Бабанов саясатка кайтар учур келдиби?

Бабанов

Сүрөттүн булагы, Social media

“Республика” партиясы шайлоодо жеңип, коалициялык көпчүлүккө кирсе, Өмүрбек Бабановду премьер-министрликке көрсөткөнү жатат. Бул жөнүндө саясий дебаттардын жүрүшүндө айтылды.

Бабанов президенттик шайлоодо жеңилип калгандан кийин саясаттан кеткенин билдирген болчу. Анын чоң саясатка кайтышына ыңгайлуу убак  келдиби?

Соңку саясий дебаттарда Өмүрбек Бабановдун ысымы абдан көп аталып жатты.  “Республика” лидери Мирлан Жээнчороев менен “Бир Бол” лидери Алтынбек Сулайманов  бул темада кенен кайым айтышты.

“Азыр өлкөдө абал оор. Биз саясий-экономикалык, социалдык кризисте турабыз. Жазында келген пандемия Кыргызстанды каржылык жактан бир топ артка тартты. Беш айда эле 500 миллион карыз болдук. Өндүрүш дээрлик токтоп турат. Салыктар түшпөй, социалдык төлөмдөрдүн кечигүү коркунучу бар. Бизге чукул реформаларды жасап, экономиканы алдыга жылдырчу өкмөт башчы керек. Мындай өкмөт башчы катары биз Өмүрбек Бабановду гана көрүп турабыз”, -деди “Республика” партиясынын талапкери Тынчтыкбек Алтымышев.

Бул аптада Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга келгени белгилүү болду. Саясий айдыңдан дээрлик бир жылга жоголуп кеткен Бабановдун кайтып келишин башында анын кызынын турмушка чыгып жатканы менен байланыштырышкан. Соңку жолу ал саясий кырдаал курчуп турган маалда Кой-Таштагы окуянын алдында Бишкекке келип кеткен эле.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

“Республика” лидерлеринин кийинки өкмөт башчы тууралуу билдирүүлөрү анын саясатка кайтуу ниети бар экенин көрсөтүп жатат.

Бабанов былтыр партиясындагы лидерликти Мирлан Жээнчороевге өткөрүп берген, быйылкы шайлоого карата тизмеге кирген жок.  

“Республика” буга чейинки чакырылыштарда “чөнтөк” оппозиция аталып келди. Бул шайлоодо жеңсе, партия багыты кандай болот болду экен?

“Буга чейинки ал кишинин саясий кадамдарын карап көрсөк, ар дайым бийлик менен же анын нугунда жүргөн инсан. Негизи эле Өмүрбек Токтогуловичти оппозициядан көрө албайм. Ошондой эле “Республика” деле оппозицияда болгон эмес. Өздөрүн парламенттеги оппозиция деп атап коюп келип жатышты. Бирок алардын канчалык оппозицияда экенин биз алтынчы чакырылыштан көрдүк. Эч андай стратегия, саясатын жүргүзүшкөн жок. Тек гана расчет менен жүрүштү. Оппозиция атын жамынышты”, -дейт “АК” кыймылынын лидери Максат Чакиев.

Сүрөттүн булагы, Official

Бабанов 2017-жылы Жээнбековдун негизги атаандашы болуп туруп, шайлоочулардын 33% добушун алган. Бирок саясий күрөшүн улантпай, сыртка чыгып кеткен.

Анын жактоочулары “Республика” лидери андан көп добуш топтогонун, бийлик административдик ресурс колдонуп, шайлоо жыйынтыгын бурмалаган деп келишет .

Оштогу Он-Адырда сүйлөгөн сөзү боюнча козголгон кылмыш иши да бир жаңсыл болбой, Бабанов азыр тушалган саясатчы.

Эгер “Республика” партиясы Жогорку Кеңешке келсе парламенттен тыш оппозициянын ураанын колдойбу?

“Иш козголушу керек. Кара-Сууда жашап жаткан жарандар ыйлап атат. Кара-Суу Матраимовдордун вотчинасы, үйү болду дешүүдө. Матраимов Раим дегени бажынын орун басары бар экен. Бажычыларды алып келип иштетти дейт ошол убакта. Эми ар бир нерсенин чеги бар да. Ошондуктан Матраимовдун да жоопкерчилигин кароону мен азыр фракциянын чечимине киргизем”, - бул Бабановдун туура үч жыл мурунку сөзү.

Анда “Республика – Ата-Журт” фракциясы жергиликтүү кеңешке карата өткөн шайлоолордогу мыйзам бузууларды караган эле.

Андан бери абал өзгөрүп, саясаттагы күчтөрдүн орду алмашты. Бирок Жээнчороевдин кечээки дебаттардагы риторикасынан улам “Республика” азыр деле ошол позицияны кармангандай.

Шайлоого жакын “Ата Мекен” партиясы да өкмөт башчылыкка экономика министринин мурунку орун басары Элдар Абакировду көрсөтүп жатат.

Калган партиялардан талапкер көрсөтүү тууралуу ар кандай ысымдар аталганы менен расмий билдирүүлөр боло элек.

Кыргызстанда шайлоого болгону үч күн калды.