БУУда дагы сексуалдык зомбулук барбы?

Сима Котеча & Сара Белл, BBC News

UNAIDS уюмунун мурдагы улук кеңешчиси Мартина Бостром дагы жумушта сексуалдык зомбулуктан жапа чеккенин Би-Би-Сиге айтып берди

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

UNAIDS уюмунун мурдагы улук кеңешчиси Мартина Бостром дагы жумушта сексуалдык зомбулуктан жапа чеккенин Би-Би-Сиге айтып берди

БУУнун мурдагы жогорку мансаптуу өкүлүнүн айтымында, Бириккен Улуттар Уюмундагы сексуалдык зомбулук жана коррупция боюнча билдирүүлөр көз карандысыз эксперттердин тобу тарабынан кечиктирилбей иликтениши зарыл.

Пурна Сендин комментарийи Би-Би-Синин иликтөөсүнүн артынан эле айтылып жатат. Иликтөөдө ыктымал эреже бузууларды айтып чыгууга аракет кылган БУУнун бир нече кызматкери иштен айдалганы ашкереленет.

Пурна Сендин айтымында, БУУ “аракетке өтүп”, панель тарабынан берилген сунуштардын баарын кабыл алышы керек.

БУУнун өкүлү Би-Би-Сиге билдиргендей, уюм зомбулук туурасында кабар берген адамдардын коопсуздугун сактоого көңүл бурууда.

Би-Би-Синин иликтөөсү “Ашкерелегендер: БУУнун ичиндеги көз караш” деп аталат. Анда коррупция, жетекчилик мыйзам бузууларга жана сексуалдык зомбулукка көз жумганы боюнча айыптоолор баяндалат.

Айыптоолор туурасында айтып чыгууга аракет кылган кызматкерлер Би-Би-Сиге билдиргендей, ачык сүйлөп чыккандан кийин аларга жаза колдонулуп, айрымдары кызматтан айдалган.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Пурна Сен: “Эмне үчүн баш катчы “бул аша чапкандык, эми эмне кылабыз?” дебей жатат?”

Тасмада Пурна Сендин айтымында, БУУда иштеген аялдарга “жакын келип, тийишип анан зордукташкан”. Сен 2018-жылы ыдык көрсөтүү, кол салуу жана басмырлоо маселелери боюнча катчы болуп дайындалган. Эркек кишилердин кылыгы үчүн канча көз жумган сайын, “алар ошол ишти жасай беришет” дейт ал.

Ал BBC Newsnight берүүсүндө “катуу капаланткан” билдирүүлөрдөн таң калбай турганын айтты.

“Бул уюмдун ичинде чыныгы чыңалуу бар экенин айгинелейт. Бул уюм адам укугун колдоп коргоодон тышкары иш жүзүндө көптөгөн адам укуктарынын мекени болуп эсептелет. Бирок алар уюмда иштеген адамдарга аталган укуктар жөнүндө маалымат берүүнү үйрөнө элек”, — деди Сен.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

“Доктор Лурешке каршы ыдык көрсөтүү айыптоолору иликтенип чыккан, бирок учурда уюм ал билдирүүлөрдүн чын-төгүнү боюнча комментарий бере албайт”, — дешти БУУдагылар. Иллюстрация.

Сен БУУнун баш катчсы Антониу Гутерриш кызматкерлердин окуяларын карап чыгып, максаттуу иш-аракеттерди сунуштоосу үчүн сырттан түрдүү эксперттерди камтыган комиссия түзүүсүн каалаганын айтты.

Гутерриштин администрациясы өз билдирүүсүндө “кандай гана эреже бузуу болбосун, алар менен күрөшүү үчүн” сырттан комиссия түзүү аракеттерине ачык экенин айтты.

БУУнун баш катчысынын басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик Би-Би-Синин Newshour программасында билдиргендей, баш катчы “кызматка келгенден бери мындай иштерге өтө олуттуу мамиле жасайт”.

“Биз жабыр тарткандарга колдоо көрсөтүү үчүн колубуздан келгенин жасайбыз. Адамдар өзүн коопсуз сезип, зомбулук жөнүндө айтуусун камсыздоо үчүн системаны жакшыртууга көңүл буруп жатабыз”, — деп кошумчалады ал.

Сырттан көзөмөл киргизүү жөнүндөгү суроого жооп берип жатып Дюжаррик “Бизде толук ачык айкындуулук бар, ички көз карандысыз орган да бар. Ал БУУнун Башкы ассамблеясынын мүчө мамлекеттеринин алдында жооп берет”.

