Арслан Койчиев: Түркий мамлекеттер уюму – көп тараптуу кызматташтыктын уникалдуу платформасы

Маектешкен Кубат Чекиров

Кыргыз президентинин мурдагы кеңешчиси, таанымал жазуучу Арслан Капай уулу Койчиев Түркий мамлекеттердин уюмунун башкы катчысынын орун басары болуп дайындалып, ишке киришти. Ал 1996-2010-жылдары Би-Би-Си кыргыз кызматында ийгиликтүү иштеп кеткен. Мурдагы кесиптешибизди кепке тартып, Түркий мамлекеттер уюмунун азыркы учурдагы максат-милдеттери жөнүндө сурадык.

Би-Би-Си: Түрк кеңеши өткөн жылы ноябрда Стамбулда болгон саммиттен кийин Түркий мамлекеттер уюму деп аталып калды. Ошого жараша анын алгачкы түзүлүп жаткандагы максат-милдеттери канчалык өзгөрдү, себеби дүйнөдө геосаясий кырдаал дагы өзгөрүп жатпайбы?

А. Койчиев: 2021-жылдагы саммиттен кийин бул уюмдун аталышынын өзгөрүшү түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы интеграциянын чыңдалышынан гана кабар берет, мурдагы максаттарга, мүдөөлөргө жетти, эми ошонун уланышы деген эле кеп. 2008-жылы түрк кеңеши деп түзүлгөндөн бери эле анын ишмердиги социалдык-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоого багытталган болчу. Болгону ошол интеграциянын жаңы деңгээлине чыкканын белгилөө үчүн гана аты өзгөртүлдү.

Мындай процесс Түркий мамлекеттер уюмуна эле мүнөздүү эмес. Маселен, жакында эле Ысык-Көлдө Чолпон-Атада  түрк мамлекеттеринин парламенттик ассамблеясынын жыйыны болду. Анын дагы түрк тилдүү деген аты жоюлуп, интеграциянын дагы бир баскычы катары “Түрк мамлекеттеринин парламенттик ассамблеясы” же "Түркий мамлекеттердин парламенттик ассамблеясы" деп аталды.

Би-Би-Си: Эми башкаруу органдарына келсек. Саммиттердин ортосунда бардык ишти координациялаган орган болуп катчылык иштейт эмеспи. Уставдык эрежелер боюнча уюмга мүчө өлкөлөр кезектешип бул кызматты башкарып турат эмеспи?

А. Койчиев: Туура, бул жерде эң башкы башкаруу органы Түркий мамлекеттердин башчыларынын кеңеши, андан кийин тышкы иштер министрлеринин кеңеши, улук расмий кызматкерлеринин кеңеши. Ошол кеңештердин ортосундагы ишти координациялап туруу үчүн туруктуу катчылык иштейт, анын башкы катчысы жана ар бир мүчө өлкөдөн бирден орун басары бар. Алар ар бир өлкөдөн ротация жолу менен алмашып турат.

Би-Би-Си: Түркий мамлекеттер уюму 2009-жылы кол коюлган Нахичеван келишиминде тышкы саясий маселелер боюнча жалпы позицияны иштеп чыгышат деп көрсөтүлгөн. Уюмдун ишинде ушул принцип канчалык иштеп жатат?

А. Койчиев: Ооба, ошондой деп көрсөтүлгөн, анын ар кандай механизмдери, жолдору  бар жана ишке ашып жатат деп эсептейм. Бир эле мисал, 2021-жылы эки коңшу мамлекет Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда бир нече жолу чек ара чатактары чыгып кетти. Мына ошондо Түркий мамлекеттер уюмунун мүчөлөрү Кыргызстандын чек ара, аймактык бүтүндүгүн, андагы саясий стабилдүүлүктү  колдоп, биргелешкен позициясын билдирди. Бул сиз айтып аткан Нахичеван келишиминин мүдөөсүнө төп келет. Ошол келишимде каралган жоболордун ишке ашып жатканынын далили.

Сүрөттүн булагы, kenesh.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

ТүркПАнын кезектеги жыйыны жакында Кыргызстанда Ысык-Көлдө болду

Би-Би-Си: Уюмдун парламенттик ассаблеясынын жыйында жакында Ысык-Көлдө болгонун айтып кеттиңиз жогоруда. Андагы кабыл алынган негизги чечимдердин мааниси эмнеде?

А. Койчиев: Албетте, бул түркий мамлекеттердин ортосундагы парламенттик кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү. Бир нече багыттарда - мыйзам чыгаруу, жаш парламентарийлерди тарбиялоо, аял депутаттардын ролун өстүрүү жаатында жана башка чечимдерди кабыл алышты. Бул дагы ушул биздин уюмдун турумунан алып караганда, түрк мамлекеттердин ортосундагы парламенттик кызматташтыктын чыңдалышынын жакшы белгиси деп кабыл алынып жатат. Ал жерде бир нече комиттерге төрагалык кылуу Кыргызстанга өттү. Парламенттер аралык кызматташуу дагы түрк мамлекеттердин ортосундагы жалпы мүдөөлөргө кызмат кылат.

Би-Би-Си: Бул уюмга Түркмөнстан байкоочу макамда катышып жатат, Өзбекстан чыгып кетип кайра кошулду дегендей. Венгрия дагы байкоочу болуп катышып жатат. Уюмдун жаңы мүчөлөрүнүн, байкоочу мүчөлөрүнүн катары дагы бара-бара көбөйгөн жолдо баратат.

А. Койчиев: Түркий мамлекеттердин уюму бардык өлкөлөр менен, эл аралык уюмдар менен БУУнун уставынын негизиндеги баалуулуктарга таянып кызматташууга даяр. Албетте, түрк тилдүү мамлекеттердин интеграциясын этап-этап менен карасак болот. Өзбекстан кийин эле кошулду, интеграция процесси уланып жатат. Венгрия түрк дүйнөсү менен болгон жакындыкты, тилектештикти сезип туюп, байкоочу болуп кирди. Түрк ПАга дагы байкоочу болуп кирди. Өздөрү айткандай, алар Чыгыштын эң четки батыш мамлекети, Батыштын эң четки чыгыш мамлекети деп айтып жүрүшпөйбү, ошондуктан алар түрк тилдүүлөр менен, өзгөчө Түркия менен жакындыкты баалашат экен.

Сурооңуздун экинчи жагына келсек, албетте, бул уюм БУУ баш болгон эл аралык уюмдардын баары менен кызматташып, аларды байкоочу катары чакырууга умтулууда. Себеби, Түркий мамлекеттер уюму көп тараптуу кызматташтыктын уникалдуу платформасы деп айтылып жүрөт. Анын себеби, жана сиз айтып өткөн Нахичеван келишиминде айтылгандай, бул уюмдагы өлкөлөрдү тилдик, тарыхый, салттык жалпылык бириктирип турат, жакындык бар, ошонун өзү уникалдуу мүмкүнчүлүк. Адатта мындай  регионалдык уюмдар ар кандай кыйын кырдаалда, конфликттик кырдаалдан кийин жаралып калышы мүмкүн да. А бул жерде тарых өзү шарттады деп документтерде айтылып келет. Ошондуктун бул уникалдуу уюм башка өлкөлор менен дагы кызматташууга даяр жана анын жолдорун дайыма издеп келет. 

Сүрөттүн булагы, Official