Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров боштондукка чыгышты
Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Бүгүн Биринчи май райондук соту депутаттар Асылбек Жээнбеков жана Төрөбай Зулпукаровдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, камактан бошотту.
Бул тууралуу сотко УКМКнын тергөөчүсү өтүнүч келтирген.
Сүрөттүн булагы, Аида Джумашова
Биринчи май райондук соту, 18-июнь 2021
"Жогорку Кеңештин чечиминин негизинде бошотулдук. Бүгүн баш коргоо чарасы өзгөртүлдү. Азыр тергөө амалдары жүрүп жатат. Ошондуктан комментарий бере албайбыз",- деди Төрөбай Зулпукаров журналисттерге.
8-декабрда парламент камактагы депутаттардын иши боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиясынын корутундусун угуп, колдоду.
Жогорку Кеңеш "Кумтөр иши" боюнча айыпталган депутаттар Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду жоопко тартууга Башкы прокуратурага уруксат берген жок.
Корутунду менен тийиштүү комиссиясынын төрагасы, депутат Канатбек Исаев тааныштырды. Анда Жээнбековду коррупция беренеси боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүгө жетиштүү негиздер жок экени айтылат.
“Анткени ал “Кумтөр” алтын казуу ишканасынын ишин текшерүү тууралуу убактылуу депутаттык комиссиясынын отчетун, токтом долборлорун карап жана чечим кабыл алып жатканда мыйзам талаптарын бекем сактаган”, - деди К.Исаев.
Сүрөттүн булагы, kenesh.kg
Канатбек Исаев
Депутаттык комиссия ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров депутаттардын макулдугусуз, Конституциянын 78-беренесин бузуу менен камакка алынганын бүтүм кылды.
Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууганы жана анын жакын тарапкери Төрөбай Зулпукаров быйыл июнда УКМК тарабынан кармалган.
Асылбек Жээнбеков 2011-2016-жылдары Жогорку Кеңештин төрагасы болгон, ал эми Төрөбай Зулпукаров Социал-демократтар фракциясынын лидеринин орун басары эле.
“Тарыхта биринчи жолу өкмөттүн “Кумтөр” боюнча ишине “канаттандырарлык эмес” деген баа коюп жатабыз. Сабаттуу кишилер стенограммаларды окуса түшүнөт. Ал жерде Жогорку Кеңештин табиятына жараша талаш-тартыш менен чечимдер кабыл алынган. Алар мамлекеттик кызыкчылыктарды коргогон чечимдер болгон. Стенограмманы окуган киши андан башка тыянакка келе албайт”, -деген эле Асылбек Жээнбеков өзү июлда өткөн сот отурумунда.
Сүрөттүн булагы, KAKTUS
Биринчи май райондук соту, 27-июль, 2021
“Кумтөр” боюнча тергөөнүн алдын-ала жыйынтыгын УКМК 2021-жылдын августунда жарыялаган. Анда Кумтөр кенин иштетүүгө байланышкан келишимдерди түзүүдө “Камеко” жана Centerra Gold компаниялары менен кызматташкан жылдары масштабдуу коррупцияга жол берилгени тууралуу далилдер чогултулганы айтылган.
Бул ишке байланыштуу экс-президент Аскар Акаев баштаган ондогон саясатчылар сурак берип, Өмүрбек Бабанов, Тайырбек Сарпашев, Талантбек Узакбаев, Алмазбек Баатырбеков жана Исхак Пирматов камакка алынган.
Бир далайы тергөө менен кызматташканы үчүн үй камагына чыгарылган.
“Шайлоого байланыштуу гана нерседей болуп турат. Жээнбеков жана Зулпукаров бош болгондо кайсы бир партияны күчөтүп жибериши мүмкүн болчу. Экөөнүн тең Атамбаев, Жээнбековдун тушунда саясий таасири, салмагы күчтүү болуп турган. Бири жок дегенде Кара-Кулжа, экинчисин- Ноокат райондорунда шайлоого таасирин тийгизиши мүмкүн эле. Ошондуктан буларды шайлоо учурунда камакта кармап отурушту. Шайлоодон кийин мына бошотуп коюшту”,- дейт саясат талдоочу Айданбек Акматов.
Жогорку Кеңеш жоопко тартууга макулдугун бербеген соң эми депутаттар камактан бошотулуп жатышат. Бирок аларга карата ачылган кылмыш иши депутаттык ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөнчө гана токтотуларын буга чейин Башкы прокуратура эскерткен.
Кечээ парламентте депутаттар Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров менен кошо депутат Бакыт Жетигеновдун да маселеси каралмак. Бирок ага “Кумтөргө” байланыштуу эмес, башка айыптар коюлуп жатканына байланыштуу иши каралган жок.
Жетигенов “бийликти курал колдонуп, күч менен басып алууга даярдык көрүү” деген айып менен быйыл ноябрда УКМК тарабынан кармалган.