Орусия Европаны газ менен коколоп тургусу келет

Владимир Путин

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Владимир Путин

Орусия Европага газ жеткирүүнү кайрадан кыскартты. Евробиримдик энергия үчүн согушта Кремль “Газпромду” союл кылып алганынан күмөн санабайт. Европалыктар газ жеткирүүдө мындан ары Орусия тараптын “техникалык мүчүлүштүк” деген жүйөсүнө ынанбайт. Ошондон улам газ толук бөгөттөлүшүнө камынууда.

1970-жылдан бери карай энергетикалык ири кризиске кептелген бир нече өлкө газ пайдаланууда кескин кадамдарга барып, ченемдерди киргизгени турат. Ченемдер адегенде ыктыярдуу турдө, бара-бара мажбурлоого өтөрү айтылууда. Европа көмүр жага турган электростанцияларын жаап, өзөктүк энергия жөнүндө олуттуу талкуулай башташты.  

Орусия Евробиримдикке газ берүүнү акырындап кыскартууда. Ошентип бул аптада суткасына 100 млн кубометрге чейин түшүп, соңку он жылдагы төмөнкү чекке жетти. “Газпром” май айында суткасына 250 млн куб берген, үч жыл мурун болсо 500 млн куб эле.

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

“Баалардын асман чапчып кеткенинин баары өздөрүнүн эле кылганы. Кайра ага дагы күнөлүүлөрдү издеп жатышат”,- деген өткөн аптада Владимир Путин

Кезектеги кыскартуу Орусиядан Европага газ жеткирчү үч багыттын бири болгон Түркия аркылуу өтчү түштүк маршрутундагы пландалган алдын алуу иштери деп түшүндүрүлдү. Бул иш бир аптадан кийин аяктайт. Бирок июль айында Германияга багытталган “Түндүк багыттын” негизги өткөргүчүн ондоп-түзөө иштери башталат. “Газпром” азырынча кошумча кубаттуулук жана Украина аркылуу өтчү үчүнчү маршруттан сордуруу боюнча каалоосун билдире элек.    

“Орусиянын соңку мезгилдеги аракеттерин карап туруп алар мындан ары да түрдүү шылтоолор менен газ жеткирүүнү кыскартып, керек болсо толук бойдон бууп салышын да четке кагууга болбойт”, - деди шаршембиде Эл аралык энергитка агенттигинин (IEA) башчысы Фатих Бироль.

Бироль Орусия Укораинага кол салганга чейин эле Кремль газды Европага басым катары пайдаланып калганын айтып келген. Эми Евробиримдикти (ЕБ) “газ сыйыртмагы” менен жашоону сунуш кылды. Атайын жайларга кышка чейин запасы менен газ топтоп коюу мындай жагдайда ишке ашпайт. Ошондуктан көмүр жана атом энергиясын пайдаланууну көбөйтүүгө чейин кошумча пландар керек. Мындай жагдайда буга Еврокомиссиянын жашыл экономиканы аябай сүрөгөн чиновниктери дагы макул.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Путин башкарып турган 20 жылдан ашуун мезгилде ЕБ Орусиядан газ сатып алууну бир жарым эсеге көбөйткөн. Эми Европа бир нече айда эле аны үчтөн экиге кыскартууну көздөйт

“Орусиянын Украинага кол салуусу ЕБти күтүүсүз кырдаалга кептеп койду. Путин администрациясынын газ жеткирүүдөгү чалакайымдыгы бизди бир катар өтө манилүү чечимдерди кабыл алууга аргасыз кылды. Бирок бул саранын баары убактылуу”,- деди Элина Бадрам. Бадрам 2015-жылы Парижде өткөн климат боюнча тарыхий саммите ЕБтин делегациясын жетектеген эле. Ал саммитте климаттын өзгөрүүсүнө каршы Париж келишими кабыл алынган болчу.

