Базар аралаган коронавирус: шаар бийлиги катуу эскертти

Ош базар

Бишкекте ири базарлар четинен дезинфекцияга жабылып жатат. Шаар бийлиги соодагерлер жана алармандар  сактануу чараларын этибар албай жатканын жүйөө кармап, базарларды кайрадан жабууну сунуштады.

Бирок узакка созулган карантинден кийин, каржалып базарга чыккан ишкерлер андай шартта митингге чыгарын эскертип жатышат.

Салия, Дордой базарында кийим-кечек сатып соода кылат. Базарга чыкканга чейин ал санврач болуп иштеген. Андыктан базарлардагы азыркы санитардык-эпидемиологиялык жагдайга баасын берип, жаап эле койсо туурабы деген ойдо.

“Жаап коюш керек, оору көбөйүп кетчүдөй бул базардан. Бирок андай болсо митингге чыгабыз дегендерди уктум. Өзүлөрүнүн ооруп каларына коркпой эле, кыйналабыз, акча табабыз деп ойлонгондор көп экен. Буга чейинки бизге окшогон дүң соода кылгандар жакшы эле иштеп жатканбыз. Телефондон эле заказдарды кабыл алып, товарларды жөнөтүп ийип эч ким менен контакт болбой эле болчубуз. Ошондой ишибиз эле туура болчу деп ойлойм”, - деди ал.

Бишкекте ушу тапта эки базар дезинфекциялоо үчүн убактылуу жабылды. Алгач Орто-Сай базарына барган беш кишиден коронавирус аныкталып, мэрия бул соода жайын убактылуу үч күнгө жапты. Көп өтпөй Ош базарына барган жарандардан илдет чыкты.

"Бишкек шаарынын базарларында оору катталып атат. Ош базарында да чыкты. Базар чоң соода борборлоруна эскертип кетет элем. Эгер силерге караштуу имараттардан же базарлардан ушундай дагы көрүнүш боло берсе, биз барын жабууга аргасыз болобуз”,- деди вице-мэр Азиз Алымкулов.

Чиновник базарда бет кабы жок жүрүү, анан калса аралыкты сактабоо канчалык опурталдуу экенин эл аңдабай жатканына кейиди.

Коомдук сайттарда шаар бийлигинин базарларды жабуу демилгеси катуу сынга калды. Базардан күнүмдүк жашоого акча таап келген элди эч кандай акчалай колдоосу жок, ишсиз калтыруу социалдык чыңалууну шарттары айдан ачык болуп турат.

Жумушсуздук, жакырчылык өкүм сүргөн борбор калаада базар көпчүлүк үчүн күнүмдүк кирешенин негизги булагы. Бирок оорунун очогуна айланса, базарларды жаппай коюу да чоң тобокелдик.

Сүрөттүн булагы, Google

Коронавирустун жайылышы боюнча Бишкек соңку айда биринчи орунга чыгып, 610 шаар тургуну вирустун алып жүргөнү тастыкталды . Соңку кезде ооруну кайдан жуктуруп алганы белгисиз жарандар көбөйүп, мэрия базар, тамактануу жайлары жана коомдук транспорттон шектенип жатат. Элүүдөн көп адам чогулган чогулган жайлар кооптуу эсептелүүдө.

Буга карабай кафе-ресторандарда куран окутууга уруксат сурагандар бар. “Аттуу-баштуу эле биздин адамдарыбыз той-ашка уруксат берсеңиздер деп бизге кайрылып жатышат. Куран окутууга уруксат сурагандар болууда. Биорок ал жерлер көпчүлүк чогулуучу жерлер болуп атат. Буга азырынча уруксат бере албайбыз. Анткени өзгөчө Бишкек шаарында эпидемиологиялык абал кооптонууну жаратып атат”,- деди бүгүн саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.

Кечээ “Кайнар” ресторанында саясатчы Өмүрбек Бабанов жакын тууганына куран окутканы белгилүү болду. Санэпид кызматы көп санда эл чогулганы үчүн ресторан ээсине айып пул салды. Саясатчы өзү бул окуя бул боюнча азырынча билдирүү жасай элек.

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 37 адам жаңы катталды, алардын 19у Бишкекте. (EKa)