ДССУ Мариуполдо холеранын очогу козголот деп кооптонууда. Бул Россия үчүн кандай мааниге ээ?

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун Өзгөчө кырдаалдар боюнча директору Дорит Ницан Мариуполдо холеранын очогу козголот деп бул аптада Киевде даярдыктар башталганын билдирди.

Орус аскерлеринин көзөмөлүндөгү бул шаарда инфраструктура талкаланып, антисанитария өкүм сүрүүдө.

Мариуполь

Сүрөттүн булагы, МариупольАВТОР ФОТО,T.ME/MARIUPOLRADA

Орус ММКлары холеранын алдын алуу боюнча бир айдан бери эле сөз кылып келишет.

Би-Би-Си мындай кооптонууларга негиз барбы жана Россияда холеранын жайылып кетүү тобокелчилиги барбы, иликтеп көрдү.

“Орто кылымдагыдай шарттар”

Апрелдин соңунда Владимир Путин БУУнун баш катчысы Антониу Гутерришке кайрылып, Мариуполдо аскердик аракеттер аяктаганын билдирип, 140 миң качкын "кайда кааласа ошол жакка бара аларын" айткан. "Биз аларды кармабайбыз", - деп кошумчалаган орус президенти.

Путиндин Гутерриш менен сүйлөшүүсү Россиянын Мариуполду бомбалап жатканына эки айдын жүзү болгон маалга туш келди.

Мариуполь мэринин кеңешчиси  Петр Андрющенко эл аралык коомчулук тарабынан али тааныла элек ДНРдин бийлигине шилтеме берип, Мариуполдо турак-жайлардын 60% жок кылынганын билдирген.

Украин президенти Зеленский апрелдин ортосунда Мариуполдо каза тапкандардын саны он миңдеп саналат деген.

Путиндин качкындар тууралуу билдирүүсүнөн кийин Мариуполдун шаардык кеңешинин басма сөз кызматы “өлүмгө алып келчү эпидемия” тууралуу эскертүүлөр берип, шаардан 100 миң тургунду чыгарып кетүүнү талап кылган.  

"Оккупанттар жергиликтүү калкты азык-түлүк, суу жана медикаменттер менен камсыз кылууга жарамдуу эмес. Орус аскерлери эваукация аракеттерин бөгөп жатышат. Ал жактан адамдарды алып чыгып кетпесе, алар өлүшөт. Ушул маалда Мариуполдо орто кылымдагыдай жашоо шарттары өкүм сүрүүдө", - делет мэр Вадим Бойченконун билдирүүсүндө.

Ошол эле 28-апрель күнү Роспотребнадзор 40 жободон турган токтом чыгарды. Ал "Россия Федерациясында холерадан коргоонуу боюнча кошумча чаралар тууралуу” деп аталат жана ага башкы санитардык врач Анна Попованын кол койду.

Токтомдо ичүүчү сууга көзөмөлдү күчөтүү көрсөтмөсү берилет. Мындай талап өзгөчө Россияга келип убактылуу жайгаштырылган качкындар бар жерлерге киргизилген. Попова жарандарга холеранын алдын алуу тууралуу маалымат берүүнү 1-июнга чейин ишке ашырууну көрсөтмө кылган.

Холера – бул өтө курч ич өткөк оорусу менен коштолгон инфекциялык оору. Ал кишинин организмине тамак-аш жана суу менен кирет. Эгер холера болгон адамга бир нече сааттын ичинде жардам көрсөтүлбөсө, ал өлүмгө алып келет.

Дүйнөдө жылына 1,3төн 4 миллионго чейин холера менен ооругандар аныкталат, алардын 21 миң – 143 миңи өлүм менен аяктайт.

Россияда холера эпидемиясы соңку жолу 1985-жылы аныкталган. Бирок 1994-жылы Дагестанда холеранын очогу аныкталып, ММКлар анда 143 киши бул ооруга чалдыкканын айтышкан.

 Роспотребнадзор өзгөчө Украина менен чектеш аймактарга холеранын алдын алуу чараларын баштоонун сунуш кылат.  Бул - Ростов, Курск, Белгород, Воронеж, Брянск облустары, Краснодар аймагы, 2014-жылы аннексияланган Крым жана Севастополь.

Агын сууларды, көлмөлөрдү байкоого алуудан тышкары чиновниктер башка өлкөдөн келген жарандар жайгаштырылган борборлорду да текшериши керек.

Роспотребнадзордун токтому чыгары менен Ростов облусунун өкмөтү Украинадан келген качкындардан холерага анализ алынып жатканын, бардык тесттер терс жыйынтык бергенин отчет берген.

Иштен чыккан канализация

Роспотребнадзордун токтомунан кийин өкмөттүк "Парламентская газета" басылмасынын журналисттери Сеченов атындагы Биринчи медициналык университеттин Эпидемиология жана далилдүү медицина боюнча кафедра жетекчиси Николай Брикодон комментарий алышкан.

Жаңылыктардан кабары жок болушу мүмкүн ал илимпоз журналисттерге Россияга холеранын коркунучу жок экенин айткан: “холеранын жугуу жолдоору ич келтеникине окшош келет. Ал заң же ооз аркылуу, суу менен организмге кирет”. Брико Украинада холера анча көп жолукпайт деп да айткан.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Мариуполдо турак-жай чарбачылыгынын инфраструктурасы да талкаланган

Чындап эле Мариуполдо холера соңку жолу 2011-жылы аныкталып, анда 14 киши бул оорунун жугузуп алганы айтылган. Донецк облусунун санэпидемстанциясы анда холера канализацияга жакын жердеги суулардан табылган балыктан жайылышы мүмкүн экенин айткан эле.

