Талибандын жетекчилери Афганистанга кайтышты

Талибдер

Катарда бозгунда жүргөн Талибандын лидерлери Афганистанга кайтып келди. Алар жаңы өкмөттү түзүшмөкчү.

Ашраф Гани кайда?

20:26 

Афганистандын мурдагы президенти Ашраф Гани жекшемби күнү өлкөдөн качып кеткен. Бирок ал кайда кеткен жана азыр ал кайда экени белгисиз.

Кабулду Талибан басып алгандан кийин ал кошуна өлкөлөр Өзбекстанга же Тажикстанга өтүп кеткен болушу мүмкүн деген жоромолдор айтылып жаткан. Башка маалыматтар боюнча, ал Оманга багыт алган.

Шаршемби күнү ырасталбаган маалыматтар боюнча, аны БАЭнин борбору Абу Дабиде көрүшкөн.

Афганистанды 2014-жылдан бери башкарып келаткан Ганинин өлкөдөн чыгып кетиши өтө талаштуу бойдон калууда. Өкмөттүк министрлер анын качып кеткенин сындап жатышат.

Ал Фейсбукта өз аракетин төмөнкүдөй коргогон: “Кан төгүү болбошу үчүн чыгып кеткеним жакшы болот деп ойлодум”.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Ашраф Гани (солдо) ишемби күнү, жикчилдер келгенге чейин Кабулдагы аскерлерге барган

Башка жихад топтору Талибан жөнүндө эмне деп жатышат?

18:15

Мина ал-Лами, Жихад боюнча медиа адис, BBC Monitoring

Жихадчылар Талибан шариятка негизделген Ислам мамлекетин түптөйт бекен, шариятка негизделген өлкө канчалык нукура жана бекем болот деп карап күтүп жатышат.

Ал ортодо жихадчылар, “Ислам мамлекети тобун” эске албаганда, Талибандын “тарыхый жеңишин” жылуу кабыл алып жатышат. Аны дүйнө жүзү боюнча жихадчылар менен ислам кыймылына пайда алып келет деп көрүүдө.

Талибдер чакан топ катары мифтик статуска ээ болуп калышты. Алар күл болуп жоголуп кеткен жерден пайда болушуп, АКШ/НАТО артында турган өлкөнү бир нече аптанын ичинде эле колго алып коюшту. Бирок жихадчылардын арасында бөлүнүү чектери пайда болууда.

Кошуналар менен аймактагы оюнчуларга, мисалы, Кытайга оң көз караш билдирген Талибандын тышкы саясаты жана алардын баарын камтыган инклюзивдүү өкмөт курарын каалаганы жөнүндөгү сөзү идеяга катуу кармангандарга, анын ичинде ал-Каиданын колдоочуларына туура келбейт.

Ал эми талибдердин өтө ишеничтүү каршылашы болгон “Ислам мамлекети” (ИМ) түшүнүксүз жагдай болууда. Себеби, ИМ Талибанды “чыккынчы жикчил” деп атап, аларга карата сын-пикирлерин калтырбай жаадырып келет.

ИМ атаандашынын ийгилигине кыжырданып жатат. Ошондуктан алар Талибандын стабилдүүлүк орнотуу аракетине тоскоолдук кылышы ыктымал. Бул эки топ чогуу иштеши мүмкүн эмес жана Талибан Афганистанда чектелүү ресурстарга ээ болгон кичинекей ИМ тобуна муктаж эмес.

ИМдин колдоочулары Афганистандагы окуялар боюнча ой-пикирлерин билдирип жатышат. Алар “Талибан АКШнын агенти жана АКШ саясий келишим менен Афганистанды Талибанга өткөрүп берди” деген эң эле негизги аргументти айтып жатышат.

Ошондой эле, Сириядагы жихадчы HTS тобунун мүчөлөрү менен ал-Каиданын колдоочуларынын ортосунда талаштар кызыды. Алар HTS менен Талибандын окшош болуп-болбогонунун айланасында жүрүүдө.

Ал-Каида менен анын жактоочулары HTS тобун жихадга артын салган саткын катары көрөт. HTS уюмунун колдоочулары болсо ал-Каиданы кош стандарттуулук үчүн күнөөлөп келишет. Тактап айтканда, ал-Каида Батыш өлкөлөрүнө кол салбайт деген өңдүү Талибандын саясий кадамдарын колдоп, окшош эле тактика колдонгон HTSти жамандайт.

Мындан улам көпчүлүк адамдардын оюндагы негизги суроо төмөнкүдөй болууда: Талибан чын эле өзгөрдүбү?

Талибандын байрагынын ордуна ооган туусу

17:00

Бүгүн Афганистандын чыгышындагы Жалалабад шаарында акциялар болуп өттү.

Нангархар облусундагы Жалалабад шаары жекшемби күнү эртең менен согушсуз эле Талибан тарабынан колго алынган. Аны басып алуу Афганистан менен Пакистанды туташтырып турган негизги жолдорду аталган топ көзөмөлгө алды дегенди билдирет.