“Биз эч кандай көзөмөлдөн коркпойбуз. Коркунуч атмосферасын жок кылуу үчүн колубуздан келген бардык ишти жасайбыз”, — деп кошумчалады ал.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Би-Би-Сиге жашырын жаздырылып алынган аудио материал келип түштү. Иллюстрация

Дипломатиялык кол тийбестик

Бириккен Улуттар Уюмунун укуктук макамы корголгон. Улук кызматкерлер дипломатиялык кол тийбестикке ээ. Ал бардык мамлекеттик мыйзамдардан коргойт.

Мындай кепилдик өз ишин аткарууда кийлигишүүдөн коргоо үчүн уюмга берилген. Бирок БУУдан билдиргендей, ал кепилдик кызматкердин жеке кызыкчылыгы үчүн берилбейт. Ошондуктан ал сексуалдык зомбулук сыяктуу кылмыш кылгандарды коргобойт.

Кызматкерлердин бардык арыздары уюмдун ичинде каралышы керек. Ички көзөмөл кызматы (ИКК) өтө олуттуу айыптоолорду карайт. Мисалы, кылмыш жөнүндө билдирүүлөр. Бирок алардын юридикалык ыйгарым укугу жок.

Би-Би-Сиге жашырын жаздырылып алынган аудио материал келип түштү. Ал ИКК ар дайым эле натыйжалуу иштей бербесин көрсөтөт. Анда иликтөө бөлүмүнүн директору Бен Свенсон кызматкерлердин чогулушунда сүйлөйт. БУУнун жогорку мансаптуу аял кызматкери көз жашын токтото албай ага келгенин, баш катчынын жардамчысы анын шымына колун кантип салганын сүрөттөп айтып бергенине токтолот.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

БУУнун имараты

БУУда баш катчынын бир нече жардамчысы бар.

Жаздырылган аудиодо Свенсон баш катчыга жана башка жогорку мансаптуу кызматкерлерге сексуалдык зомбулук боюнча айыптоолор жөнүндө кабар бергенин айтат, бирок анын оозун тез эле жаап коюшкан. “Ошол окуяны айтып берүүгө аракет кылдым, бирок мени этибарга албай коюшту”, — деп айтып жатканы угулат жазмада.

Ал кошумчалагандай, аялды ыктымал кол салуу жөнүндө айтпоого үндөшүп, айтып чыкса деле пайдасы жок экенин, анткени сөз болуп жаткан эркек киши “сүйүктүү уул” экенин айтышкан.

“Уюм коррупцияга белчесинен батып кеткен деп эсептейм”, — дейт Питер Галло

Питер Галло — жаздырылган аудиону бөлүшкөн киши. “Мен БУУнун Нью-Йорктогу штаб-квартирасында иликтөөчү катары төрт жыл болдум. Өз тажрыйбамдын натыйжасында бул уюм коррупцияга белчесинен батып кеткен деп эсептейм”, — деп айтты ал даректүү тасмада.

Анын айткандарын уккан Пурна Сен: “Эмне үчүн баш катчы “бул аша чапкандык, эми эмне кылабыз? Менин нөл сабырдуулук саясатым биз аракетке өтүшүбүз керек дегенди билдирет” дебей жатат? Анын ордуна алган жообубуз: “Жок, биз ал жерге барбайбыз” болууда”.

БУУнун баш катчысынын администрациясы билдиргендей, уюм “сексуалдык зомбулукка тиешеси болгон кичик же улук болобу бардык кызматкерди жазалоого” мурдагыдай эле даяр.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш

“Жүзү кара”

UNAIDS уюмунун мурдагы улук кеңешчиси Мартина Бостром дагы жумушта сексуалдык зомбулуктан жапа чеккенин Би-Би-Сиге айтып берди.

“Сексуалдык зомбулук, эксплуатация жана ыдык көрсөтүү БУУнун штаб-квартирасында болот, дүйшөмбүдөн жумага чейин уланат. Кадимки эле жумуш убактысында, бардык жерде болуп турат”, — деди ал.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Мартина Бостром: “Мен аны токтот, мени кое бер деп жалбардым”

Ал Луис Лурештин бутасында калганын айтты. Луреш UNAIDS уюмунун аткаруучу директорунун орун басары жана баш катчынын жардамчысы болгон. Мартина Лурешти “жүзү кара” деп атап, жосунсуз жүрүм-туруму менен белгилүү болгонун айтты. Анын айтымында, 2015-жылы Бангкокто жумуштагы иш-чарадан кийин Луреш аны лифтте мажбурлап өөп, кармалаган. Андан кийин аны өз бөлмөсүнө алып кирүүгө аракет кылган.