Орусия газ жеткирүүнүн кыскарышын техникалык себептер менен байланыштырууда. Кремль энергетикалык кризистеги ролун четке кагып, соңку жылдары Европада газдын баасынын төрт эсе кымбаттап кетишин биримдиктин энергетикалык рыноктогу реформасы жана Орусияга каршы санкциялардын кесепети деп атоодо.

“Баалардын асман чапчып кеткенинин баары өздөрүнүн эле кылганы. Кайра ага дагы күнөлүүлөрдү издеп жатышат”,- деген өткөн аптада Владимир Путин. Ал Европада “радикалдар менен популисттер бийликке келгенден кийин элитанын алмашуусу, деградация, экономикалык жана саясий коллапсты алдын ала айтканын” дагы кошумчалаган эле.

Путин башкарып турган 20 жылдан ашуун мезгилде ЕБ Орусиядан газ сатып алууну бир жарым эсеге көбөйткөн. Эми Европа бир нече айда эле аны үчтөн экиге кыскартууну көздөйт.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Орусия Евробиримдикке газ берүүнү акырындап кыскартууда

Орусия газды саясаттан тышкары чыныгы бизнес катары сунуштап, ишенимдүү камсыздоочу катары мактанып келген жана Украина, Белорусия менен газ боюнча араздашканы менен эч качан Европа менен бул боюнча талашып-тартышкан эмес. Соңку жылга чейин жагдай ошондой эле.

ЕБ орус газын эч маселеси жок сатып алчу. Бирок алардын алысты мелжеген пландары бар эле. Ага ылайык бир нече жылдан соң “Газпромдон” сатып алууну азайтып, узак мөөнөттүү келишимдерди түзүүгө тыюу салмак. Мунун баары сатып алууда АКШ баштаган чоң оюнчулар менен атаандашууга мажбурлоо эле.

Европа таза газды экономиканы “жашыл технологияга” ылайык кайра курууда колдонууну көздөгөн. Эртелеп көмүрдөн баш тартып, керек болсо Германияда атом станцияларын жапкысы келген. Абага бүркүлчү зыяндардан арылып, Япониянын Фукусима АЭСиндеги кыйроодон кийин коопсуздукка өтө маани бере баштаган. Анын ордуна шамал, күн жана суутек энергиясына өтүүгө бел байлаган. Путиндин планына бул кирген эмес.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Европанын бир топ өлкөлөрү көмүрдү пайдаланууну караштырууда

Путиндин планы башка...

Ал бардык жерде Евросоюздун “көсөмдөрүн” сындап келген. Өткөн жылы жайында түтүктүү бууп, күзүндө болсо бир топ эле дефицитке жеткирген. Узак мөөнөтүү келишимдерди гана аткарган, натыйжада кышында газдын баасы болуп көрбөгөндөй өскөн эле.

Эми узгүлтүктүн айынан баа ого бетер көтөрүлдү. Бирок азырынча теңирден тескери жыйынтык берип жаткандай. ЕБ кымбат жана баш ооруу боло турган бурулушка бет алып, “Газпромго” далысын салды.

Орусия тараптан жасалма уюштурулган дефицит - Европаны орус газынан баш тартуу чечимин кайра кароого мажбурлоо үчүн шантаж. Бул келишкис араздашуу эмес, себеби өткөн жылы эле “Газпром” Европага газ жеткирүү үчүн Германияга “Түндүк агым” багытынын экинчи бутагын курган эле. Эми ал Балтика деңизинин түбүндө дат басууда.

Путиндин статегиясы чөлкөмдө Орусия мурдагыдай эле энергетика державасы бойдон калуу. Европанын Украинадагы согушка чейинки планында болсо акырындап 2050-жылга чейин газ сатып алууну азайтып жүрүп олтуруу эле. Украинага каршы агрессия ЕБтин ал планын чукул өзгөртүп, 2027-жыл Орусиянын газынан толук баш тартууга бет алдырды.

Путин жеңүүчү катары көрүнгүсү келет...

