Путин мигранттар орус тилин үйрөнүп келиши керектигин айтты

Владимир Путин Жарандык коомду жана адам укуктарын өнүктүрүү кеңешинин жыйынында Россияга келе турган мигранттар тилди жана мыйзамдарды билип келиши керектигин айтты.

Путин

Сүрөттүн булагы, AP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Владимир Путин

Орус президенти ага вице-премьер Марат Хуснуллин чет элдик жумушчу күчкө  болгон муктаждык тууралуу баяндама жасаганын билдирди.

RT билдиргендей, Путин мигранттардын адаптациясына байланыштуу тынчсыздангандарды түшүнүп жатканын айтты.

"Бизге жумуш издеп келчү адам өз Мекенинде даярдык көрө башташы керек: тил үйрөнүп, биздин мыйзамдарды билиши керек. Өз укуктарын билиши керек. Биздин коомдук уюмдар жана мамлекеттик органдар мыйзамдын жана эрежелердин сакталышы боюнча эмнеге багытташат, ошондон маалымдар болушса".

Путин Россия бул тууралуу КМШ өлкөлөрү менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, өзбек президенти Шавкат Мирзиёев бул иште көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирди, деди.

“Мындай иштер биздин башка шериктер – Тажикстан, Кыргызстан, Казакстан менен да жүрүүдө. Бул биздин көз кырыбызда. Бирок бул бардык иштер бүттү дегенди билдирбейт, иш эми башталды»,  -деп Путин айтканын РИА Новости цитата келтирди.

Сүрөттүн булагы, © SPUTNIK / АЛЕКСЕЙ ФИЛИППОВ

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Россияда миллионго жакын кыргыз жараны бар экени айтылат

Буга чейин Коопсуздук Кеңешинин төрага орун басары Дмитрий Медведев миграциялык чөйрөдө көзөмөлдү күчөтүү тууралуу оозанган.

Ал эми Коопсуздук Кеңешинин төрагасы Александр Бастрыкин келгин мигранттардын баарын геномдук каттоодон өткөрүү керек деп айткан.

“Мындай чара миграциялык процесстерге көзөмөлдү күчөтүп, биздин эмгек рынокко криминалдык өкүлдөрдүн киришине кошумча барьер болот. Тартип органдарына алар тарабынан жасалган кылмыштын бетин бат ачууга көмөк болот", - деп Бастрыкин Интерфакска интервью берип жатып айткан.

Жакында эле “Справедливая Россия — За правду" Сергей Миронов орус бийлигинен Борбор Азия өлкөлөрү менен визалык режимди киргизүү тууралуу талап кылган.

Бул тууралуу партия өз билдирүүсүндө деген жүйөөлөрдү келтирет: “ Кеп миграция дестабилдештирген криминогендүү фактор болуп жатканында эле эмес. Биз ошондой эле Россияга коронавирустун жаңы штаммдарынын кирүү мүмкүнчүлүгүн болушунча азайтышыбыз керек".

Миронов арзан жумушчу күч экономиканы жайлатат, россиялыктар өз экономикасын коргошу керек деген.

Сүрөттүн булагы, STANISLAV KRASILNIKOV\TASS VIA GETTY IMAGES

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Россиядагы мигранттардын 40% аялдар түзөт

Соңку жылы Россияда мигранттар арасында массалык мушташтар көп орун алып жатат. Бул өзгөчө кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу окуялардан кийин күчөдү.

Орус бийлиги быйыл июлда орун алган “Кузьминки” метростанциясында орун алган калайман мушташтын 46 мүчөсүн августта депортациялаган. Мындан кийин Москвада мигранттарга карата рейддер күч алып дагы 200 киши Мекенине жөнөтүлгөнүн мэр Сергей Собянин билдирген.

Ал арада Россияда 29-декабрдан тарта бардык чет элдик жарандар милдеттүү түрдө дактилоскопиялык экспертиза жана медициналык кароодон өтүүсүн караган мыйзам күчүнө кирип жатат. Москвадагы кыргыз элчилиги Россиянын ТИМи жана Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылып, жаңы эрежелер боюнча деталдуу маалымат сурады.

Орус ММКлары жазгандай чет элдик жарандар Россия аймагына кирери менен отуз күн ичинде баш бармак мөөрү менен каттоодон өтүшү керек. Ошондой эле баңги заттарына колдонгонбу же жокпу кароодон өтүп, ВИЧке да текшерилиши керек. (EK)