“Украиндики болчу, эми орустуку болот”. Украинадан данды ким, кантип ташууда?

Андрей Захаров, Мария Коренюк, Би-Би-Си орус кызматы

Николаевдеги талаада танктарга каршы орнотулган "кирпилер"

Сүрөттүн булагы, GENYA SAVILOV/AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Николаевдеги талаада танктарга каршы орнотулган "кирпилер"

"Орусия Херсон жана Запорожье облустарынын оккупацияланган аймактарынан данды ташып жатат", - деп Украин бийлиги коңгуроо кагууда. Би-Би-Си аталган аймактардан буудай кантип ташылып жатканын аныктап, ошондой эле украинанын данын ташыган кербендерди аскерлер коштогонун моюндаган жүк ташуучулар менен сүйлөштү.

“Запорожье облусу буудай себүү боюнча Украинада алдыңкы орунга чыкты”, - деп облустагы тиешелүү мекеме өткөн жылдын жайында сыймыктанган эле. Жергиликтүү дыйкандар жалпысынан 706 миң гектар жерге буудай себишкен эле.

Коңшусу болгон Херсон облусундагы дыйкандар нөшөрлөгөн жаандан улам түшүмдүн 25 пайызына чейин жоготушубуз ыктымал деп кейиген. “Буудайдын сабагы 10-15 сантиметрге эле жетти, муну комбайн менен чаап алуу абдан кыйын болот”, - дешкен. Ал дыйкандардын бири Тарасовка айылынан Виктор Нагребецкий.

Бир жылдан кийин Украинанын түштүгүндөгү дыйкандар сыймыктана да, начар аба ырайына даттана да албай калышты. Запорожье жана Херсон облусттарынын бир бөлүгү орус оккупациясында турат, алардын рекорддук түшүмү Орусияга чыгарылууда.

Украин бийлиги дандын чыгарылышын “мародёрлук” деп атап келет. "Май айынын башына карата түштүктөгү эки облустун оккупацияланган аймактарынан, ошондой эле өздөрүн Донецк жана Луганск элдик республикалары (ДЭР жана ЛЭР) деп атаган аймактарынан Орусияга 400 миң тонна буудай чыгарылган",- деп айткан Украинанын агрардык саясат жана азык-түлүк министринин орун басары Тарас Высоцкий.

Оккупацияланган аймактарда Орусия тарабынан түзүлгөн “аскердик-жарандык” делген администрациялар украин дыйкандардын буудайы кайда кетип жатканын жашырышпайт. Мындай билдирүүлөр орусиячыл “Телеграм” тайпаларында чыгып турат - Би-Би-Си буга чейин жазгандай, алар аннексияланган Крымдын бийлигинин колдоосу менен түзүлүшү ыктымал.

Сүрөттүн булагы, ALEXEI KONOVALOV/TASS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Орус аскерлери Мелитополдогу кампалардын биринде

Мисалы, июнь айынын башында Запорожье облусунун “аскердик-жарандык администрациясынын” жетекчиси, Украинанын Жогорку Радасынын мурдагы депутаты Евгений Балицкий “Мелитополдон Крымга буудай ташыган вагондор кетти”, - деп мойнуна алган. Соцтармактардагы тайпалардын биринде украин бийлигине "мыскылдуу салам" деп сыпатталган видео да жарыяланган. Анда эгинди очойто жүктөгөн жүк ташуучу унааны, аны бойлой хаки шымчан жылаңайлак басып бараткан адамды, “Мына, бошотулган аймактардан жүк ташуучу машиналар менен Крымга жеткирилүүдө” деген жазууну көрүүгө болот.

Орус пропагандасы жана соцтармактардагы орусиячыл тайпалар орус аскерлери басып алган Украинанын аймактарын “бошотулган” деп аташат: бирок алар кимден “бошотулганын” такташпайт.

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Украина. Согушка чейинки саргын талаасы

Украинанын буудайы дүйнөлүк экспорттун 10 пайызын түзөт. Анын эл аралык соода чынжырынан үзүлүп калуусу дүйнөлүк ачарчылыкка алып келиши мүмкүн, деп мурдараак БУУ божомол кылган. Би-Би-Си оккупацияланган аймактардан украин данын ким жана каякка чыгарып жатканын жана бул процессте орус аскерлеринин ролу кандай экенин изилдеп чыкты.

Украинанын даны кайда барат?

