Ооганстан: Ачарчылык, бала сатуу, киши өлтүрүү. Бириккен Улуттар Уюмунун отчету

Сүрөттүн булагы, AFP
Ооганстанда "Чек арасыз дарыгерлер" уюму дагы деле иш алып барып жатышат. Алар курсагы ач балдарга жардам берүүгө аракет кылышууда
БУУнун Адам укуктары боюнча агенттиги шейшембиде Талибан бийлиги эл аралык коалициянын күчтөрү менен кызматташкандарды куугунтуктабайбыз деген убадасына карабай, жайкын ооган жарандарын массалык түрдө өлтүргөндүгү тууралуу маалымат тастыкталганын билдирди.
БУУнун маалыматы боюнча, агенттик талибдер бийликке келген үстүбүздөгү жылдын август айынан бери сотсуз жана тергөөсүз жүргүзүлгөн 100дөн ашуун киши өлтүрүүнү далилдей алды.
Курман болгондордун баары ооган коопсуздук күчтөрүнүн жана мурдагы ооган өкмөтүнүн кызматкерлери. Human Rights Watch (HRW) уюмунун отчетуна ылайык, акыркы апталарда 47 адам өлтүрүлгөн.
"Айрым учурларда өлтүрүлгөндөрдүн сөөгү коомчулукка көрсөтүлүп, калктын белгилүү бир тобунун коркуу сезимин күчөткөн", - деп БУУнун адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын орун басары Нада ал-Нашиф Ооганстандагы учурдагы кырдаал боюнча атайын жыйында айтты.
Ооганстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Абдул Кахар Балхи шейшемби күнү БУУнун корутундуларын кескин четке кагып, жаңы өкмөт буга чейинки өкмөттүн бардык мурдагы кызматкерлерине жана алардын чет элдик өнөктөштөрүнө мунапыс берүү убадасын аткарып жатканын билдирди.
"Мунапыс жөнүндөгү жарлыкты бузгандыгы аныкталган ар бир адам кылмыш жоопкерчилигине тартылып, жазаланат", - деди Тышкы иштер министрлигинин өкүлү.
Ал соттун өкүмүсүз жазалоо тууралуу айтылган фактылар тыкыр иликтене турганын айтып, Батышты чындык менен ушакты айырмалоону үйрөнүүгө үндөдү.
Талибандын (Кыргызстанда тыюу салынган) пресс-катчысы Кари Сайед Хости да HRW’нын баяндамасы тастыкталбаган маалыматтарга негизделгенин айтты. Анын айтымында, мурдагы милиция кызматкерлерине же жоокерлерге карата жазалоо учурлары болгон, бирок мунун баары жеке жарандардын өзүнчө өч алуусу же кландык кастыктын айынан келип чыккан.
БУУнун жыйынында Нада ал-Нашиф ошондой эле Нангархар провинциясында талибдердин Ооганстандагы негизги душманы болгон "Ислам мамлекети, Корасан аймагы" (ИМ Кыргызстанда тыюу салынган уюмдардын тизмесине кирет) жихадчыл тобуна тиешеси бар деген шек менен ондогон адамдар өлтүрүлгөнүн айтты. Бул адамдарга карата, ал-Нашифтин айтымында, талибдер дарга асуу жана башын кесүү сыяктуу киши өлтүрүүнүн өзгөчө ырайымсыз ыкмаларын колдонушкан. Өлүктөрдү да көпкө чейин коомдук жайларда көрсөтүп калтырып коюшат.
Сүрөттүн булагы, AFP
Талибдер гуманитардык жардам үчүн кезекте турган аялдарды карап турушат
Оор ачарчылык
Ошондой эле шейшемби күнкү отурумунда, БУУ Ооганстандагы гуманитардык кризис күтүлгөндөн да тез жана терең болуп жатканын белгиледи.
Ачкачылыктан аман калуу үчүн оогандар аргасы түгөнгөн кадамдарга барышууда. Балдарды сатуу фактылары көбөйдү. Өзгөчө муктаж болгон үй-бүлөлөр кичинекей балдарын сатып, үйдөгү жумуштарды жасай алган улуурактарынын тамак-ашына акча табышууда.
БУУнун болжолдоосуна ылайык, 23 миллиондон ашык оогандыктар (өлкө калкынын жарымынан көбү) оор ачарчылыкка туш болушат. Буга чейин гуманитардык катастрофанын туу чокусу кыштын экинчи жарымында болот деп күтүлгөн, бирок, акыркы маалыматтарга караганда, ал азыр болуп жатат.
Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын маалыматы боюнча, учурда оогандардын 98%га жакыны өтө начар тамактанууда.
БУУ калк же миграцияны же өлүмдү тандоого мажбур болорун эскертет. Ал эми кыш айларында тамак-ашсыз миграция өлүм менен барабар.
Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын ооган бөлүмүнүн башчысы Мэри-Эллен Макгрегори: “Ооганстанды мен өзүмдүн тажырыйбамда буга чейин эч качан көрбөгөн ачарчылык менен жакырчылык каптады.”
Ооганстандагы гуманитардык кырдаал эки жагдайдан улам келип чыкты: кургакчылыктан улам түшүм болбой калды жана талибдер бийликке келгенден кийин өлкөнүн чет элдик активдерине бөгөт коюлду.
БУУ талибдер менен иш алып барууга мажбур болгон эл аралык коомчулук кандай оор саясий кырдаалга туш болуп жатканын түшүнөрүн билдирди. Батыш өлкөлөрүнүн көбүндө алар террорист катары эсептелинет, бирок бүтүндөй бир эл үчүн бул абал азыр өмүр менен өлүмдүн маселеси болууда. (DO)