Пакистандын премьер-министри: Афган кыздарын мектепке жибербөө исламга туура келбейт

Афган окуучу кыздар

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Пакистандын премьер-министри Имран Хан кошунасы Афганистанда кыздардын билим алуусуна тоскоолдук кылгандардын аракети ислам динине туура келбейт деп билдирди.

Би-Би-Сиге курган маегинде Имран Хан Талибандын жаңы өкмөтүн Пакистандын расмий түрдө таануусу үчүн кайсы шарттардын аткарылышы керек экенин түшүндүрдү.

Ал талибдердин жетекчилигин инклюзивдүү болууга жана адам укуктарын сыйлоого чакырды.

Ошондой эле, Имран Хан Пакистандын коопсуздугуна коркунуч туудурган террористтерди Афганистан калкалабаш керек деп билдирди.

Өткөн аптада Талибан мектептерден кыздарды чыгарып, эркек балдар менен эркек мугалимдерди гана калтырган. Бирок Пакистандын өкмөт башчысы кыздар жакын арада мектепке кайра кайтат деген ишеничте экенин айтты.

“Алар бийликке келгенден бери жасаган билдирүүлөрү аябай үмүттөндүрөт”, - деди ал Би-Би-Синин кабарчысы Жон Симпсонго интервью берип жатып.

“Алар аялдарга мектепке барууга уруксат берет деп ойлойм. Аялдарга билим бербеш керек деген ой исламга туура келбейт. Анын динге эч кандай тиешеси жок”.

Талибан Афганистандын бийлигин август айында басып алгандан бери 1990-жылдардагы режим кайтып келет деген чочулоолор көбөйгөн. Жыйырма жылдай мурун бийликте турганда талибдер аялдардын укуктарын ашыкча чектеп салышкан эле.

Кыймылдын жетекчилиги аялдардын укуктары “ислам мыйзамдарынын чектеринде” сыйланат деген көз карашты карманат.

Өткөн аптада кыздарды мектепке жибербөө чечими эл аралык коомчулуктун нааразычылыгын жараткан эле. Андан соң Талибандын өкүлү кыздар мектепке “тез арада” кайтарын айткан.

Бирок кыздар мектепке качан кайтары же алар кайтса билим берүүнүн кандай формасы колдонулары белгисиз бойдон.

Талибан Пакистандын расмий түрдө таануусу үчүн шарттарды аткара алабы деген суроого Имран Хан эл аралык коомчулук аларга көбүрөөк убакыт бериши керек экенин кайра-кайра билдирди.

“Азыр бир нерсе айтууга өтө эрте”, - деп кошумчалап ал афган аялдар акыры “өз укуктарын коргоп чыгарын” күтөрүн айтты.

Пакистан жихадчы терроризмге каршы күрөштө башкалар тарабынан бекем өнөктөш катары кабыл алынган эмес. Пакистан көптөн бери АКШдагы жана башка жактардагы көпчүлүк тарабынан Талибанга көмөк көрсөтүү боюнча айыпталып келет. Бирок Пакистан аны четке кагат.

Афганистанда пландалган АКШдагы 9/11 окуяларынан кийин Пакистан “террорго каршы согушта” өзүн АКШнын шериктеши деп көрсөткөн. Бирок өлкөдөгү аскердик жана чалгын кызматтарынын бир бөлүгү Талибан сыяктуу исламист топтор менен байланышын сактап калган.

Имран Хан Пакистан кошуна мамлекеттер менен бирге Талибандын өкмөтүн расмий түрдө таануу боюнча чечим кабыл алынарын билдирди.

“Бардык кошуналар биригип, алардын ишинин өнүгүшүн карап көрүшөт. Аларды таанып-тааныбоо биргелешкен чечим болмокчу”, - деди Имран Хан.

Жарандык согуш коркунучу

Имран Хан талибдерди инклюзивдүү өкмөт түзүүгө чакырды. Эгерде ал ишке ашпай калса, өлкө жарандык согушка кириптер болушу ыктымал экенин эскерти.

“Эгерде алар бардык топторду киргизбесе, эртеби-кечпи жарандык согуш чыгат. Бул туруксуз, башаламан Афганистан дегенди билдирет. Ал террористтер үчүн эң ыңгайлуу жайга айланат. Тынчыбызды алган мына ушул жагдай”.

Шейшемби күнү Талибандын өкүлү Афганистандын эркек кишилерден куралган өкмөт мүчөлөрүн жарыялады.

Өкмөттүн жаңы мүчөсү саламаттык сактоо министрлигине келген дарыгер болду. Бирок аналитиктердин айтымында, өкмөт ишенимдүү тараптардан куралып, азчылыкты түзгөндөр жокко эсе. (EA)