Кенесары хандын кыргыздарга биринчи жортуулу эмнеге көмүскөдө калып келет?

Элебай Турганбаев, тарыхчы

Элебай Турганбаев
Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Элебай Турганбаев

Кыргыз тарыхын кайсы мезгилдерге бөлүп карабайлы, казак эли менен болгон мамиле орчундуу да, олуттуу да орундардын бирин ээлеп келет. Жакшылыктар да көп болгон, келишпөөчүлүктөр да жолугат. Алардын бири, айтылуу Кенесары хандын кыргыздарга жасаган жортуулу.

Бир караган кишиге анын баары түгөл изилденип, айтылчусу айтылып, жазылчусу жазылып бүткөндөй сезилет. Бул жалган көрүнүш. Анткени, мезгил-мезгили менен бул маселеге саясатчылар кийлигишип, аларды айрым тарыхчылар коштоп, ал окуянын чоо-жайын көбүртүп-жабыртып, массалык маалымат каражаттары аркылуу эки элдин бүйрүн кызытып келишет.

Албетте, ким болбосун өз улут-уругун көтөрмөлөп, алга сүрөшү мыйзам ченемдүү нерсе. Бирок чектен чыкпаш керек. Өкүнүчтүүсү, тигил же бул окуяларга тиешелүү фактыларды атайлап чаташтырып (хронологиялык убактысын алмаштырып), айрымдарын жаап-жашыруудан тарых илими чоң утулууга дуушар болорун капарга албай калдык.

Мисалы, 1889-ж. жарык көргөн Ахмет Кенесариндин “Кенесары жана Садык” китебине таянган казактын белгилүү окумуштуу-тарыхчылары (Е. Бекмаханов, Ж. Касымбаев ж. б.) Кенесары хан адегенде тынчтык ниет менен келгенин баса белгилешет.

Бул китеп Кенесары хандын көзү өткөн көп жылдардан кийин жазылган. 1887-ж. край таануучу Евгений Смирнов Кенесарынын уулу Садык султанга өзү жана атасынын өмүр баянын жазып чыгууну суранат. Садык султан аны иниси Ахметке тапшырган. Ошондуктан аталган китеп оозеки эскерүүлөргө таянуу аркылуу жазылып, автордун субъективдүү көз карашын чагылдырып калган. Кенесары өлгөн жылы Ахмет беш жашта болгон.

А. Кенесарин атасы Кенесарынын максаты казак-кыргыздын башын кошуп, кокондуктар өлтүргөн атасы (Касым) менен агалары Саржан, Эсенгелди жана Алжан Саржан уулу үчүн кун төлөтүү болгонун эскерет.

“Кыргыз башчылары өз ара кеңешип, [Кенесарыга] багынуудан баш тартты. Абылай хандын кылыгы али алардын эстеринен чыга элек экен”, - деген тыянак чыгарат. Андан ары автор: “Казак ханынын бул сунушун жоопсуз гана калтырып тим болбой, кыргыз манаптары ар жерден 30-40тан адамдарын аттандырып, Кенесарыга караган элдин жылкысына тие баштады”, - деп бүтүрөт.

Сүрөттүн булагы, С. Майоров

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

"Кенесары жана Сыздык султандар"

Ахмет султандын китебинен тышкары, Кенесары хандын кыргыздарга жасаган жортуулунун башкы себептерин ачып берчү маалыматтар, анын ичинде архив документтер арбын.

Кенесарынын тарыхына көп кайрылган белгилүү окумуштуулардын бири Ж. Касымбаев, өзүнүн “Последний поход хана Кенесары и его гибель (декабрь 1846 – апрель 1847 г.г.)” монографиясында, казак ханынын соңку жортуулунун себеби, анын орус баскынчыларына каршы бирге күрөшүү чакырыгына кыргыз манаптарынын баш тартуусу болгонун ырастайт.

Анын катарына дагы бир белгилүү тарыхчы Е. Бекмахановду (Казахстан в 20-40 годы ХIХ в.), ошондой эле жогорудагы Ахмет султандын небереси Кенесарина Н. А. жыйнаган материалдарды (О деятельности Кенесары хана по царским документам,  А., 2001) ж. б. кошууга болот.

Эң кызыгы, ушул жана башка изилдөөлөрдө Кенесары хандын кыргыздарга жасаган биринчи чабуулу дээрлик айтылбайт. Айтылса да аны кийинки окуяларга (же акыркы чабуул) кошо жамалып, фактылардын хронологиялык тартибин бузууга ачык аракет жасалат.

Эмесе, Кенесары хандын биринчи чабуулуна тиешелүү көрсөтмө-документтердин бирине кайрылалы.

