МАГАТЭдеги теңсиздик жана Кыргызстандын АЭС кыялы
Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек

Сүрөттүн булагы, Getty Images
МАГАТЭнин башкы кеңсеси Венада жайгашкан
Кыргызстан Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктеги өлкөлөр тобуна мүчө болбогондуктан шайлануу укугунан ажырап келатат. Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министри Венадагы жыйында сүйлөгөн сөзүндө бул фактыны теңсиздик деп атады.
Бообек Ажикеев бул маселеге МАГАТЭнин Башкы конференциясынын Венада өтүп жаткан 65-сессиясында сүйлөгөн сөзүндө токтоло кетти.
“МАГАТЭ бардык мүчө мамлекеттердин теңчилигинин принцибинин негизинде иштейт. 20дан ашык мамлекет, анын ичинде Кыргызстан бир дагы өлкөлөр тобуна катталган эмес. Топко мүчө болбогондуктан, биз шайлануу укугунан ажырап жатабыз. Бул нерсе Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиктин мүчөлөрүнүн ортосунда теңсиздикти жаратып жатат», - деди министр.
Кыргызстан бул маселе жөнүндө бир нече жолу кайрылган, бирок оң чечилбей келатат.
“Биз маселени толук жана кеңири талкуулоого жана Катчылыкты мындай узакка созулган кырдаалды чечүү сунуштарын киргизүүгө чакырабыз", - деди Б.Ажикеев.
Кыргыз министринин өтүнүчүнө МАГАТЭнин жетекчилиги дароо реакция кылды. Кыргызстандын кайрылуусу 24-сентябрдагы жыйындын күн тартибине кирди.
Сүрөттүн булагы, iaea
МАГАТЭни Башкаруучулар кеңеши башкарат.
Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик - атом энергиясын тынчтык максатта колдонуу чөйрөсүндө кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча эл аралык уюм. Ал 1957-жылы негизделген. Уюмдун ишмердиги өзөктүк технология жана аны колдонуу саясаты менен ажырагыс байланышта.
МАГАТЭнин башкаруу органы анын Башкаруучулар кеңеши, мүчө-мамлекеттердин башкы конференциясы. Башкаруучулар кеңеши беш жылда бир чогулат, Башкы конференцияга агенттиктин иши жана бюджети жөнүндө сунуштарды берет, башкы директорун дайындайт. Аны Башкы конференция бекитет.
МАГАТЭнин расмий сайтына мүчө болгон 173 өлкө бар. Кыргызстан 2003-жылы мүчө болгон. Бирок ошондон бери Кыргызстан сыяктуу өлкөлөр андагы башкаруу органдарын шайлоочу топторго кире албай келатат.
“Биз толук кандуу мүчө эмеспиз. Себеби дегенде биз шайлоого катышканга чектелгенбиз, өлкөлөр тобуна кирбегендиктен. Андагы эң чоң легитимдүү орган Башкаруучулар кеңеши. Негизги саясат, бюджет, баарын, анын ичинде башкы директорду дайындоону Башкаруучулар кеңеши чечет. Ошол кеңешке биз шайланбай калып атабыз”,-деди Бообек Ажикеев Би-Би-Сиге.
Кыргызстан көп жылдан бери МАГАТЭ менен өлкөдөгү уран калдыктарын зыянсыздандыруу багытында иштешип келатат. Аны менен биргеликте Борбор Азиядагы уран калдыктарын рекультивациялоо боюнча стратегиялык башкы план иштелип чыккан. Жерлерди калыбына келтирүү боюнча эффективдүү мамиленин жол картасы түзүлгөн. Эми жаңыланган Стратегиялык башкы планына кол коюу пландаштырылууда.
Сүрөттүн булагы, Getty Images
Жапонияда Фукусимо АЭСинде 2011-жылы болгон кырсык өлкө үчүн оор сыноо болуп калды.
"Ойдон өчүрбөшүбүз керек"
Кыргызстандын МАГАТЭ менен мамилеси уран калдыктарын зыянсыздандыруу менен эле чектелип калбайт. Өзөктүк технологияны тынчтык максатта колдонуу менен байланышкан бардык иштерди бул эл аралык уюм менен кеңешип чечсе, иш алып барса болот. Анын ичинде атомдук электр станциясын куруу жөнүндө да маселени караса болот.
“Азыркы күндө жетишкен бардык мамлекеттерде атомдук электр станциясы бар. Мисалы, Жапонияда кандай коркунучтуу кырсык болсо дагы, алар андан баш тарткан жок. Аны өнүктүрүп, башка АЭСтерди салып атат. Себеби дегенде анын коопсуздук шарттары дагы абдан күчөдү. Жаңы муундагы АЭСтер чыгып атат. Жаныбыздагы өлкөлөр Пакистан, Индия, кошунабыз Өзбекстанды айталы. Өзбекстандын ою ошол жакта баратат. Беларус, Россияны алыңыз. Бизге караганда техникалык жактан жетишкен мамлекеттер баары АЭСке жакшы көңүл буруп жатышат. Биз АЭСти өзүбүздүн оюбуздан өчүрбөшүбүз керек”,-дейт министр Бообек Ажикеев.