Кабулдагы кандуу террордук чабуул: ондогон мектеп окуучулары жерге берилди

Ооганстанда жерге берилип жаткан маркумдар

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Ишемби күнү болгон террордук чабуул мектептин жанында болду

Ооганстанда мектептин алдында болгон жардыруудан алтымыштан ашуун адам каза тапты. Алардын көбү мектеп окуучулары.

Террордук чабуулга эч ким жоопкерчиликти алган жок. Бирок Ооган өкмөтү чабуулдун артында “Талибан” кыймылы турат деп жарыялады. Айрым серепчилер чабуулду өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атаган топ уюштурушу мүмкүн экенин дагы айтууда.

“Жардырууну угуп жүгүрүп бардым. Жерде жалаң окуучу кыздар жатканын көрдүм”,-деп айтты окуяга күбө болгон тургундардын бири.

Бомба унаага катылып, аны алыстан жардырышкан деп айтылууда.

Сүрөттүн булагы, EPA

Учурда өлкөдө талиптер менен коопсуздук кызматкерлери ортосундагы салгылашуулар күчөдү. АКШ болсо 11-сентябрга чейин аскерлерин чыгарып кетиши керек. Ушул тапта Ооганстанда 2,5 миң чамалуу америкалык аскерлер бар. Ал эми НАТО өлкөлөрүнүн жалпы аскер контингенти 9,6 миң киши.

“Талибан кыймылы” жекшемби күнү Орозо айы соңуна чыгып жаткандыктан үч күн ок чыгарбай турарын жарыялаган эле.

Жардыруу Кабулдун батыш тарабында болду. Бул аймакта негизинен шийит Хазара азчылыктары жашайт. Дал ушул жерде бир жыл мурун төрөт үйүндө кол салуу болуп, 24 кош бойлуу аял өлтүрүлгөн.

Нобель тынчтык сыйлыгынын лауреаты Малала Юсуфзай “Твиттер” баракчасына билим алууга умтулан кыздарды коргошубуз керек деп жазып, жардырууда каза тапкандардын жакындарына көңүл айтты. Малала Юсуфзайды 2012-жылы талиптер башына атып кетишкен.

Анализ – Секундер Кермани

Би-Би-Си Ооган кызматы

Ооганстандын туш тарабында үрөй учурган окуялар улам катталып жатат. Бирок Кабулдун Дашт-и-Барчи району тынымсыз террордук чабуулга кабылгандай туюлат.

Бул аймакта Ооганстандын Хазара этникалык азчылыктары жашайт. Алар шийит болгондуктан, өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атаган топ азчылыктарга каршы бир нече жолу террордук чабуул уюштурган.

Буга чейин спорт мелдештеринде, маданий борборлордо жана окуу жайларда болгон чабуулдардан ондогондор мүрт кетти.

Өткөн жылы жана 2018-жылы “ИМ” Дашт-и-Барчи районунда жанкечтинин жардыруусун уюштуруп, 70 адам каза тапкан. Андан бери “ИМ” тобу Ооганстандагы таасирин жоготуп, мурда көзөмөлдөгөн аймактардан чыгарылган. Ага карабастан “ИМ” Кабул жана башка шаарларда террордук чабуулдарын токтоткон жок.