Ал боюнча 1844-ж. күз айларында Кенесары хан Кичүү Жүздөгү назар уругунун бийи Эшкара (Искара) дегендин кызы Тойбийкени (Туйбике) алмай болуп макулдашат.

1845-ж. жазында кыздын калыңын алмакка Эшкара жакын тууганы Жалманбетти (Кучуков) Кенесарынын айлына жиберет.

“Хандан да калың сурайбы” деп ачууланган Кенесары кыз келгиче аны барымтага алып калат. Айласы кеткен Эшкара кызын калыңсыз берүүгө макул болуп, аны бир аялга кошуп, ошол уруунун бийи Дөөлөткелди Бешбаев (Давлетгельди Бисбаев) менен А. Эшболовду (Авяз Исбулов) аттандырат.

Алар келгиче, орус аскеринин кысымына туш келген Кенесары, айылы менен Чүй суусунун аягына көчө качат. Тигилер хандын изине түшүп, туура 96 күн дегенде кууп жетет. Алар келгенде Кенесарынын айылы Чүй суусунун аягында болот. Ошону менен Д. Бешбаев кызды Кенесарыга тапшырып, жарым жылга жакын убакыттан кийин Жалманбетти бошотуп алып, 1846-ж. айылына кайтып келет.

Келгенден кийин мөөрүн басып, 1846-ж. 21-октябрда (бул дата тарых үчүн өтө маанилүү) Оренбург чек ара комиссиясына көрсөтмө берет. Өкүнүчтүүсү Д. Бешбаев Кенесарынын айылына качан келгенин так эстей албай, өткөн жылы күз айы экенин айтып, бирок кар эрте түшүп, ошону ээритип ичип келишкенин белгилейт. Демек, ал окуя 1845-ж. күз айларында болгон деп түшүнүүгө болот.

Кенесары хандын кыргыздарга биринчи аскер жибергени

Алар айылга келгенде, Кенесары кыргыздардан зекет алуу үчүн 6 киши жиберип, бирок кыргыздар макул болбой, ачууланган хан аларга каршы 2000 жоокер аткарганын угушат. Ошентип, Д. Бешбаевдер келген күндүн эртеси эле жөө-жалаң, үстүндө кийерге кийимдери жок, баягы 2000 жоокердин жарымына жакыны кайтып келет. Өзөн-суу, саздын тоңуп калышы алардын жанына арачы болуп калганын, султандар Бопу (Бупе) Касымов, Карабай Карачев, дагы бир аты аталбаган жаш султан курман болуп, көп казак, алардын ичинде Кенесарынын кайниси (кийин белгилүү болгондой Эртай Турсунов) жана аты белгисиз жакын адамы туткунга түшүп, хандын кайнисин кыргыздар 64 карагер атка, ал эми экинчисин 10 түлкү ичик, 10 кымбат чепкен, 10 кундуз, 10 кула ат жана 10 төөгө баалап, сатыкка чыгарышканын айтышат. Бирок 50 гана кишинин куну төлөнүп, башкаларын куткарууга чамасы жетпейт.

Бул окуя тууралуу сүргүндө жүргөн поляк аскер кызматчысы А. Янушкевич өзүнүн 1846-ж. 7-майдагы күндөлүгүндө (Дневники и письма из путешествия по казахским степям) дагы эскерет. Тилекке каршы ал ай-жылын тактабайт, бирок сөз бир эле окуя тууралуу жүргөнү көрүнүп турат.

Анын айтканы боюнча, Кенесарынын колу жакындап келип калганын эшиткен кыргыздар аларды ичке карай кое берет. Бир терең капчыгайды өрдөп баратканда кыргыздар курчап калып, Кенесарынын колунан 1000ге жакыны өлгөн. 2000 сарбаз, 5 султан колго түшөт. Андан ары, 1846-ж. 4-июлда А. Янушкевич казактардын 1500 сарбазы өлүп, эки замбиреги жана 500дөй кыздарынан айрылганын, колго түшкөн бир нече жүз адамдардан саналуулары гана кайтарылып, калгандары ташкенттиктерге сатылганын укканын жазат.

Эгер А. Янушкевичдин ушул маалыматын башка документалдык материалдардан бөлүп карасак, анда сөзсүз Кенесары кыргыздарга алгач 1846-ж. жай айында кол салгандай туюлат. Муну Д. Бешбаевдин көрсөтмөсү аркылуу карасак такыр башка тыянак чыгат. Ошондуктан жогорудагы тарыхчы-окумуштуулардын фактыларды баш-аламан көрсөтүп, айрымдарын жаап-жашырууга аракет жасалганы ачык билинип турат.

