Ишкерлерге насыя: пандемия тейлөө тармагын тизелетти

тигүүчү кыз

Сүрөттүн булагы, TEXTILETRANS.COM

Кыргыз экономикасынын локомотиви бул чакан жана орто бизнес. Бирок ишкерлер пандемиядан чыккан кризисте катуу жабыркап калышты.  Өзгөчө кызмат көрсөтүү жана тейлөө тармагы оор жоготууларга учурап, жыл башынан бери  бул тармактарда төмөндөө 9,2% пайызды түздү.

“Коронавирус пандемиясы маалында ишкерлерге колдоо болгон жок. Салыктан бошотуу, каникул берүү деген каралган жок. Ишкерлердин көбү банкттардан насыя алышкан. Өкмөттүн ошол жеке менчик банктарга дагы тили өтпөдү. Ооба, кредиттерди төлөө мөөнөтүн создуруп берди, бирок үстөк пайыздарын жокко чыгарта алган жок. Кредитти төлөө үч-төрт айга создуктурулганы менен аягында келип эле олчойгон үстөк пайызы менен төлөп жаттык. Бул ишкерлер үчүн абдан оор болду”,- дейт ишкер Жакшылык.  Анын балдарга билим берүү борбору бар, карантинде жабылган окуу жайы азыр аралыктан билим берип келет.

Дүйшөмбүдө премьер-министр Кубатбек Боронов сырттан келген акчалардан ишкерлерге жеңилдетилген насыя бериле баштаганын билдирди.  

Сүрөттүн булагы, Official

“Өкмөт коммерциялык банктар жана микрофинансылык уюмдар аркылуу бизнести жеңилдетилген насыялоого 14 миллиард сом бөлдүк. Бүгүнкү күнгө банктар аркылуу 4,2 миллиард сом бөлүнүп берилди. Финансы министрлиги тарабынан 2,2 миллиард сом берилди. Өлкө боюнча он коммерциялык банк ушул системанын алкагында иштеп жатат. Ишкерлерге жана элге кредит алуунун шарттарын максималдуу жөнөкөйлөтүшүбүз керек”.

Өкмөт башчы буга чейинки билдирүүлөрүндө арзан үстөк пайыздуу насыя ириде аймактардагы ишкерлерге берилерин айткан.

Дыйкан жана багбанчылык менен алектенгендерди эске албаганда, Кыргызстанда 482 миңге жакын орто жана чакан бизнес менен алектенген ишкер бар. Алардын көбү ишин кредит менен баштагандар.

“Ишкерлерге колдоо көрсөтүү максатында банктар аркылуу насыя бериле баштайт дешти. Бирок бул баягы эле үстөк пайыз менен берилет экен. Мен изилдеп деле көрдүм, мурдагыдан эч кандай айырмасы жок”,- дейт ишкер Жакшылык.

Сүрөттүн булагы, Tabyldy Kadyrbekov

Жеңилдетилген насыя өндүрүшкө, кайра иштетүүчү жана азык-түлүк багытына, жумушун медициналык каражат чыгарууга өзгөрткөн ишканаларга 4-8% менен берилип жатат. Төлөө мөөнөтү 3, 5, 7 жылга созулуп, бир жылдан бир жарым жылга чейин жеңилдетилген мөөнөт каралат.

Бизнес коомчулугу өкмөттөн үстөгү 4% дан ашпаган насыя күтүп жаткан жана анын жолдорун да сунуштаган.

“Бул жерде негизги нерсе –кредиттик тобокелчилик маселеси болууда. Берилген насыяны ишкер кайра кайтара албай калса, ошол тобокелчиликти банк же микрофинансылык компания өз мойнуна алат. Эгер өкмөт аны тикелей берсе андай тобокелчиликтерди мамлекет өзү көзөмөлдөй албай калат. Ошондуктан банктар аркылуу берилип жатканы туура, бирок кредиттик тобокелчилик азайса, үстөгү да азаят эле. Мамлекет 0% менен эле берет банкка, банк аябай көп дегенде 4% кошуп бизнеске таратышы керек. Эгер күрөөгө коюлган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү мамлекет санарип аркылуу  кепилдик берсе, үстөктү 3%га дейре түшүрүү мүмкүн”,-деди экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров .  

Жеңилдетилген насыя ишкерлерге экономиканы колдоо боюнча түптөлгөн антикризистик фонд эсебинен таратылып жатат.

Өкмөт кийинки жылга карата бул фондду 40 миллиард сомго жеткирүүнү пландап жатат. Ал үчүн мамлекеттик чыгашаларды кыскартып, андан бошогон каражатты ишкерлерди колдоого жумшоо, көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу жагы каралууда. EKa