Орусия: Кыргызстандагы абалга кийлигишпейбиз

Путин

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакпаев бүгүн Москвада кесиптеши Сергей Лавров менен жолугушууда. Казакпаев буга чейин ЖККУнун башкы катчысы Станислав Зась менен жолугуп, Кыргызстандагы соңку саясий кырдаалды талкуулады.

 Бул Кыргызстанда бийлик алмашканы  жогорку кызматтагы бийлик өкүлүнүн Орусияга болгон биринчи расмий иш-сапары болууда.

Руслан Казакпаев эки күндүк иш-сапары маалында, эң негизгиси, Орусиянын Кыргызстанга болгон каржылык жардамын жандандыруу максатын көздөп жатат.

Орус президенти Владимир Путин 22-октябрда эл аралык “Валдай" талкуу аянтчасында Кыргызстандагы соңку окуяларга токтолуп, Кремлдин расмий Бишкекке болгон буга чейинки финансылык колдоосун да санап кетти.

“Кыргызстан ЖККУ, ЕАЭБ мүчөсү болот, биз бул өлкө бутуна турушу үчүн көп иш кылганбыз. Кыргыз экономикасынын ар кыл тармагын колдоо үчүн жүздөгөн миллион доллар жумшалган. ЕАЭБга кирүүсү үчүн санитардык, бажы системасынын адаптациясы үчүн акчалар бөлүнгөн. Жыл сайын берилчү ондогон миллион долларлык гранттык каражаттарды айтпай эле коеюн, кийинкиси эле жылдары 500 миллион АКШ доллары бөлүнгөн. Азыр Кыргызстанда болуп жаткан окуяларга тынчсызданбай жана ич ачышпай коюу мүмкүн эмес. Бирок баса белгилеп коеюн, биз ал жерге насаат айтып же кайсы бир саясий күчтөрдү колдоп киришип-кийлигишпей эле турабыз.  Кыргызстанда баары ордуна келет жана Орусия менен жакшы мамиле сакталат деп үмүттөнөбүз”.

Путин Кыргызстан мамлекеттүүлүктү түптөөнүн аракетинде болуп жатканын белгиледи.

15-октябрда орус бийлиги Кыргызстанда “саясий стабилдүүлүк орногуча жана өкмөттүн иши калыбына келгиче” каржылык  жардамын токтоторун билдирген.

Орусиядан преференция алып көнүп калган кыргыз бийлиги үчүн бул эмне экени айтпаса да түшүнүктүү.

Бир апта өтпөй президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Бишкектеги орус  элчиси Николай Удовиченкону кабыл алып, өлкөдө орус тили расмий тил боюнча каларына ишендирди.  Ошондой эле эки тараптуу соода-экономикалык, гуманитардык кызматташтыкты улантуу ниетин билдирип, бул ишти биринчи вице-премьер Артем Новиковго тапшырды.

Жапаров буга чейин Орусия Кыргызстандык негизги өнөктөшү катары каларын кайталап келди.  Соңку жолу ал бул туурасында “Аль-Жазира” телеканалына демократия жана Орусия тууралуу кыйчалыш суроого жооп берип жатып, баса белгилеген:

“Орусия менен мамилебиз мурдатан эле болуп келген. Мындан кийин да уланат. Тышкы саясатыбыз Орусия менен болот, ал эми ички саясатыбызды: өнүгүү, демократия дегенди өзүбүз жасайбыз. Башка мамлекеттер менен кызматташтык боло берет. Европа өлкөлөрү, АКШ, Кытай менен эки тараптуу кызматташтыктар боло берет. Бирок эң негизги стратегиялык өнөктөшөбүз Орусия болот. Анткени, бизди көп нерсе байланыштырып турат, андан биз ажырап кете албайбыз”.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Москва шаарында Жамааттык коопсуздук жана кызматташуу уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы Станислав Зась менен жолугушту.Министр Кыргызстандагы ички саясий абалдын турукташканын жана өлкөдөгү саясий процесстер мыйзам нугуна түшкөнүнө ынандырды.

Расмий маалыматтар боюнча былтыр Кыргызстан-Орусия ортосунда товар алмашуу 2,6 миллиард АКШ долларын түздү. Путин белгилегендей, мындан тышкары Орусия Кыргызстанга жыл сайын бюджетти колдоо боюнча он миллиондогон гранттык каражаттарды бөлүп келет.

Кыргыз бийлиги үчүн Орусиянын “батасы” абдан маанилүү.

“Орусиядан тышкары эгемен багытты көрө ала турган саясатта адамдар жок. Себеби, көбү совет доорунда тарбия алып, кулк-мүнөзү калыптанып калган. Дүйнөдөгү тренддерди, өзгөрүүлөрду карап эгемен саясат жүргүзгөнгө алдары да жетпейт, көздөрү да жетпейт жана анткенден коркушат”, -дейт саясат талдоочу Даниэль Кадырбеков.

Анын пикиринде, Орусиянын Украина жана Грузиянын мисалындагы агрессивдүү тышкы саясаты буга чейинки кыргыз бийлигин чочулатып келди.

Соңку парламенттик шайлоодо дагы Орусиянын таасири, кийлигишүүсү тууралуу талкуулар жүрүп келди.  Бирок Путин соңку сөзүндө Кыргызстандагы абалга жөн гана байкоо салып турганын, эч бир саясий күчтөргө колдоо көрсөтүлбөй турганын ачык айтты. EKa