Борбор Азияда жаңы “Чоң оюн” башталды

Чоробек Сааданбеков, Би-Би-Синин Бишкек бюросунун редактору

Талибандын чагылгандай тез жеңиши Борбордук Азиядагы саясый балансты өзгөртө турган окуя. Анын таасири региондогу өлкөлөрдүн өз ара мамилелерин кандай өзгөртүп, саясый балансты кай жагына оодарарын аналитик Элмира Ногойбаева Би-Би-Сиге талдап берди.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Элмира Ногойбаева

Талибан жеңди – бул күтүүсүздүк. Бир апта мурун мындайды эч ким күткөн эмес. Талибан бүгүн – бул Афганистан. Ал азыр өзүн мыйзамдаштырууга аракет кылат. Азыр көңүл Афганистанга бурулуп турат. Бул туура, бул маанилүү. Бирок мындай учурларда ички чоң өзгөрүүлөр болот. Ошондуктан биз үчүн Кыргызстанда, региондо эмне болоору маанилүү.

Мен муну геосаясый өзгөрүш, региондогу чоң оюнчулардын - Россиянын, Американын жана Кытайдын, анын ичинде, диний темага дагы байланышкан оюнчулардын - оюндарынын жаңы раунду катары карайт элем. Биз азыр кайрадан Маккиндер, Бзежинский айткан “чандырдын” так ортосунда турабыз. Азыр Борбор Азияда ошол аракеттер кайрадан башталып жатат. Чоң Борбор Азия концепциясына Монголия, Афганистан дагы кирет. Узак убак муну кабыл албагандар көп болуп келди. Бирок бүгүнкү окуялар биз анын ичинде экенибизди көрсөтүп койду.

Бул атаандаштык региондун олуттуу куралдануусуна алып келет. Азыр региондо сырткы жана ички милитаризация жүрүп жатканына күбө болуудабыз. Мамлекеттер өз коопсуздугун камсыздоого аракет кылышууда.

Азыр буга чейин “уктап жаткан” альянстардын учуру келүүдө. Аларга регион дагы, Кыргызстан өзү дагы тартылат. Бул жерде милдеттенмелер биринчи орунга чыгат. Кыргызстан аларга ыктыярдуу кирди беле же жокпу, биз аны каалайбызбы же жокпу - эч кимди кызыктырбайт. Мурда экономикалык биримдиктер болуп келсе, эми кеп коопсуздук биримдиктери жөнүндө болот. Азыр биз ал жакта эмне кыла ала тургандыгыбызды аныктаган функциялар пайда болот. Ар түрдүү мобилизациялар орун аларын боолгосок болот. Балким толук эмес, бирок жарым-жартылай; балким аскерий эмес, бирок курулуш мобилизациясы болот. Аларды ар кандай атай берсек болот. Биз саясаттын тили ийкем экенин билебиз. Кыргызстан азыр кай учурда, кандай оюн аткарары жөнүндө ойлоно башташы керек. Бүгүнкү күндө биздин позициябыз, эгемендүүлүгүбүз, үнүбүз алсыз. Биз муну моюнга алышыбыз керек.

Бул өңүттөн алып караганда, Афганистандагы кырдаал - биздин бийлик үчүн чакырык. Ал өзүн кандай көрсөтө турганына болгон чакырык.

Талибан парадоксу - Талибандын жеңиши алардын өздөрүнө гана ишенгенинде болгонунда. Диний, антимодернисттик бийлик болгонуна карабастан, Талибан өздөрүнө гана, өз күчүнө гана ишенген балдар. Алар бийликке келет деп эч ким ишенген эмес, бирок азыр алар бийликте. Эми баары алар менен эсептешүүгө аргасыз. Алардын бийлигин тааный башташты. Бул эгемендүүлүктүн 30 жылдыгында өз саясатын мындан ары кандай калыптандыруу үчүн керек, эгемен боюнча кала беребизби же жокпу деген суроону түшүнүү үчүн керек болгон, биздин бийлик үчүн сабак болушу керек.

Качкындардын бул толкунун БУУ дагы токтото алышы арсар

Качкындар темасы Кыргызстан үчүн жаңы эмес, бирок мындай масштабда маселе тура элек болчу. Кыргызстан качкындарды кабыл албай кое албайт. Биринчиден, бул адамкерчилик, чыныгы гумандуулук. Экинчиден, Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелери бар. Бирок бул толкун канчалык чоң болорун, биздин кичинекей мамлекетибиз ага канчалык даяр экенин азырынча билбейбиз. Сириялык качкындардын толкуну көп өлкөлөрдүн тосотторун жууп кетти жана көп өлкөлөрдүн, анын ичинде, Европа өлкөлөрүнүн эрежелерин өзгөртүп кетти. Бул Кыргызстанга кандай таасир берет, азырынча айтыш кыйын.

Мени кечээки Кабулдан качкандардын окуясындагы эркектердин көптүгү абдан таң калтырды. Бирок биз бардык согуштарда аялдар менен балдар көбүрөөк жабыркай турганын билебиз. Биздин аларга качкындар катары көрсөткөн жардамыбыз жетиштүү болушу керек. Бүгүн биз студенттер жөнүндө сөз кылуудабыз. Ал жактагы улуттук азчылыктардын, аялдардын күнү кандай болот? Бул жардамды жөн гана башпаанек берүү эмес, көп жагынан алып карасак болот. Андан ары эмне кылсак болот? Бул азыр көптөр үчүн чоң суроо. Биздин регион үчүн эле эмес, бул толкун дүйнө үчүн жаңы чакырык... ошол эле БУУ муну жөнгөрө алабы – бул чоң суроо!

Өз кишилерибизди башкаларга таштай албайбыз

Ооганстандык кыргыздарды кайтаруу максатка ылайык, аткарса боло турган ишпи деген суроого - сөз өлүм менен өмүрдүн ортосунда турганда - бул аткарылуучу иш деп жооп берет элем. Менин пикиримде, бул жерде маселени аксакалдар кеңешинин деңгээлинде чечиш керек. Ал жактагы аксакалдар менен бул жердеги аксакалдар сүйлөшүүсү керек. Биз жөн эле аларга “мына жер, жашагыла” деп коё албайбыз. Бул чоң драма, бул эки үйү бар биздин кишилер, биздин эл. Алардын көнгөн шартын түзүп бергенге аракет кылышыбыз керек. Ошондуктан сүйлөшүүлөрдү азыртан башташыбыз керек. Бирок абдан кылдат мамиле кылуу зарыл.

Азыр Талибан тышкы жана ички легитимдүүлүктү камсыздаганга аракет кылат. Бирок бул маселени биз чечишибиз керек. Биз өз кишилерибизди Талибанга же Тажикстанга ишенип таштап коё албайбыз. Биздин сырттагы чоң жаматтарыбыз барымтада калганын көрүп жатабыз да. Бул абдан олуттуу маселе. Биз өз кишилерибизге камкордугубузду көрсөтчү убак келди.