөктү. Ал күнү бөлмөмө келип, коомдук сайттардагы өчүргөн баракчаларымды кайрадан калыбына келтирдим. Ошондо жалпы кыргызстандыктардын бириккенин, колдоп, сүрөп атканын, утулуп калганыма карабай мени кыргызстандыктар канчалык сүйөөрүн, күмүш медалым үчүн төбөлөрү көккө жетип, ыраазы болушуп, баардыгы майрамдап жатканын көрдүм. Элибиз “күмүш медаль биз үчүн алтындан дагы бийик”, - деп кабыл алышканын көрүп, ичимдеги сыздап, муздап турган сезимдердин баардыгы өзгөрүп, жылуу сезим пайда болду. Мекендештерибиздин мамилеси менен күмүш медалымды кайрадан башка көз караш менен карап, жакшы көрүп калдым десем болот. Эртеси күндөн баштап ага аяр мамиле жасап, баасы мен үчүн алтындан дагы бийик болуп калды десем болот. 

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Би-Би-Си: Күмүш байге демекчи, Айсулуу десе эле көпчүлүк күмүштү унутуп, бир эле алтын медаль алыш керек дегени сизге канчалык түйшүк жаратты?

Айсулуу: Бул жүктү мен беш жыл көтөрдүм десем болот. Риодо өткөн олимпиада оюнунда мен коло байгеге дагы ээ болбой калган элем.Ошондо өзүмө эле эмес, элге сөз бергем.Ошол убаданы, ишенимди аткаруу үчүн мен жыл, ай сайын, ар бир күнү жатсам, турсам дагы бул жоопкерчиликти кошо ала жүрдүм. Маанайым чөгүп, денем ооруп жаткан учурда дагы, жаракат алып калган күндөрдө дагы, мен өзүмдүн булчуңдарымды, дене мүчөмдү таптап келдим. Кадимкидей өзүм менен өзүм сүйлөшүп, чыдап тур, аз калды деп дем берген күндөр болгон. Өзүмө-өзүм мотивация берип жаттым. Оң тиземде дагы, сол тиземде дагы жаракаттар бар. Аз эмес. Негизи операция кылыш керек. Ошого карабай мен өзүм менен өзүм сүйлөшүп, чыдап тур аз калды деп келдим. Бутумдун сыздаганынан, эки жакка оодарыла албай калганда дагы артка кайткан жокмун. Эски жаракаттын бардыгы козголуп, машыгууда аткара турган күнүмдүк талаптарды дагы көтөрө албай калган мезгилдер өттү. Ошонун баарына чымырканып, эрдимди тиштеп дегендей, алдыга жыла бердим. Сөз бергенден кийин менин моюнумда бара жаткан жүктүн “салмагын” билип, аягына чейин тикемеден тик турдум.

Сүрөттүн булагы, Aisuluu Tynybekova/Archive

Би-Би-Си: Токиодо күрөшүп жаттыңыз. Ошол эле учурда тээ алыскы Нарында сиздин апаңыз дагы кошо “күрөшүп” жатканын сездиңизби?

Айсулуу: Мен албетте сезем... Үйдөгүлөр буга чейин беттештериим тууралуу көп билбей калчу эле. Мурун жаңы күрөшүп жүргөндө “апа, биз Европага кетип жатабыз, Азияга кетип жатабыз, бул өлкөгө баратабыз”, - деп айтчумун. Кийин байкадым, көрсө мен барып келгенче аябай кайгырып, санааркап жатып апам улгая да түшөт экен. Ошону түшүнгөндөн тарта - айтпайм, келгенде гана жыйынтыгын билдирем, сүйүнтөм деп чечкем. Бирок, интернет өнүккөнү мен үйдөгүлөрдөн эч нерсе жашыра албай калдым, мүмкүн дагы болбой калды. Интернет аркылуу эле өздөрү менден биринчи билип алышат. Күтө беришет. Апам кызым жаракат алып калбаса экен деп, баласы үчүн аябай тиленип, кайгырат экен.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Айсулуунун чыныгы күйөрмандары...

Би-Би-Си: Мындан 6-7 жыл мурун болсо керек сиз менен кенен маек курган элем. Ошондо “Айсулуу бир кызды токмоктоп жибериптир, анан күч колдонуптур” деген аябай кызуу талкуу жүрдү эле. Нурбек Изабеков агабыз: “жок, иш жүзүндө такыр башкача болгон, ошону коомчулук туура түшүнсө”, - деп кайрылуу да жасады эле да. Ошол чырлуу иштин соңу эмне болду?

Айсулуу: Соңунда биз сегиз ай соттоштук. Соттошуп жүргөн учурда мен көп досторумду жоготтум десем болот. Курбу кыздарымды жоготтум, жакын санаган адамдарымды жоготтум. Бирок ошол сот иши кийинки жашоомо, кадамдарыма аябагандай чоң түрткү берди десем болот. Мен үчүн бул жашоомдогу абдан баалуу сабак болду. Мен ушул сабакка аябагандай ыраазымын! Ал болбогондо, балким мындан дагы жаман оор абалга келип калат белем? Ошондуктан мени менен соттошкон кызды, кыздын апасын көрсөм бүгүн дагы ырахматымды айткандан мен эч тартынбайм. Ушундай ырахмат айткым келет!

Бир кызык учур болду. Соттон кийин төрт жыл өткөндө ошол кыздын апасын көрүп калдым. Аялдамада автобус күтүп турсам керек эле. Андан кийин мен турган аялдамага ал эже дагы келип калды. Мен - “эже кандайсыз?” - деп эле учурашып жибериптирмин. Эже мени жаман көргөндөй эле басып кетип калды. Экинчи жолу дагы ЦУМдун ичинен көрүп калдым. Үстүдөн түшүп келе жатыптыр, мен - “эже саламатсызбы!” - деп учурашып ийсем эле, менин саламымды алган дагы жок. Ал иште өзүмдү эч кандай күнөлүмүн деп сезбейм, күнөлүү дагы эмесмин. Бирок ошол турмуштук сабак үчүн мен аябагандай ыраазымын! Ал убакта мен үчүн оор болгон. Кыйналган учурлар көп болгон, бирок жалпы кыргызстандыктар мени оор абалымда дагы мени колдоп келишкен. Бүгүнкү күндө дагы колдоп келишет. Азыр көрсөм дагы эжеге да, кызына да бир гана ырахматымды айтам. 

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Айсулуу Тыныбекова менен маекти жакында толугу менен жарыялайбыз