Коронавирус: Кайсы өлкөлөр жаш балдарды эмдеп жатат жана эмне үчүн?

Жим Рид, ден соолук боюнча кабарчы

Дублинде өспүрүм Covid-19 вакцинасын алууда

Сүрөттүн булагы, DAMIEN STORAN

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Дублинде өспүрүм Covid-19 вакцинасын алууда

Британиянын башкы медицина кызматкерлеринин кеңешинин артынан өлкөдө 12 жаштан 15 жашка чейинки өспүрүмдөр коронавируска вакцина ала алары айтылды.

Алар жаш балдарга Pfizer вакцинасынын бир дозасын алышын сунуштады.

Башка өлкөлөр өспүрүмдөрдү эмдөөдөн өткөрүп келатышкан, бирок алардын ыкмалары башкачараак.

Европада эмдөө кандай жүрүүдө?

Май айында Европа медицина агенттиги (ЕМА) 12-15 жаштагылар үчүн Pfizer вакцинасын алууга уруксат берген. Андан бери Европа Биримдигиндеги мамлекеттерде эмдөө ар кандай ылдамдыкта жүрүүдө.

Дания (12-15 жаш) менен Испания (12-19 жаш) экөө тең жаштардын көпчүлүк бөлүгүн вакцинанын жок эле дегенде бир дозасы менен эмдеген.

Францияда 12-17 жаштагылардын арасында вакцинанын бир дозасын алгандар 66% түзөт, ал эми толугу менен эмдөөдөн өткөрүлгөндөр 52%. Октябрга чейин өлкөдөгү “санитардык уруксат” 18 жаштан төмөн болгондордон да сурала баштайт. Демек, бардык өспүрүмдөр кинотеатр, музей, ресторан жана жабык соода борборлоруна кирүү үчүн вакцина алганын далилдеген паспортту же болбосо коронавирус жок деген тестти көрсөтүшү керек болот.

Июнь айында Германиянын илимий кеңешчилери саламаттыгына жараша 12-15 жаштагы өспүрүмдөр гана вакцина алыш керек деген сунуштама берген. Бирок дельта варианты августта кеңири жайыла баштагандан кийин 12 жаштан жогору болгондордун баары эмдөөдөн өткөрүлө баштаган.

Швецияда 12-15 жаштагы өспүрүмдөр, эгерде өпкөсүндө илдети бар болсо, астмасы оор болсо же чоң коркунуч туудурган медициналык шартта гана вакцина ала алышат.

Норвегияда - Евробиримдиктин мүчөсү эмес - жакында эле 12-15 жаштагыларды эмдөөдөн өткөрө башташты. Бирок бир эле доза берилип жатат. Экинчи дозаны берүү боюнча чечим кийинчерээк чыгарылмакчы.

АКШда эмдөөдөн өтүү милдеттүү

Май айында АКШ менен Канаданын бийлик өкүлдөрү биринчилерден болуп 12 жаштан жогору курактагыларга Pfizer вакцинасын саюуга уруксат берген. Эмдөө дароо эле АКШнын бардык аймактарында башталып, эки доза үч апта аралык менен берилген.

Июль айынын аягына чейин 12-17 жаштагылардын 42% Pfizer же  Moderna вакцинасынын биринчи дозасын, 32% экинчи дозасын алышкан.

Жаш балдарды да эмдөө аракети коронавирустун дельта вариантынын көп тарай баштаганы менен күрөшүү үчүн көрүлгөн.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Медайым окуучуга Флоридадагы Лиман орто мектебинде Pfizer вакцинасын саюуда

АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө борборунун соңку баяндамасына ылайык, коронавирустан улам ооруканага жаткырылган жаш балдардын саны вакцинаны аз алган штаттарда 3,4-3,7 эсеге көп болгон.

АКШдагы бир нече мектептердин башкаруу кеңештери айрым ата-энелердин каршы болгонуна карабастан 12 жаштан жогору болгон өспүрүмдөргө сабакка катышуу үчүн вакцина алууну милдеттендирүү үчүн добуш беришкен.

