"Ислам мамлекети, Корасан аймагы" деген ким? Талибандан айырмасы

Беткап кийген жаш эркек балдар. "Ислам мамлекети" тобунун мүчөлөрү.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

ИМКА өз катарын Афганистан жана Пакистандан чыккан, өзгөчө Талибанды жетиштүү катаал эмес деп эсептеп, анын катарынан чыгып кеткен жоокерлер менен толуктап келет.

“Ислам мамлекети, Корасан аймагы” дегенди түшүндүргөн ИМКА (англ. Isis-K) – бул  “Ислам мамлекети” (ИМ) тобунун Афганистан жана Пакистанда аракеттенген аймактык бөлүгү.

Бул Афганистандандагы куралдуу жихадчылардын эң катаал жана мыкаачы тобу.

Ал, 2015-ж. январь айында, өзүн Иракта жана Сирияда халифат атаган, кийин АКШ баштаган коалициялык күчтөр талкалап жок кылган, “Ислам мамлекети” тобунун таасири күчөп турган маалда түптөлгөн.

ИМКА өз катарын Афганистан жана Пакистандан чыккан, өзгөчө Талибанды жетиштүү катаал эмес деп эсептеп, анын катарынан чыгып кеткен жоокерлер менен толуктап келет.

Мыкаачылыктын жеткен чеги кайда?

ИМКА акыркы жылдардагы эң жеткен мыкаачылыктарга – кыздардын мектептерине, ооруканаларга кол салганы, ал тургай кош бойлуу аялдарды жана медайымдарды атып өлтүргөндүгү үчүн күнөөлөнүп келет.

Кызыкчылыгы Ооганстан менен чектелген Талибандан айырмаланып, ИМКА жеткен жерден батыш өлкөлөрүнө, эл аралык жана гуманитардык уюмдарга тиешеси барларга кол салат.

Алар кайда жайгашкан?

ИМКА Ооганстандын чыгышындагы Пакистанга кирип-чыккан, баңгизаттарды жана кишилерди ташып саткан жолдорго жакын Нангахар облусунда жайгашкан.

Күчүнө толуп турган учурда топтун 3000 чейин жоокери болгон. Бирок АКШ, Афган куралдуу күчтөрү жана Талибан менен кагылышуулардан улам чоң жоготууларга учураган.

Талибан менен байланышы барбы?

Байланышы болушу мүмкүн, үчүнчү тараптар, балким Хакани желеси аркылуу.

Изилдөөчүлөрдүн пикирине ылайык, ИМКАнын Хакани желеси менен бекем байланышы бар, өз кезегинде, ал Талибан менен байланышта.

Азыр Кабулдун коопсуздугу үчүн жооптуу Халил Хаканинин башы үчүн $5 млн сыйлык жарыяланган.

Asia Pacific Foundation фондунун өкүлү Сажжан Гокел  Афганистандагы куралдуу топтордун желелерин көп жылдар боюу изилдеп келет.

Ал “2019-2021-жж. аралыганда  ИМКА, Талибандын Хаккани желеси жана башка Пакистанда жайгашкан террористтик топтордун биргелешип кылган бир нече чоң чабуулу болгон”, - дейт.

Талибан 15-августта Кабулду алганда, Пуле-Чарки түрмөсүнөн көп кишини бошотушкан, алардын арасында ИМКА жана ал-Каеданын жоокерлери дагы болгону кабарланган.

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

ИМКА көп кишинин өмүрүн алган чабуулдар үчүн айыпталып келет. Бул 2019-ж. Кабулда жардырылган үйлөнүү үлпөттөрү залы.

Бирок алар масштабдуу эмес

Бирок ИМКА менен Талибандын чоң айырмачылыгы бар. ИМКА талибдерди жихадды жана согуш талаасын таштап, Катардагы Доханын "кымбат мейманканаларында" жайлуу жатып алып тынчтык жолун издегенге өткөнү үчүн айыптайт.

ИМКА согушкерлери эми келе жаткан Талибан өкмөтү үчүн чоң коопсуздук көйгөйүн жаратат. Бул жагынан алганда, Талибандын батыш өлкөлөрүнүн чалгын кызматтары менен санаасы бир болуп чыгат.