Бирок, жогоруда келтирилген документалдык көрсөтмөлөрдө, орустарга каршы биригүү тууралуу эч кандай сөз болбойт, тескерисинче Оренбург жана Батыш Сибирдеги орус аскеринин кысымына туруштук бере албасына көзү жеткен Кенесарынын максаты кыргыздардан зекет алып, элин кыштан аман чыгаруу керек экени ачык айтылат.

Кунун төлөп, жакын туугандарын туткундан бошото албай калышы да ага кошумча күбө боло алат. Кызык жери, академиялык басылмаларын айтпай эле коелу, жогорудагы Д. Бешбаевдин көрсөтмөсүн тарыхчылар Е. Бекмаханов, Ж. Касымбаевдин изилдөөлөрү жана Нафуса Азимхановна Кенесарина (кесиби биолог) чогулткан архив документтеринен жолуктура албайбыз. Бирок документти атап, ага шилтеме беришет.

Мисалы, Н. А. Кенесарина кыскача гана Кенесары хандын назар уругунан кыз алганын, аны “Сокур” деген каймана аттуу Дөөлөткелди узатып келип, ал үчүн хандын колунан белек алып, кайта кайтканы менен чектелет.

Өз эмгектеринде ушул документтин түп нускасын бир нече ирет пайдаланган Ж. Касымбаев деле, Д. Бешбаевдин Кенесары хандын айылына келгенге чейинки окуяларды толук сүрөттөп келип, 2000 казактын кыргыздарга кол салганын аттап өтүп, андан аркысын “хан Жалманбетти бошотту” деген бир ооз сөз менен бүтүрөт.

Е. Бекмаханов дагы Д. Бешбаевдин көрсөтмөсүнө кыскача токтолуп (кыргыздардын колго түшкөн султандарды сатыкка чыгарганын гана үзүндү келтирип), бирок анын жазылган мезгилин (жылын) көрсөтпөстөн, Калыгул Кубат улуунун Кенесары ханга элчиликке барып, “Таштанбектин болотун” (кылычын) алып келгендеги окуядан кийинки учурга жамап койгон.

1846-ж. Элчилердин өлтүрүлүшү

Ал окуяны тарыхчы Б. Солтоноев 1895-ж. Калыгулдан оозмо-ооз жазып калганын эскертет. Калыгул элчиликке Жаманкара баатыр өлтүрүлгөндөн кийин барганын айтып берген. Башкача айтканда Е. Бекмаханов Д. Бешбаевдин келишин дээрлик бир жылга чукул артка жылдырып койгонун көрөбүз.

Ал эми Д. Бешбаевдин кыскартылып-кесилбеген көрсөтмөсү боюнча, кыргыздардан жеңилгенден кийин (сөз 1845–46-ж. кыш айлары тууралуу жүрүп жатат) Кенесары колу менен Иленин оң жээгине, Рүстөм султандын айылына жакын жерге көчүп келип, көп өтпөй Илени жээктей өйдөлөп отуруп, Кытайдын чегине жакын, Үйгөн-Таш (Уйган-тас) деген жерден конуш алат.

Ал жерден белекке 9 жылкы айдатып, Кытай тараптагы жерден конуш берүүнү өтүнүп, султан Кудайменде Саржанов, бий Чокмор Бактыбаев жана Сейдек кожону (Суйдак-ходжа) жөнөтөт. Бирок Кытай өкмөтү анын өтүнүчүн канааттандырбайт.

Натыйжада Кенесары айылын кайра көчүрүп, Иле суусунун Балхашка куйган салаарынын бири – Кара-Камоо деп аталган жалайыр уруусунун эгинчилери отурган айылга келет. Дагы бир жолу кайталап кетели, Д. Бешбаев дагы деле Кенесарыны айылында жүрөт. Башкача айтканда бул окуялар Кенесары өлгөн 1847-жылдан мурунку жылы болгон.   

Эми Ж. Касымбаевге таянсак, анда 19-сентябрь, 2002-ж. "Казахстанская правда" гезитине жарыяланган анын макаласында, казактар Кенесары өлгөндөн беш күндөн кийин Кара-Камоого көчүп келген.

Тескерисинче, жогорудагы документте Кара-Камоого көчүп келгенден беш күндөн кийин Кенесары хан тирүү эле жүрүп, аты аталбаган 8 кишиге кошуп Жалманбет менен Д. Бешбаевди бошотуп, өз айылына кайтарат.

Көрсөтмөсүнүн аяк ченинде Д. Бешбаев Кенесарынын айылында кийим-кеченин тартыштыгын, малы өтө азайып, арыктап, эли катуу жабыркап жатканын билдирет. Аны узатып жаткан хан Кичүү Жүздүн султандарына кат жолдоп, кайтып барса кандайча тосуп аларын сурайт.

