БШК добуштарды кайрадан санакка алууда
БШК жыйынтыгы күмөн жараткан участоктордо добуштарды кайрадан санакка алуу чечимин кабыл алды. 10-11-декабрь күндөрү Көк-Жар, Ноокат, Араван, Ош, Төлөйкан, Жалал-Абад, Сузак, Токтогул, Манас, Талас, Ысык-Ата, Кочкор, Ысык-Көл шайлоо округдарындагы добуштарга аудит жасалат.

Парламенттик шайлоо 28-ноябрда өттү
Добуштарды кайрадан санакка алуу шайлоо тууралуу конституциялык мыйзамдын 36-беренесине ылайык жүрүп жатат.
Шайлоо күнү БШКнын сервери үзгүлтүккө учурап, маалыматтык система жаңырганда айрым партиялардын добушу азая түшкөн. Бул жагдай жана айрым шайлоо участкаларда АЭС менен кол санак протоколдорундагы маалыматтын айкалышпай жатканы шайлоонун жыйынтыгына күмөн жараткан.
“Бүтүн Кыргызстан” партиясы буга чейин 200 шайлоо участкасында добуштар кайра саналсын деп өтүнүч келтирген. Бирок кечээ партия бул тууралуу арызын кайтарып алганы белгилүү болду.
Кол санактар жыйынтыгы БШК сайтында расмий жарыялангандан кийин “Ишеним”, “Ата Журт Кыргызстан” партиялары да арыздарын кайра алышты.
“Ынтымак”, “Альянс”, “Эл үмүтү” да БШКдан кайрадан добуштарды санап чыгуу менен кайрылып, айрым участкалар боюнча дооматынан баш тартышты.
“Ата Мекен” жана “Социал-демократтардын” ушундай эле мазмундагы кайрылуусу БШКнын кароосунда турат.
“Азаттык” партиясы бардык шайлоо участкаларында добуштарды кайрадан санап чыгуу боюнча БШКга кайрылып, бирок өтүнүчү четке кагылды. Себеби, “толугу менен кайрадан добуштарды санакка алууга негиз жок” делет БШКнын жообунда. (EK)
Орусия - Украина: Путин Донбасстагы согуш зонасын геноцидге салыштырды
Сүрөттүн булагы, Reuters
Орусиянын президенти Владимир Путин Украинадагы кырдаалга байланыштуу риторикасын катаалдаштырып, өлкөнүн чыгышындагы согушту геноцидге окшош деп билдирди.
Орусия колдогон козголоңчулар ал жерде 2014-жылдан бери украин аскерлери менен салгылашып жатат жана Орусия чек арага аскерлерин топтогондон кийин чыңалуу күчөдү.
Ал ортодо АКШ президенти Жо Байден украиналык кесиптешине телефон чалып, Владимир Путин менен болгон акыркы сүйлөшүүлөрдү талкуулады.
Орусия Украинага басып кирүүнү пландап жатат деген кооптонуулар бар, Орусия муну четке кагууда.
Шейшембидеги Байден менен Путиндин видео байланышы чыңалууну басаңдатуу аракети катары бааланды.
Вашингтон жана анын өнөктөштөрү Кремлди коңшусуна кайрадан дагы кол салса, катаал санкциялар болорун эскертти.
Орусия Украинаны чагымчылдык үчүн айыптап, НАТОнун чыгышты көздөй кеңейишине каршы экенин жана Орусияга жакын жерде курал-жарагын жайгаштырбоосу керек деген кепилдик сурады.
Украинанын бийликтери Москва январдын аягында аскерий чабуул жасоону пландап жатышы мүмкүн деп айтышкан, бирок америкалык расмий өкүлдөрдүн айтымында, президент Путин мындай чечим кабыл алдыбы же жокпу азырынча белгисиз.
"Русофобия"
Орус президентинин бейшемби күнкү билдирүүсү Орусиянын чегинен тышкары жерлерде орус тилдүүлөрдү дискриминациялоо маселесин чечүүгө багытталган, алардын көбү Украинанын чыгышындагы Донбасста жашайт.
Ал Русофобия геноцидге карай биринчи кадам экенин айтты.
"Биз Донбасста эмне болуп жатканын көрүп жатабыз жана билебиз," - деди ал жаңжал аймагы тууралуу кайрылып. "Бул, албетте, геноцидке окшойт."
Байден мырза Украинанын президенти Владимир Зеленскийге бир жарым сааттык телефон чалуу учурунда, эки күн мурда Путин менен болгон сүйлөшүүсү жөнүндө маалымат берди.
Эки лидер "Украинанын айланасындагы коопсуздук кырдаалды жана тынчтыкты орнотууну активдештирүү жолдорун талкуулашты", - деп айтылат Украина президентинин билдирүүсүндө.
Байден мырза Орусиянын чек арасына жакын жайгашкан НАТОго мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен да сүйлөштү.
Украинанын чек арасына жакын жерде 90 миңден ашуун орус аскери топтолгон деп болжолдонууда. Бул аракеттер Орусия менен АКШнын ортосундагы ансыз да чыңалган мамилени курчуткан.