Бирок шаршемби күнү аймактын тургундары Афганистандын байрагын колдоп жөө жүрүшкө чыкканы тартылган видео пайда болду. Маалыматтар боюнча, андан соң топту бөлүп таратуу үчүн ок атылган.

Видеодон митингчилер Талибандын байрагынын ордуна Афганистандын туусун көтөрүп жүргөнүн көрүүгө болот.

Талибан жаңы жарыялаган Афганистан Ислам Эмираты ак байракта кара түстө жазылган шахаданы колдонуп келет.

Митингчилер бүгүн колдонгон кара, кызыл жана жашыл түстүү байрак кулаган өкмөттү чагылдыргандай болду.

Талибандын өкүлү Забихулла Мужахид келечектеги улуттук байрак боюнча талкуу жүрүп жатканын айтты. Чечимди болочоктогу өкмөт чыгармакчы.

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Согушкерлер жекшемби күнү Жалалабадда өздөрүнүн байрагын алып жүрүшкөнү байкалды

“Ооган качкындарын депортациялоону токтоткула”

16:41

Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча жогорку комиссары Филиппо Гранди Батыш өлкөлөрүн ооган жарандарын депортациялоону токтотууга чакырды.

Бир нече Европа мамлекеттери, анын ичинде Германия менен Нидерланддар, өткөн аптада Талибан өлкөнүн көпчүлүк бөлүгүн басып алганда депортациялоону токтотконун жарыялады. Бирок Европа Биримдигиндеги башка бир канча мүчө өлкөлөр депортациялоону улантарын айтты.

Грандинин айтымында, Афганистандын кошуналары да, айрыкча Иран менен Пакистан, Талибандын башкаруусунан коркуп качкан оогандарга чыгып кетүүсү үчүн чек араларын ачык кармоосу маанилүү.

Алдыда көчүрүп жайгаштыруу боюнча чоң программа керек болуп калышы мүмкүн экенин Гранди кошумчалады.

Эсептер боюнча, январь айынан бери 550 миңдей ооган турак-жайын таштап кеткен. Ал эми эл аралык чек аралардан өткөндөрдүн саны боюнча маалыматтар азырынча жетишсиз.

Мекенине кайтып келген Талибандын саясий лидери

14:23

Маалыматтар боюнча, Талибандын саясий лидери Мулла Абдул Гани Барадар менен башка лидерлер бүгүн же эртең Кабулга келүүсү күтүлүүдө.

Шейшемби күнү мекенине кайтып келгендердин арасында Талибандын башчыларынын бири Барадар да болгон. Алар Катардан Афганистандын түштүгүндөгү Кандагар жергесине, өздөрүнүн руханий туулган жерине, барышкан.

Талибандын негиздөөчүлөрүнүн бири Барадар абактан боштулгандан кийин тынчтык процессине салым кошуу үчүн Катардагы АКШ менен сүйлөшүүлөргө катышкан.

Ал 2010-жылы Карачиде АКШ менен Пакистандын биргелешкен операциясында колго түшкөн болчу.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Талибандын негиздөөчүсү Барадар (ортодо) Москвада март айында болуп өткөн тынчтык конференциясына 

Талибандын лидерлери дүйнөгө жүзүн көрсөтөт

12:31

“Талибан кыймылынын башчылары дүйнөгө өз жүзүн эч кандай жаап-жашырбай көрсөтмөкчү”, - деп айтты жогорку кызматтагы өкүл Рейтер агенттигине.

Бул өткөн 20 жылдагы көрүнүш менен салыштырганда асман менен жердей айырмаланат. Себеби, мурда лидерлер негизинен жашынып жашачу.

Биз бул жаңы багыттын айрым белгилерине күбө болдук. Мисалы, шейшемби күнү уюмдун өкүлү Забихулла Мужахид Талибан бийликке келгенден кийинки алгачкы басма сөз жыйынында чыгып сүйлөдү. Журналисттер мурда көмүскөдө иш алып барган адамдын жүзүн көрүп аң-таң болуп калышты.

Ошондой эле, жогорку кызматтагы өкүл Талибандын мүчөлөрүнө өлкөдөгү тазалоо иштерин майрамдабай турууга буйрук берилгенин Рейтер агенттигине айткан. Жарандар курал-жарактар менен ок-дарыларды тапшырышы керек экенин кошумчалаган ал.

 

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Забихулла Мужахид (солдо) шейшемби күнү кечинде Кабулда басма сөз жыйынына барды

Дүйнөлүк лидерлердин Талибандын бийликке келишине реакциясы

12:12

Талибан Афганистандын бийлигин басып алгандан кийин элдештиргиси келген үн менен сүйлөгөн кыймылдын өкүлү Забихулла Мужахид жаңы өкмөттү түзүү боюнча сүйлөшүүлөр болуп жатканын айтты.