Азыр Запорожье жана Херсон облустарынын оккупацияланган аймактарынан алынган буудай эки негизги жол менен чыгарылат. Эки жол тең Крымга алып барат. Темир жолу жана авто жол. Мындан сырткары, оккупациялык бийлик жакынкы арада бул үчүн Бердянск порту да колдонулат деп улам убада берет. Учурда ал жерде миналарды тазалоо иштери жүрүп жатат.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Азыр Запорожье жана Херсон облустарынын оккупацияланган аймактарынан алынган буудай эки негизги жол менен чыгарылат.

Түшүмдү алып чыгуу менен шугулдангандардын бир бөлүгү Запорожье жана Херсон облусттарынан келген. Анткени Крымдын Керчь районунда жана Жанкой-Симферополь трассасында украин номерлери менен жүк ташуучу унаалар байкалган. Кээ бир колонналарда бир эле убакта 5-10 автоунаа болуп, ар бири 30 тоннадан 50 тоннага чейин буудай ташый алат.

Бирок, жүк ташуучу унаалар жетишсиз экени анык. Июнь айынын башынан тарта дан ташыгычтарды издеген дыйкандар же ортомчулар “Телеграмдагы” орусиялык профилдик чаттарда Украинанын түштүгүнөн айыл-чарба продукциясын чыгаруу боюнча жумуштар тууралуу жарыя бере баштады.

"Жүктөө: Токмак, Пологовский району, Запорожье облусу, Украина. Түшүрүү: Крым Республикасы, Жанкой аркылуу өтөт[...] 8500 рубль/тонна", - деп жазылган алардын биринде.

Ошол эле жарнамалардан "Украинанын аймагында аскердик коштоо болот" деп өзүнчө жазылганы да кезигет.

Би-Би-Си жарнамаларда калтырылган номурларды GetContact тиркемеси аркылуу текшерди: бул сервис колдонуучунун телефон номуру башка адамдардын контакттар тизмесинде кандай сакталганын көрсөтөт. Ар бир номур ондон ашуун жазуулар менен коштолгон, андан номурдун ээси Орусиянын түштүгүндө дан ташуу менен алектенет деген жыйынтык чыгарсак болот.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Дан ташуучулар украин данын чыгаруу үчүн "Телеграм-чаттарга" жарыя берет

Мисалы, мындай жарыяны “Авто-плюс” Новороссийск жүк ташуучу компаниясынын ээси Алевтина Подина да жайгаштырган, ал GetContact’та “Алевтина Дан” (“Алевтина Зерно”), “Алевтина Жүгөрү” (“Алевтина Кукуруза”) жана “Алевтина Фура” деп жазылган. Би-Би-Синин кабарчысы бул жарыя боюнча дан ташуучу унаалардын ээси катары чалды.

Ал процесстин чоо-жайын айтып берчү "Игорь" атуу кишиге чалууну суранды. Андан соң "коопсуздук кызматкери" документтерди текшерет жана Украинага барууга болот. “Биз колонна менен барабыз, чек арада турбайбыз, жашыл сызык менен жайбаракат басып барабыз”, - деп айтып, “көлөмдөр бар” жана төлөм накталай деп кошумчалады.

Алевтина телефон чалууну сураган адам Евпаториянын тургуну Игорь Атращенко болуп чыкты, ал дагы жүк ташуу менен алектенет.

“Аскердик коштоо дайыма болот, бирден “Тигр” [сооттолгон унаа] алдыда жана артта, ар бир унаада бирден аскер бар”, - деди ал. Игордун айтымында, “анын жигиттери” Украинага бир айдан ашуун убакыттан бери барышат (сүйлөшүү 8-июнда болгон), дан Крымдын түндүгүндө жайгашкан Жанкой ири шаарындагы кампага жеткирилет. Рейс бир күндүк жол: эртең менен унаалар Жанкойдон чыгып, кечинде кайтып келишет. Жалпысынан колоннада 13кө чейин унаа бар - алардын төртөө украин номурлары менен.

Коштоо аскердик гана эмес, административдик да, деп мактанды ал: аннексияланган Крым менен Херсон облусунун ортосундагы административдик чек арада башка дан ташуучулар “12-20 саат турганда”, анын колоннасы бул жерден “жарым саатта” өтүп кетет. 

Кезектер тууралуу Би-Би-Синин кабарчысына GetContact’та "Краснодарда буудай сатып алат" деп сакталган киши да айтып берди. Журналист бул ирет да украин данын ташууга даяр жүк ташуучу унаалары бар экенин айтып чалган.

"Алар бир же бир жарым күн туруп калышы мүмкүн. Ал жерде [Украинанын материк жагынан Крымга] болжол менен 400 машина жүрүп, данды алып кетишет", - деди ал. Ошол эле учурда анын аскердик коштоосу жок, бир гана “жарандык унаа” барат, бирок майдын аягында коштоо болгон.