Орусиянын аскерий күчтөрүнүн соңку түзүлгөн чоң бөлүгү Орусия Украинадан тартып алып, 2014-жылы аннексиялаган Кара деңиздин жарым аралы болгон Крымга туура келет.
Донбасска жакын жерде да аскерлер топтолууда.
Орусия колдогон күчтөр Украинанын чыгышындагы ири аймактарды басып алгандан берки жети жылдык кагылышууда 14 миңден ашуун адам каза болду. (DO)
Бүгүн ЕАЭБ өлкө башчыларынын жыйыны өтөт
Бүгүн, 10-декабрда, Казакстан Республикасынын төрагалыгында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) үстүбүздөгү жылдагы жыйынтыктоочу жыйыны өтөт. Ага өлкө башчысы Садыр Жапаров катышат. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады.
ЖЕЭК мүчө мамлекет башчыларына 2021-жылы аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча маалымат берилет.
Мындан тышкары, Евразиялык экономикалык биримдикте жүк ташууларга байкоо салуу үчүн навигациялык пломбаларды колдонуу жөнүндө макулдашууга кол коюлушу, Евразиялык экономикалык биримдиктин 2020-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2022-жылга карата бюджетинин долбоору, ЕАЭБдин 2022-жылдагы эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары, ошондой эле интеграциялык процесстерге байлаынштуу башка маселелердин каралышы күтүлүүдө.
ЖЕЭКтин бул жыйынында Евразия экономикалык биримдигинин органдарындагы төрагалыкты Казакстан Республикасынан Кыргыз Республикасына өткөрүп берүү маселеси да каралат. (MD)
Бишкекте адам укуктары боюнча фестиваль өттү
Сүрөттүн булагы, bir duino
Фестивалдын статуэткалары
Бишкекте адам укуктары боюнча "Бир Дүйнө Кыргызстан" аттуу кинофестиваль соңуна чыкты. Ага жалпы 17 өлкөдөн тапшырык түшүп, 45 тасмадан 26сы конкурстук программага тандалып алынган.
Фестивалдын уюштуруучуларынын айтымында, адам укуктары боюнча тартылган тасмалар ар бир өлкөдө болуп жаткан көйгөйлөргө көңүлдү бурат.
Иш-чара 4-декабрда старт алып, 9-декабрда аяктады. Анын алкагында түрдүү мастер-класстар, кино ишмерлери менен жолугушуулар, сценарийлердин питчинги, адам укуктарын коргоо боюнча талкуулар болду. Ошондой элеконкурска катышкан фильмдердин көрсөтүүсү болуп, аларды тарткан режиссёрлор менен баарлашуу болду.
Калыстар тобунун чечими менен Улан Эгизбаев атындагы "Улан улансын" сыйлыгын анын жубайы Сапаргүл Абдынабиева Нурбек Болотов жөнүндөгү "Баатыр" тасмасы үчүн тасманын режиссеру Жуманазар Койчубековго тапшырды.
Конкурстун эл аралык бөлүгүндө калыстардын атайын байгесине режиссер Бенжамин Росттун (Германия) "Бакыт издеген портрет" тасмасы татыды.
Улуттук тасмалар арасында калыстардын атайын байгесине Эрик Абдыкалыковдун "Мурас" (Кыргызстан) тасмасы татыктуу болду.
Тобокелдиктер жана каргашалар мезгилиндеги адам укуктары боюнча мыкты тасма деп "Киншасе агымы боюнча ылдый карай" тасмасы аталды. Анын режиссеру Дьедо Хамадиге (Конго).
Балдар укуктары үчүн мыкты тасма номинациясын "Феликс үналгысы" фильми жеңди. Режиссеру Лоран Ван Дэн Хиддин (Бельгия).
Майыптуулугу бар адамдардын көйгөйлөрү жөнүндө мыкты тасма номинациясы "Жаңыртуу" тасмасынын режиссеру Виктория Архангельскаяга (Кыргызстан) ыйгарылды.
Социалдык, экономикалык жана маданий укуктар жөнүндө мыкты тасма номинациясынын байгесин режиссёр Вячеслав Кречетовдун (Россия) "Шор алтыны" тасмасы алды.
Гендердик теңчилик боюнча мыкты тасма деп Талия Тухватуллинанын (Россия) "Жок" аталышындагы тасмасы аталды.
Ал эми фестивалдын мыкты тасмасын режиссерлор Уильям Йоханссон менен Кален жана Ларс Эдмандын (Швеция, Чили, Бельгия, Норвегия, Улуу Британия) "Арика" тасмасы үчүн жеңип алышты.
Улуттук тасмалардын ичинен эң мыкты болуп, режиссер Нуржамал Карамолдоеванын (Кыргызстан) "Медресе" тасмасы табылды.
XV "Бир Дүйнө Кыргызстан" эл аралык фестивалынын баш байгесин режиссер Бет Мерфинин (Афганистан, АКШ) "Эртеңки күн эмне алып келет" тасмасы алды. (MD)