Дүйнөнүн башка лидерлери кандайча жооп берди?

  • Америка Кошмо Штаттары Талибан менен активдүү түрдө байланышта жана америкалыктар менен кошо ооган шериктештерин өлкөдөн коопсуз чыгарып кетүүнү көздөөдө. Бирок америкалык бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, АКШ күч менен бийликти алган Талибан баштаган өкмөттү тааныбайт. Расмийлер шейшембиде айткандай, Кабул кулагандан бери президент Байден башка дүйнө лидерлери менен сүйлөшө элек
  • Европа Биримдиги согушкерлерди мыйзамдуу башкаруучулар деп тааныбаса да ооган элине колдоо көрсөтүү үчүн Талибан менен байланыш түзүшү керек. Бул тууралуу аталган биримдиктин тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жозеп Боррел билдирди. “Биз Талибанды тааныйбыз деп айткан жокмун”, - деди ал шейшемби күнү
  • Британия Афганистанга гуманитардык жардамдын көлөмүн 10% жогорулатууну пландап жатканын британ тышкы иштер министри Доминик Рааб айтты. Бирок алар Талибан жетектеген өкмөттү таанып-тааныбасын айткан жок
  • НАТО Талибандын көзөмөлүнө өткөн өлкөгө бардык жардамды токтотту. Эгерде “инклюзивдүү өкмөт” түзүлө турган болсо, анда колдоо уланарын НАТОнун башчысы Йенс Столтенберг билдирди
  • Канаданын Талибанды мыйзамдуу башкаруучу катары таануу боюнча планы жок экенин өкмөт башчысы Жастин Трюдо айтты. Ал аталган топ террористтик уюм болуп эсептелерин белгиледи
  • Пакистандын маалымат министри шейшемби күнү айткандай, өлкө аймактагы жана эл аралык күчтөр менен кеңешкенден кийин гана Талибандын Афганистандагы өкмөтүн таанып-тааныбоо боюнча чечим кабыл алат

Талибандын басма сөз жыйыны: Негизги тыянактар

10:45

Афганистандагы бийликти колго алгандан кийин Талибан кыймылы биринчи жолу басма сөз жыйынын өткөрдү. Анда көптөгөн темалар козголду. Негизги тыянактар төмөнкүдөй:

  • Кыймыл өкмөттү куруу боюнча активдүү түрдө иштеп жатат. Уюмдун өкүлү Забихулла Мужахид ал “жыйынтыкталганда жарыяланмакчы” деди
  • Анын айтымында, “аялдар коомдук жашоого активдүү катышмакчы” жана аларга “ислам мыйзамдарынын чегинде” иштөөгө уруксат берилет. Бирок ал иш жүзүндө кандай болору жөнүндө чечмелеп берген жок
  • Чет элдиктер менен келишим аркылуу иштегендер жана котормочулар боюнча суроого Мужахид “эч кимден өч алынбайт” деп жооп берди. Аталган кыймыл “Афганистандагы стабилдүүлүк же тынчтык үчүн баарын кечиргенин” билдирди
  • Анын айтымында, Талибан прессаны сыйлоого жана “жеке менчик медиалар эркин жана көз карандысыз бойдон иштей берерине” убада берди
  • Бирок ал “медиа бизге каршы иштебеши керек” деп эскертти
  • Өлкө Ал-Каиданын согушкерлери же башка экстремисттер үчүн баш калка болуп калбайбы деген суроого Мужахид “Афганистандын жери эч кимге каршы колдонулбайт” деп жооп берди
Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Талибандын басма сөз жыйыны

18-августка карата соңку окуялардын кыскача мазмуну:

Азиядагы окурмандарыбызга кутман таң каалайбыз. Би-Би-Синин Афганистандагы кырдаал боюнча баяндоосуна куш келиңиз.

Бизге жаңы эле кошулуп жаткан болсоңуз, соңку окуялардын кыскача мазмуну:

  • Талибандын башчылары Катардан Афганистанга кайтып келишти. Алар Катарда АКШ менен эл аралык күчтөрдү чыгарып кетүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жүрүшкөн
  • Алардын арасында Талибандын тең түзүүчүсү Мулла Абдул Гани Барадар да бар. Аэропортто аны адамдар шаңдуу тосуп алышты
  • Өзүнүн алгачкы басма сөз жыйынында Талибан аялдар коомдук жашоого “ислам мыйзамдарынын чегинде” активдүү түрдө аралаша берсе болот деди
  • Британия алдыда 20 миңге чейин ооган качкындарын кабыл аларын айтты. Жаңы схема боюнча аялдарга артыкчылык берилет
  • Шейшемби күнү миңден ашуун америкалыктар 13 аскердик рейс менен эвакуацияланып, 2 миңдей афганистандыктар АКШга көчүрүлдү

Буга чейинки баяндамалар