Россиянын Украинага каршы согушу дүйнөнү кантип жакыр кылууда: он факты менен божомол

Алексей Калмыков, Би-Би-Си

Россиянын Украинага кол салышы дүйнөнүн ковид кризисинен кийин калыбына келишине жана өнүгүүнүн мурунку темпине кайтышына тоскоол болду. Колдон чыккан экономикалык мүмкүнчүлүктөр бул жылы эле бир триллион доллар болуп бааланууда. Биринчи кезекте бай эмес өлкөлөр, анын ичинде Россиянын өзү кошо зыян тарта турганын эки дүйнөлүк институттун экономисттери эскертүүдө.

 

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Донецкидеги мунай иштеткен базадагы өрт

Дүйнөлүк банк менен бай өлкөлөрдүн клубу дүйнөлүк экономиканын жарым жылдык өнүгүүсүнө мурдагы оптимисттик көз караштарын кайра карап чыгып, жаңы диагноз коюшту: тез арада сакаюу жөнүндө сөз жок, ал эми дагы бир кризистин чеңгелинде калуу коркунучу болуп көрбөгөндөй реалдуу жана жогору.

 

"Россиянын Украинага каршы согушунан дүйнө чоң зыян тартат. Эки жылдык пандемиядан кийин жандана баштаган экономиканын оңолушуна коркунуч туудурууда, -деп айтылат ЭКӨУ (Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюму) отчетунда. – Абдан жакыр өлкөлөр көп зыян тарта турганы айдан ачык".

 

"Россиянын Украинага басып кириши глобалдык экономикага зыян алып келди, энергетика рыногун кыйсыпыр кылды, өнүгүп бараткан өлкөлөрдө азык-түлүк тартыштыгы менен жакырчылык көйгөйүн ого бетер курчутту", -дейт Дүйнөлүк банктын экономисттери.

 

Эки отчет 400 дөн ашык бетти ээлеген текст менен таблицадан турат. Биз аларды окуп чыгып, Россиянын Украинага басып кириши дүйнөнүн кендирин кантип кесип атканын көрсөткөн он факты менен божомолду иргеп алдык.

1. Согуштун куну

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Донецкидеги фермада артиллериялык соккудан кийинки күн караманын түшүмү

Дүйнөлүк банк глобалдык экономика 2022-жылы араң 2,9% өсүш берет божомол кылууда, мурунку прогноздо 4,1% деп көрсөтүлгөн эле. Ал эми ЭКӨУ өзүнүн божомолун мурдагы 4,5%дан 3% ка чейин түшүрдү.

Ортодогу бир жарым пайыздык айырма -  дүйнөлүк ИДПнын быйыл биринчи жолу 100 триллиондон ашып жатканын эске алганда, эбегейсиз чоң сумма. 

Согуштан сырткары Кытайдын өзүндө ковиддин көйгөйү бүтө элек, ал эми өнүккөн өлкөлөрдө россиялык агрессиядан кийин күчөгөн инфляция менен күрөшүп, кредиттик ставкаларды көтөрүп жатышат.

Дүйнөлүк экономиканын өзүнүн циклдары бар: көтөрүлүп барып кайра басаңдайт, андан кийин кезектеги рецессияга чейин оңолуу жолунда болот, ошондой улана берет. Дүйнөлүк экинчи согуштан кийин дүйнө кеминде беш рецессияны баштан өткөрдү, алардын бири 2020-жылдагы Ковид кризиси.

Бирок экономиканын калыбына келиши азыркыдай тез чалынган эмес. Анын башкы себеби -  Россиянын Украинага кол салышы.

Азырынча сөз жаңы төмөндөө жөнүндө эмес, басаңдоо тууралуу. Бирок эгер иш рецессияга чейин жетсе, анда дүйнөлүк экономиканын тарыхында жаңы рекорд болот – жаңы төмөндөөнүн алдында мынчалык кыска мөөнөттөгү өсүштү дүйнө 80 жылдан бери көргөн эмес..

2. Байлардан мурда жакырлар көп зыян тартат

Кандай гана кризис болбосун, өнүккөн өлкөлөргө караганда өнүгүп бараткан өлкөлөр тез жакырланат, анткени алардын каруусу бош, азык-түлүк менен энергия булактарынан көбүрөөк көз каранды, тамак-аш, отун, технология жана жабдууларды сатып алганга кредит албаса болбойт. Россиянын Украинага басып кириши аларга да экономикалык сокку урду.