Ж. Касымбаевдин изилдөөсүндө, Кенесары аны атайын таңдалган адамдарды баштаган Жалманбет бийге тапшырат. Албетте, окуп жаткан адам буларды бири-бирине жуушпаган, ар башка окуялар катары көрүшү мүмкүн. Бул окуялардын массалык маалымат каражаттарында бир беткей чагылдырышына дал ушул тыянактар негиз болгонун көрөбүз.

Көрсөтүлгөн окуялар болжол менен 1846-ж. эрте жаз мезгилине туш келет. Анткени, Кенесарынын айылы Иле дарыясынын куймасында экенинен кабар алган Сибирь кыргыздарынын чек ара башкармалыгынын башчысы, генерал-майор Н. Ф. Вишневский, есаул Нюхалов менен сотник Карбышевдер башында турган орус аскерин аттандырат. Аны уккан Кенесары хан 1846-ж. май айында оокат-жай, бала-бакырасын камыштан жасалган салга отургузуп, ат-төөлөрүн суудан сүздүрүп, Иленин сол тарабына өтүп кетет. Муну Сибирь корпусунун командиринин Согуш министрине 1846-ж. 18-майда жиберген билдирүүсүнөн да көрүүгө болот. Демек, Кенесары Кара-Камоодон чыккандан кийин деле тирүү жүргөн.

Мисал катары келтирилген документтер, 1846-ж. жай, күз айларына чейин Кенесары хандын абалы абдан начарлап, айласы түгөнүп, кыргыздар менен же жарашып, же күчкө салып багындырууга аргасыз болушунан кабар берет.

Казак тарыхчыларынын изилдөөлөрү боюнча, 1846-жылдын жазынан эки элди жараштыруу үчүн казак-кыргыздар бир-бирине элчи жибере башташат. Кенесары хан кыргызга чапырашты Шоорукту жиберет. Ал солто элинин ичиндеги бөлөкбай Жаманкара менен Болот баатыр башында турган 15 кыргыз элчисин Кенесары хандын алдына алып келет. Кенесары хан келген кыргыздарды өлтүрүүгө бел байлаганда, чапыраштынын акей уругунан Сарыбай бий жана хандын карындашы Бопуй арага түшөт.

Бирок Кенесары түнкүсүн элчилерди өзүм күзөтөм деген шылтоо менен Сарыбай бийди үйүнө жиберип, Жаманкара менен Болот баатырды өлтүрүп, калган элчилерди бошотуп, өзү көчүп кетет.

Архив маалыматтарындагы, Ормон хандын казактын Шоорук баатырын күнөөлөп, кыргыздан 12 кишини элчиликке чакыртып алып, алардын ичиндеги Жаманкара баатырды жана Бердикожо уулу Болотту Кенесарыга салып берип, өлтүрткөнү тууралуу жазган каты да ушул окуялардын чындыгын жана анын акыркы чабуулдун алдында болгонун далилдейт.

Бул жана мындан кийинки окуялар кыргыздын оозеки санжыраларында да көп жолугат. Аларда Кенесары, Норузбай көп кол жыйнап келип, Чүйдүн аягы өйдө чыгып, Меркеге жакын, Кара-Кыштак, Чөңөр деген жерде турган кушчунун башчысы Калчаны чаап, андан өтүп, Чүй суусун бойлоп күн чыгышты көздөй жүрүп, солто Эшкожо, Канайдын күмбөзүн бузуп жана жаңы койгон көрдү ачканы айтылат.

Ахмет Кенесариндин китебинде келтирилген Кенесарынын кыргыз манаптарына жолдогон каты ушул окуялардан кийин болгону көрүнүп турат. Анткени анда эки ортодо өкүнүчтүү окуялар болуп өткөнүн, ага салабат кылуу керектигин, эки жүз жигити менен Калча бийди аман-эсен бошотконун, катты алгандан кийин мага келип багынгыла деген маанидеги сөздөр кезигет.

Солтолордун атынан Чыны уулу Тынаалынын элчи болуп, Кенесарынын алдына барышы да ушул каттан кийин же 1847-ж. акыркы чабуулдун алдында болушу мүмкүн. Анткени оозеки санжыраларда, Кенесары Тынаалыга жол көрсөттүрүп (ал өзүнчө узун тарых), адегенде сарыбагыш Калпак баатырдын айылын чабат. Тарыхчы Ж. Касымбаев белгилегендей бул анын акыркы жортуулу эле...

Бирок, жогоруда белгиленгендей, макалабыздын аягында белгилүү окумуштуулардын айрым фактыларды жаап-жашырып, бир боор болсо дагы улуту башка аталган элди бир беткей күнөөлөп, аларды мыкаачы катары көрсөтүүдөн кандайдыр бир пайда таба алдыбы деген суроону ачык калтыралы.

Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.