Мексикада жүк ташуучу унаа кырсыкка кабылды: чиркегич оодарылып, кеминде 53 адам каза болду

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Окуя болгон жердеги сүрөттөрдө чоң жүк ташуучу унаа менен чиркегичи тыгын жолдо оодарылып кеткенин көрүүгө болот
Бийликтердин айтымында, Мексиканын түштүгүндө жүк ташуучу унаа кырсыкка учурап, анда кеминде 53 адам каза болуп, ондогон адам жарат алды.
Чиапас штатында жүк ташуучу унаа оодарылып кетип, көпүрөнү сүзгөндө Борбордук Америкадан келген мигранттар деп эсептелген 100дөй адам чиркегичке кыпчылып калган.
Кырсык болгон жерден тартылган сүрөттөрдө аварияга учураган жүк ташуучу унаанын жанында, жолдун аркы өйүзүндө ар жерде жаткан жабырлануучуларды байкоого болот.
Ак чүпүрөк менен жабылып, катар тизилип жаткан сөөктөрдү да көрүнөт.
Чиапас жарандык коргонуу агенттигинин башчысы Луис Мануэль Гарсиа билдиргендей, бул Мексикада болгон үрөй учурган чоң кырсыктардын бири, кеминде 58 адам жаракат алды, кээ бирлери оор абалда.
Анын айтымында, каза болгондордун арасында эркектер, аялдар жана балдар бар. Рейтер агенттигине жергиликтүү өрт өчүрүү кызматынын башчысы билдиргендей, трейлердеги адамдардын көбү Гондурастан келе жаткан мигранттар болгон.
Билдирүүлөргө караганда, жүк ташуучу унаа катуу ылдамдыкта келе жатып, чукул бурулуштан оодарылып, Чиапас штатынын борбору Туктла Гутиерреске баруучу негизги жолдо жөө жүргүнчүлөр өтүүчү көпүрөнү сүзгөн.
Гватемалага коңшу жайгашкан Чиапас, документи жок мигранттар үчүн негизги транзиттик пункт болуп саналат.
Борбордук Америкадагы жакырчылыктан жана зордук-зомбулуктан качкан жүз миңдеген мигранттар АКШга жетүү үчүн жыл сайын Мексика аркылуу өтүүгө аракет кылышат.
Алардын көбү контрабандачыларга акча төлөшөт, контрабандачылар аларды узак, тыгылыш жолдо кооптуу жүк ташуучу унаалар менен мыйзамсыз ташышат.
Эл аралык миграция уюмунун (ЭМУ) маалыматы боюнча АКШ-Мексика чек арасы дүйнөдөгү өлүм эң көп катталган өтмө болуп саналат. Быйылкы жылы эле эң аз дегенде 650 адам андан өтүүгө аракет кылып каза болду. Бул ЭМУ каттоого алып баштагандан берки чоң сан.
Чек араны көздөй бара жаткан кооптуу сапарларда каза болгондор да көп, бирок аларды так документтештирүү кыйын деп айтылат ЭМУнун билдирүүсүндө.
Мексиканын президенти Андрес Мануэль Лопес Обрадор кырсыкты "абдан кыйгылуу" деп сыпаттады жана Твиттерде "трагедия үчүн терең өкүнүчтө" экенин жазды.
Өткөн айда Чиапас аркылуу бараткан мигранттар кербени жергиликтүү бийлик мигранттарды ташыган адамдарды ушунчалык катуу кысымга алганын аныкташкан, андыктан мигранттар бүт жолду жөө басып өтүүгө аргасыз болушкан.
Мындан, мигранттар балдарын колдорунда көтөрүп алып Мексиканын түштүгүндөгү айыл жериндеги ысыкта жана нөшөрлөп жааган жамгырда жол жүргөнүн түшүнсө болот.
Бул өкмөттүн мигранттардын эркин сындырууга аракет кылуу үчүн колдонгон, кимдир бирөө баш тартып, кайра кайтып кетеби же Мексиканын башпаанек берүү шарттарын кабыл алабы деген тактикасы.
Ал арада жүк ташуучу унаалар миңдеген мигранттарды мамлекеттик бийлик органдарынын көз алдында же алардын катышуусу менен ташууну улантышууда.
Алардын чиркегичтери тар жана кооптуу шарттарда бир нече саат бою бутунда туруп кетүүгө аргасыз болгон ондогон үй-бүлөлөргө толуп кетет. Ушундай шартта кырсыктар мындан да көп катталбаганы таң калыштуу.
Көбүнчө мигранттар үчүн эң чоң коркунуч - тумчугуп калуу болуп саналат. Анткени контрабандисттер жолго чыкканда жетиштүү желдетүү же суу менен камсыз кыла алышпайт.
Бул үрөй учурган кырсыкка кабылгандардын көбү Борбордук Америкадан келип, экономикалык кыйроодон, климаттын өзгөрүшүнөн чыккан катаал аба ырайынын алардын тиричилигине тийгизген таасиринен же кылмыштуу топтордун зордук-зомбулуктарынан аман калууну көздөшкөндөр.
Ага карабастан, дагы миңдеген адамдар мекениндеги адам чыдагыс шарттардан качуу үчүн жолдогу мындай кооптуу тобокелдиктерге барганга кайыл. (DO)