Дарыгерлердин маянасы: азайдыбы же көбөйдүбү?

Пандемия маалындагы кыргыз медиктери

Сүрөттүн булагы, Official

Кыргыз өкмөтү 1-апрелден тарта Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда иштеген медицина кызматкерлеринин айлык акысы 100% көтөрүлгөнүн жар салган. Бирок айрым дарыгерлер өткөн айда маянасы мурдагыдан да азыраак чыгып калганын айтышууда.

Айнуска Айдарали кызы Ош шаарындагы №-1 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда иштейт.  Буга чейин 15 миң сом айлык акы алып келген болсо, эми анын маянасы 5 миң сомго кыскарып кетти:

“Булардын айлыгы 100% көтөрүлүптүр, эми  30-40 миң алышат экен. Эми иштеши керек, эми бизди жакшы карашы керек деп жатышат. Бирок алар биздин негизги айлыгыбыз 5 миң сом экенин түшүнүшкөн жок. Мурда айлыктарыбыз индикатор менен эсептелчү да”, -деген жаш дарыгер Ош шаарындагы жергиликтүү журналисттерге.

Кыргыз өкмөтү 2018-жылы дарыгерлерди колдоп, шыктандыруу максатында жаңы саясатын баштаган. Тактап айтканда, алардын ишин баалоо боюнча 12 индикатор киргизилип, анын негизинде дарыгерлерге кошумча акча чегерилип келген эле.

Бирок быйыл маянага андай үстөк акы төлөө жоюлуп жатат.

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча фонддун төрага орун басары Клара Өскөмбаева

“2020-жылы ошол индикаторлордун аткарылышы өлкө боюнча 61% эле болду. Ал эми быйыл биринчи кварталда 58% эле түзүп жатат.  Индикаторлорду башында киргизип жатканда үй-бүлөлүк дарыгерлер ишин сапаттуу, мыкты аткарып, элдин нааразылыгын жоет делген. Тилекке каршы андай болбой калды”, -деди Милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча фонддун төрага орун басары Клара Өскөмбаева.

Анын айтымында медицина кызматкерлеринин ишинин көрсөткүчү ал бейтаптарды стандарттуу түрдө эле кабыл алып коюп жатабы же  айрымдарын үйүнө чейин барып көрүп, өнөкөт оорусу бар бейтаптарды такай көзөмөлгө алып турабы, эмдөө кампанияларына канчалык тартылды ошого жараша  бааланып келген. Бул тууралуу догдурлар отчет жазып, ал кайра тийиштүү текшерүүдөн өтчү.

“Ал үчүн формаларды толтуруш керек эле, андан кийин ал отчеттерду биз текшеришибиз керек болчу. Анда да нааразылык чыккан, "келип алып эле бизди текшере бересиңерби" деген сөздөр айтылган”, - дейт Өскөмбаева.

Дарыгерлер Кыргызстандагы эмгеги эң төмөн бааланган кесип ээлери. Улуттук статистикалык комитеттин билдирүүсүндө өлкөдө медицина кызматкерлеринин орточо айлык акысы болгону 10 миң 978 сомду түзөт, бул 145 доллардын тегерегиндеги акча.

Эрмек Исмаилов  жаш дарыгер, ал бир эле убакта эки-үч жумушта иштегенге мажбур. Учурдагы кымбатчылык дарыгерлердин кендирин кесип жатканын айтып берди.

Сүрөттүн булагы, Official

“10 миң сомго бир айга жашоо абдан татаал. Себеби азык-түлүккө, башкага деле баалар абдан кымбаттап кетти. Дарыгер бул суммага үй-бүлөсүн багыш үчүн азык-түлүк алышы керек же светке төлөшү керек же башка чыгымга жумшашы керек. Айтайын дегеним, бул акчанын ушул үч нерсенин бирөөсүнө эле корото алат”.

Өткөн айда жүзгө жакын медицина кызматкерлери Ак үйдүн алдына митингге чыгып, эмгек акыны көтөрүү талабын коюшкан. Дарыгерлер пандемия маалында иштегендиги үчүн кенемте акыларын да талап кылышкан. 

Былтыр башталган пандемияда догдурлар алдыңкы тилкеде иштеп, айрымдары коргонуучу каражаттары жок туруп  жумушуна мажбурлап тартылганы тууралуу  эл аралык “Amnesty” укук коргоо уюму соңку отчетунда айтылат. Анда ошондой эле “кызыл зонада” иш алып барган  дарыгерлердин кенемте акысы толук чечиле электигине камтамачылык да айтылган эле.

Саламаттыкты сактоо министрлиги буга чейин 1,5 миң дарыгерге иш убагында коронавирус жуктуруп алганы үчүн 200 миң сомдон компенсация төлөп бергенин билдирген. Бирок марттан бери эле  кенемте акы сурап дагы ондогон кайрылуулар түшүп,  атайын комиссия кароосунда турат. EKa