Иерусалим кризиси: дүйнөлүк коомчулук эки тарапты сабырдуулукка чакырды

асмандагы ракета

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Дүйнөнүн булуң-бурчундагы мамлекеттер Палестина менен Израилди сабырдуулукка чакырды. АКШ, Европа Биримдиги жана Британия эки тарапты тез арада жаңжалды токтотууга үндөдү.

Дүйшөмбү күнү кечинде палестиналык куралчан топ ракеталарын атып, Израил Газа тилкесиндеги бир нече аймакты абадан бутага алды.

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Газада 22 адам, анын ичинде жаш балдар каза тапканын билдирди. Израил болсо “Хамас” кыймылынын 15 өкүлү жок кылынганын кабарлады.

Дүйшөмбү күнү Иерусалимде Израилдин полициясы палестиналыктарга каршы күч колдонгондон кийин “Хамас” жооп кайтарарын эскерткен. Кагылышууда жүздөгөндөр жаракат алды.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Израилдин премьер-министри Нетаньяху “Хамас” чектен ашып кеткенин белгилеп, армия “катуу жооп кайтарат” деп кошумчалады.

Соңку бир нече күндөн бери Иерусалимде палестиналыктар менен Израилдин коопсуздук кызматкерлери кагылышты. Буга Иерусалимдеги ыйык саналган Ал-Акса мечитине кирүүгө чектөөлөр киргизилгенине палестиналыктар нааразы болушууда.

Шейшемби күнү Палестинанын Кызыл чырым уюму кагылышууларда жети жүздөн ашуун палестиналык жаракат алганын маалымдады.

Израилдин армиясы Газа тилкесинде 130 имаратты абадан бутага алды. Ага жооп кылып “Хамас” Израилдин түштүгүндөгү Ашкелон шаары көздөй ракета учурду. Би-Би-Синин “Хамас” кыймылындагы булагы 12 сааттын ичинде 300 ракета атылганын билдирди.

Анализ - Чечилбеген жаңжалдын эски жарасы

Жереми Боуэн, Жакынкы Чыгыш боюнча редактор

Кагылышуулардын кайрадан тутанып кеткени чоң деле жаңылык эмес. Бул арабдар менен жөөттөрдүн ортосундагы эски жара.

Соңку жаңжал Иерусалимдеги ыйык жайдан улам чыкты. Иерусалим эски жаранын эң аялуу жери. Шаардагы ыйык жайлар улуттук жана диний символго айланды. Бул жайлардагы тирешүү тарыхта согушка алып барган.

Бул жолу мусулмандар ыйык санаган Орозо айында Израилдин полициясы палестиналыктарга каршы ашыкча күч колдонуп, аны менен бирге Израилдин соту палестиналыктарды үйүнөн чыгаруу чечимин чыгарды. Нааразылык ири демонстрацияга айланып, кагылышуулар катталды.

Бирок башка окуялар деле жаңжалга алып барышы мүмкүн эле. Бул кризис бомбадай эле жакында жарылмак. Себеби эки тараптын лидерлери жаңжалды алдын алуунун ордуна, ички саясатка көңүл буруп, өз позицияларын бекемдөөгө аракеттенди. Ал эми чыныгы тынчтыкка жетүү маселесине бир нече жылдан бери эч көңүл бурулган жок.