Крымдын административдик чек арасы менен материктик Украинанын түштүк бөлүгүндөгү ондогон жүк ташуучу унаалардын кезегин спутниктен тартылган сүрөттөрдөн көрүүгө болот. Би-Би-Си изилдеген сүрөттөр май айынын аягында тартылган.

Сүрөттүн булагы, MAXAR TECHNOLOGIES

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Армянск районундагы жүк ташуучу уналардын кезеги

Орусия азыр эки аймакты тең көзөмөлдөп турганы менен көзөмөл-өткөрүү пункттарында текшерүү уланууда. Мисалы, эгерде Орусиядагы сот аткаруучулары тарабынан чет өлкөгө чыгууга бөгөт коюлса Херсон облусуна чыгарышпайт, деп айтып берди Би-Би-Сиге жүк ташуучулардын бири.

“Чек арада кезектер бар, бирок бул жакшы кабар – Херсон облусунан Крымга дан ташылып жатат”, - деп өзүн “Херсон облусунун башчысынын орун басары” деп атаган Кирилл Стремоусовго таянып орусиячыл тайпалардын бири июнь айынын ортосунда кабарлаган. Мурда эмдөөгө каршы чыккан Стремоусов бир-бирине каршы келген көптөгөн билдирүүлөрдү жасап келет, бирок бул жерде анын сөздөрүн башка булактар ​​тастыктап жатат.

Буудай кимге таандык?

Бул аймактарга түшкөн дандын бир бөлүгү Украинага таандык. Бул мамлекеттик ишканалардын даны жана чынында согуш башталган учурга каралган стратегиялык запастар. Запорожье облусунда “оккупациялык администрация” аны расмий түрдө “улутташтырылды” деп билдирген.

Бул дан чыгарылып жатабы же жокпу - белгисиз.

Дандын бир бөлүгү дыйкандарга жана агроөнөр-жай холдингдерге таандык.

Сүрөттүн булагы, ANATOLII STEPANOV/AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Украин аскери Донецктеги Соледардын талаасында

“Эл данды аз-аздан тапшыра баштады, анткени акча жок, айлык төлөш керек, мунай жок, [талааларда] иштеш керек”, - деди Би-Би-Сиге Запорожье облусунан дыйкан. Ал учурда оккупацияланган аймакта эмес жана коопсуздук максатында аты-жөнүн ачыктабоону өтүндү.

Оккупацияланган аймактардан Украинага данды чыгарууга мүмкүн эмес, деп Херсон облусунун Фермерлер ассоциациясынын жетекчиси Александр Гордиенко даттанды. “Кайдагы дан - адамдар чыга албай жатышат”, - деп кыйкырып жиберди ал Би-Би-Сиге курган маегинде.

"Бул жергиликтүү дыйкандар [бизге саткан] даны, уурдалган эмес!" - деп ишендирди Краснодар ишкери Николай Рябыш өзүн дан ташыган унаалардын ээси катары тааныштырган Би-Би-Синин кабарчысына.

Ошол эле эксперименттин алкагында Би-Би-Синин кабарчысы чалган дагы бир маектешибиз да ушундай деп ишендирди.

"Бул биздин бөлүктүн даны, аны эч ким уурдаган эмес, уурдабайт дагы. 2014-жылга чейин Крымда чоң холдинг бар болчу, ал жерде [материкте] баары Украинага таандык болгон, кийин бөлүнгөн. Орус-украин болгон, азыр орус болуп калды”, - деп акыры күлүп, дан ташуучуларды аскердик коштоону убадалаган Игорь Атращенко билдирди.

Бир нече тактоочу суроолордон кийин ал сөз Крымдагы эң ири сүт азыктарын өндүрүүчүсү - Жанкойдогу "Новатор" жөнүндө болуп жатканын моюнга алды. “Новатор” Би-Би-Синин суроосуна жооп берген жок.

Дыйкандарга сунушталган баалар базар баасынан кыйла төмөн болушу мүмкүн, деп билдирди Би-Би-Сиге Запорожьеден ишкер. "Акыркы жолу [мага] күн караманын бир тоннасы үчүн 210 доллар сунуштаган. Согушка чейин анын баасы дээрлик 600 доллар болчу", - дейт ал.

“Оккупанттар менен кызматташууга даяр болгондорду алдан тайдырбайт деп ойлойм”, - деди көптөгөн дыйкандарды тааныган мелитополдук ишкер Михаил Кумок. Ал “Мелитопольские ведомости” гезити жана сайтына ээлик кылып, бирок Орусия менен кызматташуудан баш тартып, эки ресурсту тең жаап салууга аргасыз болгон.

