18-август. Жаңылыктар

Коронавирустан дагы беш адам каза болду

Соңку суткада Кыргызстанда коронавирустан беш адам каза тапты. Анын үчөө Ысык-Көл облусуна туура келди, дагы бирөө Бишкек, экинчиси Чүй облусунун тургуну болгон.

Пандемия башталгандан бери ошону менен өлкөдө бул илдеттен 2 миң 462 киши каза тапты.

Соңку суткада коронавирустун өлкө боюнча дагы 269 жаңы учуру катталды. Оору Бишкек жана Чүй облусунда кенен жайылууда. (EK)

Москвада Айтматовдун чыгармалары боюнча экрандаштырылган тасмалар көрсөтүлөт

Москвадагы “Иллюзион” кинотеатрында Айтматовдун прозаларынан экрандаштырылган 10 картина көрсөтүлөт. Бул туурасында кинокритик, кинотаануучу Гүлбара Толомушева кабарлады.

Анын билдирүүсүндө, Россиянын Мамлекеттик кинофонду Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча экрандаштырылган тасмалардын ретроспективасын даярдады.

“Иллюзион” кинотеатрында 17-26-август күндөрү атактуу кыргыз жазуучусунун прозалары боюнча тартылган Лариса Шепитько, Сергей Урусевский, Андрей Кончаловский, Төлөмүш Океев жана башка советтик режиссерлордун тасмалары көрсөтүлөт.

Көрсөтүүлөр Россиянын Мамлекеттик кинофондунун коллекциясындагы 35 мм пленкалар менен өткөрүлөт. Программанын куратору - киносынчы, Москвадагы кинематография институтунун мугалими Андрей Апостолов. (MD)

Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду түзүлөт

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду.

Фонддун уставдык капиталы 50 млн АКШ долларын түзөт жана аны Өзбекстан салат. Кийинчерээк уставдык капиталды 200 млн АКШ долларына чейин жеткирилүү каралган.

“Фонд Кыргызстандын экономикасынын приоритеттүү тармактарында өзүн-өзү актаган долбоорлорду зайым берүү, капиталына катышуу жана башка финансы инструменттерин пайдалануу менен Кыргызстандын аймагында катталып жана ишмердүүлүгүн жүргүзгөн чарба субьектилерине каржылоо жүргүзөт”, - деп айтылат президенттин сайтында.