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Шри-Ланкада кризис, дефолт, дефицит жана каршылыктар. Калгандарына да кезек келет

"Ковид ансыз деле өнүгүп бараткан өлкөлөрдүн кирешесин азайтып, жакырчылыкка кайра кептеди. Украинадагы согуштун кесепети бул көйгөйлөрдү ого бетер күчөттү. Натыйжада бул өлкөлөрдүн болжолдуу 40 пайызында жан башына алгандагы реалдуу кирешеси ковидке чейинки деңгээлге кайтып келбейт. Алардын көбү рецессиядан кутулуп кете албайт," - дейт Дүйнөлүк банктын экономисттери.

 "Россия менен Украинадан дандын экспортунун кыскарышы олуттуу тынчсыздануу жаратууда, бул өнүгүп бараткан өлкөлөрдө тамак-аштын абдан чоң тартыштыгына алып келиши мүмкүн. Аларга экономикалык кризис эле эмес, гуманитардык кырсык, жакырчылык, ачарчылык келатат", - дейт ЭКӨУ экономисттери.

3. Россия, Украина менен анын коңшулары биринчи жабыркайт

Европа менен Борбордук Азия 2022-жылдын башында ковидке чейинки өсүштүн траекториясына кайтып келди. Бирок ошол тапта Путиндин армиясы украин чек арасын кесип өттү.

"Россиянын басып кириши бул өсүштүн жолун тороду, эми 2022-жылы региондун экономикасы болжолдуу алганда 3% кыскарат", - деп жазды январда эле кыскаруу эмес, 3% өсүштү күтүп турган Дүйнөлүк банк.

 Рецессия баарына тийбейт, Россия менен Украинаны, ошондой эле СССРдин мурдагы төрт өлкөсүн - Беларус, Молдова, Кыргызстан жана Тажикистанды басат, -дейт Дүйнөлүк банк.

 Украинанын Ички дүң продукту эсептөөлөр боюнча 2022-жылы  45% түшөт жана жакын аралыкта оңолбойт.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

 

Киевде курман болгондордун тажиясы. "Согуштун кесепети дагы далай жылдар бою сезилет ", - деп жазат Дүйнөлүк банк.

Россиянын ИДП болжолдуу алганда 9% кыскарат, келерки жылы да өсүшкө чыкпайт, дагы 2% түшөт. Европа анын мунайын алууга эмбарго салып койду, инвестиция  менен импорт кыскарууда.

 Бул Дүйнөлүк банктын божомолу. ЭКӨУ Россия менен Украинага прогноз бербейт, анткени ал бай өлкөлөрдүн клубу. Путин Крымды сегиз жыл мурда аннекциялап алгандан кийин Россиянын бул клубга кошулуу ниети кыялга айланды.

4. Украин качкындарынын Европага жүгү оор болот

Тагыраак айтканда, 2022-жылы эле 26 млрд евро сарпталат деп эсептейт ЭКӨУ.

Бул сумманын үчтөн экиси – качкындарды кабыл алып жайгаштырууга эле кетет. Билим берүү жана саламаттык сактоо менен байланыштуу кошумча каржылоого 9 млрд евро керек болот.

Европа биримдигине ооп барган украин качкындарынын саны беш миллиондон ашты.

" Украинадагы согуш Дүйнөлүк экинчи согуштан бери боло элек тарыхый масштабдагы миграцияга алып келди. Сирияда эки жылдык согуштан үч миллион адам качкын болду, ал эми Украинадан биринчи эле үч аптада ушунча качкын пайда болду", - дейт ЭКӨУ.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Качкындардын басымдуу бөлүгү балдар менен аялдар

5. Украиналык качкындар – Европа үчүн чыгым эле эмес

Бир жагынан качкындар Евробиримдиктеги жана Батыштагы башка өнүккөн өлкөлөр үчүн жумушчу күчүнүн тартыштыгын компенсация кылат, пандемиядан кийин дүйнөлүк экономиканын калыбына келишинде бул өзүнчө кыйынчылык болуп жаткан эле.

 "Украинадан качкындар менен россиялык мигранттардын келиши, айрыкча анын ичиндеги билимдүү жана кесипкөй кызматкерлер ички суроо талапка оң эффект берет, бара-бара эмгекке жарамдуу калктын көбөйгөнүнө жараша экономикалык өсүш болот",-дейт Дүйнөлүк банк.  

