Төрт күндүк эркиндик: камактан бошоп кеткендер кармалууда

Бишкек, митинг

Кыргызстанда бир апта мурда болгон тополоңдо абактан бошотулгандар кайра түрмөгө кайтарылууда. 

Алардын арасынан мурунку өкмөт башчы Сапар Исаков жана экс-мэр Албек Ибраимовдун дайыны белгисиз болуп жатат. Мамлекеттик жаза жана аткаруу кызматы аларга издөө салынарын эскертти.

Баш прокуратура буга чейин билдирүү таратып,  кырдаалдан пайдаланып абакты таштай качкандарга кайтып келүү талабын койгон эле.

Тизмеде мурунку өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев,  экс-премьер министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев жана мурунку депутат Мээрбек Мискенбаев баштаган ондогон мурдакы чиновниктердин ысымы аталды.

Бүгүнкү күнгө алардын дээрлик баары - айрымдары күч , башкалары өз эрки менен кайта абакка кайтарылды.

Ал тапта “Саясий репрессияларга каршы комитети” билдирүү таратып, анда 10-октябрдан кийинки кармап-камоолорго тынчсыздануу айтылат.

“Бийликке мурунтан саясий оппонент болуп келген саясатчылардын камакка алынышы көп суроолорду жана күмөн ойлорду жаратууда. Курсан Асанов жана Темирлан Султанбековдун дагы деле талапкер макамы сакталууда. Себеби, шайлоонун жыйынтыгы аныкталган эмес. Андыктан аларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу мыйзамсыз. Укук коргоо органдар жана сот азыр башын көтөрүп жаткан уюшкан кылмыштуу топторго карата күрөш жүргүзсө болмок”, -деди аталган комитет өкүлү Адил Турдукулов.

Дүйшөмбүдө Бишкектин Биринчи май райондук соту КСДП өкүлдөрү Фарид Ниязов, Канат Сагынбаев, Темирлан Султанбековду жана ИИМдин мурунку өкүлү Курсан Асановду тергөө абагына эки айга камоону өкүм кылды.  

“Равшан Жээнбеков тергөөгө кирип, тиешелүү көргөзмөлөрдү бергенден кийин аны кое беришкен. Анткени, анын үй камагына чыгаруу боюнча соттун тиешелүү токтому бар болчу. Фарид Ниязов менен Канат Сагынбаевдин деле соттун чечими менен үй камагына чыгарылган болчу. Бирок аларды 9-октябрь күнү Ала-Тоо аянтында болуп өткөн массалык башаламандыктардын уюштуруучусу деп кармашты”,- деди КСДП өкүлү Кундуз Жолдубаева.

Кыргызстан соңку аптада саясий чыңалуунун чордонунда болду.

Бир апта мурун шайлоонун жыйынтыгына нааразы 13 партия каршылык акциясына чыгып, ал ири митинге айланып, аягы Ак үйдүн басып алып талкаланышы менен бүткөн. Шайлоо таза өтпөдү деп чыккандар арасында Назикбек Кыдырмышев дагы бар эле.

“Мен деле жарандык коом атынан таза эмес шайлоого каршы митингге чыккыла деп үгүттөп жүргөн элем. Ошол окуяларда бир киши өлдү, канчасы майып болуп калды.  Саясатчыларда жоопкерчилик сезими болуш керек да. Кылмыш иши козголгондон кийин ошондогу партиялардын лидерлери жоголуп кетти такыр эле. Же билдирүүсү жок, унчукпай кийинки шайлоого даярданып  отурушат. Миңдеген адамдарды үгүттөп аянтка чыкырганга ким алат жоопкерчиликти? Ошол үчүн мен эртең арызымды жазып милицияга барам”,- дейт жарандык активист.

Ал өз мисалында саясатчыларды саясий жоопкерчиликке үндөгүсү келет.

Ал тапта абактан бошотулар замат тездик менен акталып, өкмөт башына отурган Садыр Жапаровдун легитимдүүлүгү тууралуу талкуулар күчөп жатат. EKa.