Владимир Путин: Мен 1990-жылдары таксист болуп кошумча иштегем

Путин Хабаровск шаарында Lada үлгүсүндөгү унааны сынап көрүүдө (2010-жылдагы файл сүрөтү)

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Путин Хабаровск шаарында Lada үлгүсүндөгү унааны сынап көрүүдө (2010-жылдагы файл сүрөтү)

Орусиянын президенти Владимир Путин 1991-жылы СССРдин кулагандыгына өкүнүчүн айтып, кошумча киреше табуу үчүн таксист болуп иштөөгө туура келген учурлар болгонун айтты.

СССРдин кыйраганынан улам келип чыккан экономикалык кыйынчылыктар көптөгөн орусиялыктарды акча табуунун жаңы жолдорун издөөгө мажбурлады.

Путин мырза ал ыдыроону тарыхый Орусиянын кыйрашы катары сыпаттады.

Бул сөздөр анын мурдагы советтик республика болгон Украинага карата ниети тууралуу божомолдорду күчөтүшү мүмкүн.

Орусия Украина менен болгон чек арасына 90 миңден ашуун аскерин топтоду жана басып кирүүнү пландап жатат деген кооптонуулар бар.

Орусия муну четке кагып, Украинаны чагымчылдык үчүн айыптап, НАТОнун чыгышка кеңейүүсүн токтотууга кепилдик издөөдө.

Путин мырзанын бул сөздөрү жекшембиде көрсөтүлгөн "Россия, акыркы тарых" деген даректүү тасмадан келип чыкты.

"Бул Советтер Союзу деген ат менен аталган тарыхый Орусиянын ыдырашы болгон", - деген ал, ошол кезде Батышта Орусиянын андан ары ыдырашы убакыттын гана маселеси деп эсептелип турганын кошумчалады.

Путин мырза ал кыйроону трагедия катары баалаганы мурдатан белгилүү болчу, бирок анын ошол кездеги жеке кыйынчылыктары тууралуу айткандары жаңылык болду.

"Кээде кошумча акча табууга туура келди. Мен жеке айдоочу катары унаа менен кошумча акча табууну айтып жатам. Чынын айтсам, бул жөнүндө айтуу жагымсыз, бирок тилекке каршы, ошондой күндөр да болгон," - деди ал.

Ал кезде Орусияда такси сейрек болчу, жана көптөгөн жеке айдоочулар бейтааныш адамдарды унаасы менен ташып, күнүмдүк тиричиликке каражат табышчу. Кээ бирлери такси катары тез жардам сыяктуу атайын жумуш унааларын да колдонушкан.

Путин мырза СССРдин коопсуздук кызматы болгон КГБнын мурдагы агенти экени белгилүү.

Бирок 1990-жылдардын башында Санкт-Петербургдун мэри Анатолий Собчактын кеңсесинде иштеген. Ал 1991-жылдын августунда СССРдин президенти Михаил Горбачевго каршы жасалып, СССРдин ыдырашына алып келген төңкөрүштөн кийин КГБдан кеткенин айткан.

“Бомбила” тосуу

Патрик Жексон, Би-Би-Си жаңылыктары

Чын эле, мен бир түнү автобазага кайтып бараткан автобуска түшүп алгам, бирок тез жардам машинасынын жанынан түшүп калдым ... Булар 1990-жылдары Россияда таксинин дагы ишин аткарып жүргөн унаалардын бири болчу. Мен Москвада тааныган орус жаштарынын ар бири аларды колдонуп жаткандай көрүнчү жана акырында, унаасы бар ар бир орус үй-бүлө башчысы “бомбила”  аталган бейформал такси айдоочусу болуп иштеп, кошумча каражат тапканга аракет кылчу.

Мен 1989-жылы студент болуп биринчи жолу келгенде эки гана жазылбаган эреже бар болчу: бирден ашык кишиси бар унаага түшпөө жана жолго чыгаарда жол кирени макулдашып ал. Анткени расмий таксилер жетишсиз болчу. Адатта, сиз туш болуучу эң чоң тобокелдик - коопсуздук курун тагынам деп мачо айдоочуну кемсинтип кою болгон.

1991-жылы СССР кулап, рубль наркын жоготкондо, бейформал базарлар козу карындай көбөйдү, андыктан, ал кезде ар кандай катмардагы адамдардын коштоосунда жүрүп калышың толук мүмкүн болчу.

Анда-санда айдоочулар менен насаат айтып сүйлөшчү элем. Көп учурда алар унчукпай кете беришчү.

Балким ага айдоочу менин батыштан экенимди өтө кеч түшүнүп, көбүрөөк акча сурбаптырмын деп ичтен өкүнүп калганы, же алар пландаган карьераларын куруп жана каалагандай жашоосуна умтулуунун ордуна өмүрүнүн мыкты жылдарын "бомбила" болуп өткөрүп жатканынан өздөрү уялганы себеп болгондур. (DO)