6. Согуш мунай менен газдын баасын асманга учурду (айрыкча Европада)

Санкциялар, батыш соодасынын өзүнүн чектөөлөрү жана Россиянын энергетикалык опузасы мунайдын баасынын ковидке чейинкиге салыштырганда 4,5 эсе кымбатташына алып келди. Дүйнө 1970-жылдардагы ири мунай кризисинен бери баалардын мынчалык секиришин көргөн эмес.  

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Лисичанскидеги мунай иштеткен заводдогу өрт

Бирок Европада газдын баасы эле тарыхый рекорд коюп жаткан жок. Көмүр баасы 2008-жылдагы позицияга жакындады.

Асмандаган баалар Россиянын экспортуна Европанын чектөө салган реакциясынын натыйжасы. Эгер мурда Россия Европанын керектөөсүнүн 40% жаап келсе, 2021-жылы ковид убагында ал 35% түшкөн, азыр 25% да аз болуп калды.

Кредиторлор, камсыздандыруучулар жана жүк ташыгандар үчүн салынган чектөөлөр дүйнөлүк экономиканын үч пайызына зыян алып келгенин ЭКӨУнун экономисттери эсептеп чыкты.

Дүйнө соода кылып жаткан 4,5 миң негизги товардын ичинен дүйнөлүк рыноктогу Россия менен Украинанын 15% ашык үлүшүн алганда, үзгүлтүккө учураган жүздөгөн позиция бар. Бул негизинен металлдар, мунай химия өнөр жайынын продукциясы жана азык-түлүк.

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Харьковдун жанындагы ферманын артиллериялык соккудан кийинки түрү

8. Доллар бекемделет. Жакыр өлкөлөр эле жабыр тартат

Доллардын бекемделиши көп жагынан алганда АКШда кредиттик ставкалардын көтөрүлүшү менен байланыштуу, бирок экинчи жагынан Россия согуш баштаган континенттеги өлкөлөрдүн акчасы евронун алсыздыгы менен түшүндүрүлөт.

Валюталык насыялардын кымбатташы өнүгүп бараткан өлкөлөрдүн экономикасынын финансылык туруктуулугуна коркунуч жаратууда.

 ЭКӨУ биринчи кезекте кыйнала турган өлкөлөрдү атап көрсөттү.

 "Валютадагы мамлекеттик карыздын үлүшү Түркияда, Болгарияда, Румыния менен Аргентинада жогорку деңгээлде калууда  - 50-70%. Эгер өнүгүп бараткан өлкөлөрдөн капиталдын качышы уланса, девальвация карыздын жүгүн ого бетер оорлотот”,-деп жазды  ЭКӨУ экономисттери. Алар дефолтко түшкөн Ливан менен Шри-Ланканы мисал келтирүүдө. 

9. Климаттык өзгөрүүлөр жөнүндө убактылуу унутушту

Европа Россияга болгон мунай-газ көз карандылыгынан кутулууга умтулуп жатканда, “жашыл экономика” пландары үзгүлтүккө учурады. Ыштаган көмүрдөн жана өзөктүк отундан “таза” жаратылыш газына өтүү максаттары жарыяланды эле. Ал эми газдын чоң бөлүгү Россиянын колунда. 

Эми болсо Россиянын газына караганда АКШ менен Катардын газы, керек болсо Польша менен Германиянын көмүрүн алыш керек болуп калды.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Германия атом станцияларын жабууда, бирок көмүр жакканга даяр

"Энергетикалык кризистин алдын алуу аракеттери углеводороддордун альтернативдүү экспортерлорун шашылыш түрдө издөөгө жана көмүрдү керектөөнүн өсүшүнө алып келди.  Бул убактылуу чара болушу мүмкүн, анткени дүйнөгө энергиянын таза булактары керек болууда", - деп жазды отчеттун кириш сөзүндө ЭКӨУнин башкы экономисти Лоранс Бун.

10. Согуш качан токтойт, санкциялар качан алынат?

Эки божомол тең эң мүмкүн болгон варианттарга негизделген, авторлордун баамында согуш тигил же бул формасында бир жылдан кем болбойт, ал эми Россия менен Беларуска санкциялар күчүндө кала берет.

 

Дүйнөлүк банктын жана ЭКӨУнүн дагы божомолу боюнча, Россиянын көмүрү менен мунайына европалык эмбарго күчүнө кирет, чийки зат менен металлдарга баалардын өсүшү токтойт, бирок жогору бойдон калат, дүйнөлүк соодада логистиканын кыйынчылыктары болот, ал эми бүт дүйнөдө кредиттик ставкалар көтөрүлө берет. (КС)