Он бир жылдан кийин Мариуполдо эми кайрадан канализацияга байланыштуу көйгөй жаралып жатат. Канализация түтүктөрү суу түтүктөрү сыяктуу эле эки тараптуу салгылаштарда талкаланып, керектен чыгып жатат.  

Көчөлөрдө жана ураган үйлөрдүн алдында жансыз денелер чирип жатат.

Кир, акыр-чикир жана адамдардын дене калдыктары жер алдындагы жана агын суулар акчу түтүктөргө кирип кетиши толук мүмкүн.

Холера жана фейктер

Саламаттыкты сактоо боюнча аймактык тармактар эгер холера чыгып кетсе, кадимки ооруканаларды кантип холера изоляторлоруна айлантуу керек дегендин үстүндө ойлонуп жатышат.

Ал чакта коомдук тармактарда жана мессенжерлерде спам-атака башталды. Миңдеген фейк кабарлар таратылып,анда түштүк аймактардагы сууларга холера кирип кеткени айтылат.

Мындай жаңылыктар миңдеген россиялыктардын жүрөгүнүн үшүн алууда.

Сүрөттүн булагы, Social media

Брянс областынын өкмөтүнүн расмий телеграм-каналында бул маалыматты чындыкка туура келбейт дешти. Ал түгүл, мындай сөздөргө ишенбөөгө чакырып,"бул билдирүүлөрдү украин пропагандисттери таратып жатышат" дешти.

Украин чалгындары Брянкс облусунун телеграм-каналын окушабы же жокпу белгисиз, бирок мындай билдирүү чыккандан туура эки күндөн кийин Украинанын Чалгын башкы башкармалыгы Роспотребнадзордун холера тууралуу токтомуна жооп кылды. Анда бул токтомго байланыштуу текшерүүлөр жана даярдыктар “майдын аягында жана июндун башында Россия жетекчилиги Украина менен чектеш аймактарда чагымчылык аракеттерге барышы мүмкүн” экени айтылат.

Украинаны биологиялык курал колдонду дешип, бул үчүн жоопкерчиликти адаттагыдай эле  украин тарапка шылтаганга аракет кылат дешет.

АКШ Россияга каршы биологиялык изилдөө акылып же курал колдонууга камынып жатат деген кооптонууларды орус бийлиги биринчи жолу таратып жаткан жери жок. 2017-жылы Адам укуктары боюнча кеңештин жыйынында Владимир Путин АКШ россиялыктардын “биоматериалын чогултуп жатканы” тууралуу айткан.   

“Россия Федерциясынын ар башка геогарфиялык аймактарында жашаган этнос жана элдердерден чогултуп жатышат. Суроо – эмнеге андай кылып жатышат?”, -деген эле Путин.

Президент үчүн досье

Орус бийликчил ММКлары Роспотребнадзордун холера тууралуу токтомунун маалымат таратуу жобосун жакшы аткарып жатышат.

Күн сайын алар ондогон кыска жаңылык чыгарып, бул ооруну кантип аныктоо тууралуу окуулар кантип өтүп жатканын кабарлап жатышат.

Май майламдары башталганы "Яндекстеги" мындай мазмудагы сурамдарга кызыгуу түшкөнүн байкоого болот.  

Так ошол маалда Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн Радиация, химия жана биологиялык коргоонуу күчтөрүнүн начальниги Игорь Кириллов жаңы билдирүүлөр менен чыкты.

Ал Украина жана АКШны алар Мариуполду “холераны козгогучтарды чогултуу жана паспорттоштуруу максатында аймактык борбор” катары колдонушту деп айыптады.

Кириллов холерадан тышкары, орус аскерлери кургак учук жуктурулган акчаларды тапканын да кошумчалады.

Россияга каршы аскердик-биологиялык долбоорлор үчүн АКШ эле эмес, Германия, Польша да айыпталды. Буга кошумча Pfizer, Moderna, Merck жана Gilead фармацевтикалык компаниялар ысымдары аталды.

Коргоо министрлигине биолабораторияларды иликтөөгө Госдума жана Совфед дагы көмөктөшүүгө киришти.

Комиссияга 28 мамлекеттик кызматкерлер, анын ичинде депутаттар жана сенаторлор дагы бар. Госдуманын вице-спикери Ирина Яровая комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча орус президентине досье түзүп берүүнү убадалады.

"Көчөлөрдө саздай эле акыбал"

Ал чакта Мариуполдо “көчөлөрдө акыбал саздай эле, канализациядан аккан суу, таза суу менен аралашып калды”. Бул тууралуу бейөкмөт уюмдары кабарлайт.

Бул шаардын мэринин кеңешчиси Петр Андрищенко суу менен камсыз кылуу шаарда дагы деле калыбына келе элегин айтты.

"Оккупанттардын ар бир кадамы таң каларлык түрдө шаардагы акыбалды оорлотуп жатат. Ар бир кадамы. Сууга кийлигишсе ал ташкындап же холера коркунучу чыгып атат. Электр берүүгө кийлигишсе, аягы өрт менен бүтүп атат. Эми кышында элди жылытуу аракеттери эмнеге алып келет, табышмак", - деп жазды мэрдин кеңешчиси өзүнүн телеграмм-каналына.

Керектен чыккан суу түтүктөрүнөн кийин ДССУнун Өзгөчө кырдаалдар боюнча директору Дорит Ницан Мариуполдогу жугуштуу оорулар, анын ичинде холера тууралуу сүйлөй баштады.  

Анын айтымында, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму орус аскерлеринин козөмөлүнө өткөн шаар тургундары үчүн холерага каршы комплектерди жана вакциналарды даярдап жатат. (EKa)