Кумок сыяктуу орустар менен кызматташууга барбагандар эмне болуп жатканын Запорожье облусунан ишкер айтып берди.

"Мен оккупацияда бир айдан ашык жашагандан кийин кетип калдым. Дыйкандарды жер төлөлөргө сүйрөп башташты. Айрыкча украиначыл позициясы менен болгондорду. Ошондуктан мени да жакында алып кетишет го деп, үй-бүлөмдү алып чыгып кеттим”, - деди ал.

Ал оккупацияланган аймакка башка дыйкандардай эле данды, техникаларын калтырууга аргасыз болгон. Бардык жерде көзөмөл камералары болгон. Алар "көрсөтпөй калганга" чейин бизнеси эмне болуп жатканын байкап турган.

Көп өтпөй “коноктор” да келишти.

"Эки жарандык, үч аскер кийимчен адам келди. Алар кирип, бүт аймакты изилдеп чыгышты. Бир-эки сааттан кийин башка аскерлер да келип, базаны айланып, кароо жүргүзгөндөн кийин кетип калышты. Ал эми түнкүсүн жарандык кийимчендер келип көп нерселерди талкалап салышты”, - дейт. Мындан сырткары 600-700 тоннадай күн карама данын, техниканын документтерин кошо алып кетишкенин айтып кейиди.

Дан ташыгычтар азыр базада калууда, бирок алар жакында украин данын чыгаруу үчүн иштетилиши мүмкүн деп кооптонууда.

Сүрөттүн булагы, MAXYM MARUSENKO/NURPHOTO VIA GETTY IMAGES

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Чернигов облусундагы талаада калган орус танкы

Украинанын түштүгүндөгү аймактарды басып алгандан кийин орусиячыл оккупациялык бийликтин тактикасы чындап эле өктөм болгонун Би-Би-Сиге Украинанын Херсон облусунун расмий администрация башчысынын кеңешчиси Сергей Хланьбилдирди. Ошентип, анын айтымында, дан үч сактоочу жайдан, анын ичинде Новоалексеевка жана Малая Лепетиха айылдарындагы кампаларынан чыгарылды. Муну негизинен ДЭР жана ЛЭРдин аскерлери жана тургундары жасашкан, алар сегиз жылдан бери “көмүскө” экономикалык схемалар боюнча жашап келишкен, дейт Хлань.

The Wall Street Journal басылмасы да ушул сыяктуу окуяларды жазган.

Бирок андан кийин тактика өзгөрө баштады: оккупациялык бийлик дыйкандар акча албаса эгин себүүнү саботаж кыла баштай турганын түшүнүштү. Алгач бир тонна эгиндин баасы 100 доллар, кийин 200 долларга чыкты - согушка чейин баасы 350 доллардан ашкан. Жаңы тактиканын артында, анын айтымында, “кандайдыр бир эрежелерди орноткондой түр көрсөтүшкөн” Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) кызматкерлери турган.

Данды алып жөн эле алып кетип, андан соң сатып ала башташканын Би-Би-Сиге Херсон облусунун Фермерлер ассоциациясынын жетекчиси Александр Гордиенко да билдирди. Бирок айрым дыйкандар түшүмүн эч нерсеге карабай сатпай жатышат, буга баанын арзандыгы да себеп болууда, деп кошумчалады ал.

Украинанын буудайы кайда барат?

Украин даны кайда кеткени тууралуу маалымат ар кандай.

Би-Би-Синин кабарчысы дан ташыган унаалардын ээсинин атын жамынып сүйлөшкөн айдоочулар жүктү Жанкойдогу кампаларга түшүрүү керектигин айтышты. Севастополдогу порт атайын “Телеграм-чаттардагы” жарнамаларда да аталат.

Аннексияланган Крымдын башчысы Сергей Аксенов июнь айынын ортосунда анын аймагы “өзүн-өзү дан менен камсыздайт” деп, Украинанын оккупацияланган аймактарынан дан “Крымды транзит менен өтүп, андан кийин Севастополго сатуу үчүн кетет” деп билдирген.

Сүрөттүн булагы, DMITRY FEOKTISTOV/TASS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Балкер - деңиз аркылуу данды ташыган атайын кеме (сүрөттө Новороссийск портундагы балкер)

Майдын башында украин бийлиги орусиялык “Матрос Позынич” жүк ташуучу кемеси украин даны менен Севастополь портунан чыгып, Египетти көздөй жөнөгөнүн, бирок алар жүктү кабыл алуудан баш тартканын билдирген. Натыйжада “Матрос Позынич” Сириянын Латакиясына кетип, жакында Кара деңизге кайтып келген.