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Европа пандемияга чейин “Газпромго” 40% көз каранды эле. Ковид кризисинен кийин ал 35% га кыскарган, эми 25%га чейин түштү

Путин түзүлүп калган азыркы кырдаалдан жеңүүчү катары чыккысы келет. Анын пикиринде, ЕБ газ, мунай  жана көмүр сатып алууну уланта берет. Бирок бул такыр башка ЕБ болот.

“Азыркы Европа деградацияланып, алардын демократиясы болгону жасалга болуп калды. Элитасы болсо элден бөлүнүп калды”, - деп сыпаттады Путин. Ал бул сөзүн өткөн аптада Петербург форумунда айтты.

“Европалык саясатчылар өз экономикасына олуттуу соккуну өздөрү уруп койду. Реалдуулуктан мындай обочолонуп алуу, коомдун суроо-талабын сезбей калуу популизмдин дүркүрөшүнө, ашынган радикалдуу агымдардын чыгышына, социалдык, экономикалык олуттуу өзгөрүүүлөргө жана жакынкы перспективада элитанын алмашуусуна алып келет”,- деди Путин.

Европа газдын бөгөттөлүшүнө кандай камынууда?

Орус газынан такыр эле баш тартып коюуга ЕБте чоң тандоо жок. Бул кышта эле эмес, жакынкы жылдары дагы ишке ашпайт. Европалык жана германиялык чиновниктердин эсебинде энергетиканын тартыштыгы кеминде дагы үч жылга чейин сезилет.

Европа пандемияга чейин “Газпромго” 40% көз каранды эле. Ковид кризисинен кийин ал 35% га кыскарган, эми 25%га чейин түштү. Бул көлөмдү газга альтернатива боло турган булактар менен алмаштырууга азырынча мүмкүн эмес.

ЕБ энергияга суроо талапты уюшкан түрдө кыкарткысы келсе ойлоп табуучулукту жана ийкемдүүлүктү көрсөтүүгө туура келет. Ансыз кычыраган кышта башалмандыктан жана капилет өчүрүүлөрдөн буйтап өтө албайт.

Буга бир четинен жаңы эрежелер киргизилгендей. Ага ылайык, жер алдындагы газ сактооочу жайларга октябрга чейин 80%, ноябрга чейин 90% топтоп алуу зарыл. Өлчөгүч азырынча 55% экенин көрсөтүүдө. Бул өткөн жылга салыштырмалуу жакшыраак көрсөткүч. Анда “Газпром” Европанын бул жайларын какшытып койгусу келген.  

Суроо талапты азайтуу үчүн бир катар өлкөлөр антикризистик пландын биринчи этабын күчүнө киргизгенин жарыялашты.

Мисалы, Германияда өчүрүулөргө аукцион жарыяланат. Каалаган компанияларга өз ыктыяры менен газ колдонууну азайткандыгы үчүн каражат төлөнөт.

Германия, Австрия, Швеция, Дания, Нидерландияда энергетикалык коопсуздуктун биринчи деңгээли жарыяланды. А Италия болсо орус газын алууну кыскартуу менен ушул аптада алардын катарын толуктай турганын билдирди.

Экинчи, үчүнчү этапка келгенде олуттуу көйгөйлөр башталат. Көп мамлекттерде баалар көтөрүлүп, ал тургай маал-малы менен өчүрүүлөргө чейин жетет.

ЕБ мамлекеттери стратегиясын тезинен карап жатат.

Германия, Италия, Нидерландия жана Австрия электростанцияларда көмүргө басым кылууга даяр. Греция жакынкы эки жылда көмүр казууну күчөтүп, бир нече газ станцияларына мунай продукцияларына өткөрүүгө камынууда.

IEA Европаны атом энергиясын жандантууга үндөп жатат. Бирок мында дагы Орусиядан альтернатива издегенге туура келет. Себеби дүйнөдө уран өндүрүүнүн 6%, аны байытуунун 40% Орусияга туура келет.