“Мен аны токтот, мени кое бер деп жалбардым. Лифттин ичинде калуу үчүн эшигин жаап алууга туура келди. Анткени узун коридорду көрүп коркуп жаткам”, — деди ал. “Менин башым аябай тез иштеп жаткан, анан эмне болуп кетет деген коркунуч болгон”.

Мартина расмий арыз менен кайрылып, БУУнун иликтөөчүлөрү менен сүйлөшкөн. БУУ менен UNAIDS “өтө пастык менен жана орой жооп кайтарышты”, — деди ал.

“Бул өтө ызалантат. Анткени кайра-кайра зомбулукка тушуккандай болосуң. Дем алууга да мүмкүнчүлүк бербегендей туюлат”.

2018-жылы Луис Луреш БУУдан кеткен. Ага “22 жылдык күжүрмөн эмгеги үчүн” ыраазычылык билдиришкен. “Мен эч качан эч кимге ыдык көрсөтүп же кол салган эмесмин. Айтылган айыптоолор негизсиз”, — деди ал Би-Би-Сиге.

“Доктор Лурешке каршы ыдык көрсөтүү айыптоолору иликтенип чыккан, бирок учурда уюм ал билдирүүлөрдүн чын-төгүнү боюнча комментарий бере албайт”, — дешти БУУдагылар.

2021-жылдын август айында Мартина БУУдан кат алган. Катта уюм Мартина “узак убакытка чейин сексуалдык ыдыкка” туш болгонун мойнуна алган. Бирок 2015-жылы сексуалдык зомбулукка туш болгону жөнүндө билдирүүгө байланыштуу уюм “сизге кандайдыр бир травма кылуучу бир нерсе болгон, ал жагдайды сүрөттөп бергениңиз менен дал келет”, бирок жыйынтыктар “далил көрсөтүү стандарттарына жооп бербейт” деген тыянак чыгарган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Пурна Сендин айтымында, Мартинанын иши БУУдагы чоң көйгөдүн бир симптому

“Нөл сабырдуулук”

Пурна Сендин айтымында, Мартинанын иши БУУдагы чоң көйгөдүн бир симптому.

Ал даректүү тасмада айтып бергендей, БУУнун кызматкерлеринин үчтөн “таң каларлык” бири жумуш учурунда сексуалдык ыдыкка туш болгонун айтышкан. Бирок көпчүлүк учурлар ачыкка чыгккан эмес.

“Биз билген учурлар — айсбергдин үстү гана. Бул аябай маанилүү жагдай. Адамдар ачык айтып чыкса, кандайдыр бир жагымсыз кесепети болот, аларга каршы жооп иретинде чаралар көрүлөт деп ойлошот”.

“Эгерде мага кол салышса же сексуалдык зомбулук кылса, мен ал жөнүндө айтып чыкпасам керек эле. Өзүмдү андай процесске салып бермек эмесмин”, — деди Сен.

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриштин администрациясы тараткан билдирүүдө “сексуалдык ыдык кырсыгы менен күрөшүүнү жакшыртуу боюнча бир топ жылыш болду. Андайдан эч бир уюм корголгон эмес” делет.

Билирүүдө аял иликтөөчүлөрдү жумушка алуу, эреже бузуу туурасында кабарлоо үчүн кызматкерлерге шыр байланыш ачуу жана жетекчиликтин жакшыраак даярдыгы сыяктуу чаралар каралганы айтылат.

Бирок BBC Newsnight берүүсүндө сүйлөгөн Пурна Сен даректүү тасма БУУ нөл сабырдуулук убадасын аткара албай калды жана “алдыда дагы көп иштер турат” деген ойго түртүп жатканын айтты.

“Коррупция болобу, алдамчылыкпы же сексуалдык ыдыкпы, [БУУнун кызматкерлери] арыз жазууда жылыш болбой жатканын сезүүдө. Анткени арыздар башында эле четке кагылат. Алар альтернативдик процедураларга жана апелляцияларга жеткилик ала алышпайт”, — деди ал.

“БУУ өзүндөгү ири көйгөйлөрдү мурда чынында чече алган. Бирок ал жетиштүү деңгээлде жасалган эмес. Чочулаткан нерселерди көргөм. Аларды сөз менен эле эмес, иш жүзүндө тез арада чечсе болот жана чечүү зарыл”. (EA)