Крымдагы Керчь жана Севастополь порттору 2014-жылга чейин данды экспортко жөнөтүү үчүн жүк ташуучу пункттар болуп калган, дейт “СовЭкон” айыл чарба рыногун изилдөө агенттигинин директору Андрей Сизов. "Бирок 2014-жылдан кийин Крым боз аймакка айланды, анткени ал санкцияларга кабылып, соода кемелери дээрлик кирбей калды. Азыр ал жакта бираз кыймылдап башташты, аздаган дан жүктөлүп жатат - жарымы Крымдан жарымы Украинадан окшойт. Анын көлөмү белгисиз”, - деп белгилейт эксперт.

Аннексияланган Крымдан алынган дандын бир бөлүгү Орусияга, атап айтканда, Краснодарга кетиши мүмкүн, дейт Запорожьенин дыйканы. Аны кургактыктан тышкары деңиз аркылуу, Севастополдон да жөнөтсө болот, деп эсептейт Херсон облусунун Фермерлер ассоциациясынын жетекчиси Александр Гордиенко.

"Биз Новороссийскке экспорттой алмакпыз, бирок ал көпкө созулуп кетет, ал эми бул жерде [Жанкойдо] ижарага алынган кампа бар", - деп айтып берген өзүн кургак жүк ташуучу кемелердин ээси катары тааныштырган Би-Би-Синин кабарчысына жүк ташуучулардын бири.

Данды экспорттогон үч орусиялык компаниянын өкүлдөрү Би-Би-Сиге украин данын сатып албай жатканына ишендиришти. Алардын ою боюнча, данды Орусияга биринчи кезекте ички керектөөлөр үчүн ташып келүүгө болот. Экөө тең коопсуздук максатында аты-жөнүн ачыктабоону суранышты.

“Учурда банк системасындагы санкциялардан улам, мен чет өлкөдөн акча алып жатканда Орусиядан ташылган данды орусиялык өндүрүүчүлөрдөн сатып алганымды көрсөтүшүм керек. Колхоздордонбу, дыйкандарбы -  айырмасы жок. Бул документтерди бермейин мага эч ким төлөбөйт. Мен кагаздарды жасалмала албаймында”, - деп түшүндүрдү дагы бир экспортер. Анын кесиптеши данды экспорттоо үчүн, мисалы, ал кайсы жактан өндүрүлгөнү тууралуу фитосанитардык документтерди берүү керектигин айтат.

Бирок данды Орусияга алып чыккандар оккупацияланган аймактардын дыйкандарына кандайдыр бир документтерге кол коюуга мажбурлап жатышат, - дейт Украинанын Херсон облусунун расмий администрация башчысынын кеңешчиси Сергей Хлань. “Балким ушинтип дандын келип чыгышын мыйзамдаштырууга аракет кылып жатышкандыр”, - деди ал.

Андрей Сизовдун айтымында, дандын көлөмү канчалык чоң болсо, аларды экспорттоо үчүн адалдаштыруу ошончолук кыйындайт. Мындай шарттарда аны атайын документтер талап кылынбаган жерге, башкача айтканда, “Матрос Позынич” жүк ташуучу жүк ташуучусу таштап кетти делген Сирияга жөнөтсө болот.

Анткен менен орусиялык соодагерлердин украин данын “адалдаштыруу” боюнча тажрыйбасы бар. Сегиз жылдан бери, 2014-жылдан баштап, ДЭР жана ЛЭРден чыккан дан Орусияга жеткирилет. Ошол эле учурда бул аймактар ​​Херсон жана Запорожье областтарынан айырмаланат - анын көлөмү аталган эки облуска салыштырмалуу бир кыйла аз болгон.

"Схема абдан жөнөкөй көрүндү - ортомчулар Донбасстын дыйкандарынан [Орусияга] дан алып келишип, бажыдан өткөргөн, төлөмдөр орус банктары аркылуу жүргүзүлгөн. Алар аны орусиялык сатып алуучулардын кампаларына түшүргөндөн соң алар данды Орусияныкы кылып сатышкан. Баары расмий түрдө жасалган, дан биздики сыяктуу, Орусияныкы болуп чыккан”, - дейт ири агроөнөр-жай ишканасынын ээси.

Орусиянын Айыл чарба министрлиги Би-Би-Синин суроосуна жооп берген жок. (ЕВ)