“Кечээ канча кишини жоготтук, бүгүн эреже сактаган бириң жок!”: партиялардын медицинага мамилеси

Бишкектеги стационар

Кыргызстанда вирустун жайылуу статистикасы май айындагы көрсөткүчтөргө жакындап, 14-сентябрда вирус 47 кишиден аныкталды. Өлкөдө коронавирустун экинчи толкуну бир-эки айда болушу мүмкүн деген расмий божомол бар. Бирок шайлоонун үгүт иштери башталганы  партиялар дагы, шайлоочулар да июль айындагы апаатты тез эле унутту деген сындар айтылып жатат.

“Бул илдеттен жакын тааныштарым, айылдаштарым, жакын инилеримден дүйнө салгандар болду. Өкмөттүн даярдыгы жакшы болгондо, мүмкүн, өлүм азыраак болот деген ой тынчымды алып келет. Мен өзүмчө күтүп жаткам, кайсыл партия Кыргызстандагы саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрөм, элдин ден-соолугу үчүн алгылыктуу иштер жасайм десе, ошол партияга добуш берейин деп. Мына шайлоого бир нече эле күн калды, азыркыга чейин алгылыктуу, ынанымдуу, саламаттыкты сактоо тармагын жакшыртам деген идеяларды мен бир да партиядан укпадым”,- дейт Бишкектин тургуну Бектемир.

Кыргызстанда үгүт өнөктүгү башталганына он күн болду. Партиялар эл кыдырып,  түрдүү убадалар менен электораттын көңүлүн алууга умтулууда.

“Азыр мен Бишкектеги поликлиникалардын биринде турам, кезек күткөндөр толтура. Мына, анализ тапшыруу үчүн алдыга кезекке турайын деп таңкы жетиде келдим. Ошондо да кезекте он бешинчи болдум. Кечээ эле бири-бирибизге дары-дармек ташып,  тааныштарыбыздын канчасы өлдү эле. Бүгүн саясат деп жүздөн киши чогулуп, беткап тагынбай жүрөсүңөр. Саясий партиялардын лидерлери силерге суроо: силер медицинадагы маселелерди кантип чечкени жатасыңар? ”,- деп партия лидерлерине суроо салды Бишкектин тургун Айбек Жаныбаев.

Шайлоого аттанган бардык эле партиялар өз программаларында медицина тармагын реформалоо,  улуттук ден-соолук сыяктуу маселелерди көтөрүүдө. Айрым партиялар Түркиянын, Грузиянын тажрыйбасын мисал кылып, саламаттыкты сактоо тармагын жарым жылда жаңылоо мүмкүн экенин, ал үчүн мамлекеттик ооруканаларды жеке менчикке өткөрүү,  аталган тармакты каржылоо саясатын өзгөртүүнү сунуштап жатышат.  Бирок жарандык аң-сезимдүүлүк менен алардын ар биринин программасы менен таанышып, анализдегенге ар бир эле шайлоочунун чама-чаркы жетпей жаткан өңдүү.

Эрмек Исмаилов, кызыл зонада иш алып барган дарыгер, пандемиянын кесепетин жон териси менен сезген. Ал бул жолку шайлоого болушунча жоопкерчилик менен мамиле жасап жатканын айтты :

“4-октябрда өтө турган шайлоого барам деп турам. Азыр көп эле партиялар медицина тармагын реформалоо тууралуу сунуштарын берүүдө.  “Реформа”, “Бир Бол” жана “Ата Мекен” партияларынын программаларынан көрдүм. Алар чоң өзгөрүүлөргө убадасын берип жатышат. Албетте, бул жакшы көрүнүш, пандемия медицина тармагын 180 градуска өзгөртпөсө, азыркы турушубуз менен алыска бара албашыбызды көрсөттү.  Албетте, азыр берилип жаткан убадаларды кыска мөөнөттө аткаруу абдан оор. Себеби, биздин медицина коңшуларга салыштырмалуу 30-40 жылга артта калган. Реформаны биринчи административдик жактан баштаса да жакшы болмок”.

Кооронавирус пандемиясы соңку жарым жылда ондогон жылдар бою чечилбей келген саламаттыкты сактоо тармагындагы бардык системдик көйгөйлөрдү кашкайта ачып берди.  Саламаттыкты сактоо министрлигин жетишсиз каржылоо,  андагы башкаруудагы кемчиликтер, ырааттуу реформанын жоктугу көп жарандардын өмүрүнө турду.

“Азыркы жагдай мамлекеттик системадагы бир топ илдеттерибизди ашкереледи. Бул боюнча жыйынтыктарды чыгарып, иш баштайбыз.  Мамлекеттик бир топ маселе, багыттар боюнча  ойлонуп жатам. Элдин ден-соолугуна таасир этчү бир топ кадамдарга барабыз, анын негизгиси саламаттыкты сактоо тармагын кескин жаңыртуу, жакшыртуу. Болбосо бүгүн барыбыз туш болдук,  улуттук саламаттыгына коркунуч жаралды.  Бул тармакта толук реформа жасайбыз”,- деген эле президент 18-июлда.

Андан кийин кыргыз бийлиги тышкы донорлордон COVID-19 менен күрөшүү боюнча миллиондогон жардам, карыз да алды.

Бирок эми кыргыз өкмөтү абал турукташып калды деген негизде саламаттыкты сактоо тармагынын чыгымдарын кыскартуу тууралуу кеп кыла баштады.

“Бүгүнкү күнү кырдаал өлкөдө стабилдешип калды. Күн сайын жакшы жакка жылыш болуп атат, ошого карата саламаттык тармагына чыгымдар акырындык менен азайып жатат.  Андыктан мындан ары сырткы булактардан алынган каражаттар экономиканы кайра калыбына келтирүүгө жумшалат”, -деди кечээ жакында эле вице-премьер-министр Эркин Асрандиев.

Буга чейин коронавируска каршы күрөшүү республикалык штабын жетектеп келген аткаминерлер да шайлоого аттанып, учурда экинчи толкунга даярдык эмес, көбүрөөк үгүт иштери менен алек экени байкалат. Бул жагдай  да коомдук сайттарда талкууга түшүүдө. (EKa)