Лос Анжелесте аталган буйруктун негизинде 600 миң окуучу эмделиши керек болсо, Нью Йоркто окуучулар эмес, мугалимдер вакцина алууга милдеттендирилген.

Pfizer коронавируска вакцинасын текшерүүнү кичинекей балдарга да жүргүзүүдө. 5-11 жаштагылардын жыйынтыктары сентябрда чыгышы күтүлүүдө. Ал эми 6 айлык бөбөктөр менен 4 жашка чейинки жаш балдардын жыйынтыктары ушул жылдын аягына чейин чыгып калышы ыктымал.

Көзөмөлдөөчү органдар клиникалык текшерүүнүн жыйынтыктарын карап чыккан соң АКШнын президенти Жо Байден жаш балдар үчүн вакцина “жакын арада” жеткиликтүү болуп каларын билдирген.

Кытайда 3 жаштан жогору болгондорго вакцина берилет

Июнда Кытай 3 жаштан 17 жашка чейинкилерге Sinovac компаниясынын вакцинасын алууга уруксат берген. Ошентип Кытай мындай өтө жаш курактагы балдарга вакцина саюуга уруксат берген биринчи өлкө болуп калды.

Өлкө жыл аягына чейин 1,4 млрд калкынын 80% эмдөө босогосун белгилеп алган. Кытай жашы 18ден төмөн болгондорду эмдебей туруп бул босогого жете албайт.

Кытайда коронавируска вакцинаны алуу сөз менен ыктыярдуу деп айтылат. Бирок айрым жергиликтүү бийлик өкүлдөрү окуучулар үй-бүлөсүндөгүлөрдүн баары эки жолудан вакцина албаса, анда сабактарга катыша албасын айтышкан.

Sinovac вакцинасы Азия, Африка жана Түштүк Америкадагы көптөгөн өлкөлөрдө кеңири колдонулууда.

Чилиде 6 жаштан жогору болгондордун баарына вакцина алууга уруксат берилди. Sinovac компаниясы Түштүк Африкада 6 айдан 17 жашка чейинкилердин арасында вакцинаны клиникалык сыноодон өткөрө баштады.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Кытайдын Нанкин жергесиндеги Жонгуа орто мектебинде окуучулар коронавируска вакцина алайын деп кезекте турушат

Индияда вакцинаны биринчи чоңдор алат

Дүйнө жүзү боюнча Индия эң көп өспүрүм курактагы калкка ээ. ЮНИСЕФтин маалыматы боюнча, өлкөдөгү өспүрүмдөрдүн саны 253 млн. Улуттук серологиялык сурамжылоонун акыркы жыйынтыктарына ылайык, пандемия башталгандан бери жаш балдардын 60% коронавируска туш болгон. Ошондуктан алар кандайдыр бир иммунитет иштеп чыккан болушу ыкытмал.

Август айында өлкөнүн дары-дармек тармагын көзөмөлдөгөн орган 12 жаштан жогору болгондорго жергиликтүү Zydus Cadila аттуу компания иштеп чыккан жаңы вакцинаны чукул кырдаалда колдонуп турууга уруксат берген. Муну менен жаш балдар үчүн алгачкы жолу уруксат берилген.

Вакцина үч доза менен жана салттуу түрдө колдонулган шприц менен эмес, ийнесиз берилет. Аталган фирма 2 жаштан жогору болгондорду да жакын арада клиникалык сыноодон өткөрө баштарын билдирди.

Өкмөттүн илимий кеңешчилеринин айтымында, олуттуу илдети болгон 12-17 жаштагылар үчүн вакцина октябрь айында бериле баштайт. Бирок жалпы өспүрүмдөрдү эмдөө чоңдорду эмдөө программасы аяктагандан кийин гана башталмакчы. Ушул жылдын аягына чейин чоңдорду эмдөө аягына чыгары пландалган. (EA)