Афганистанга $1 млрд убадаланды, Казакстанда коронавирус артка чегинди

Афганистанга $1 млрд ашуун жардам убадаланды

Жардам көрсөткөн уюмдар азык-түлүк жана дары-дармектер өтө зарыл экенин айтууда

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Жардам көрсөткөн уюмдар азык-түлүк жана дары-дармектер өтө зарыл экенин айтууда

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Афганистанда “катастрофанын бир учу көрүнүп калды” деген эскертүүсүнөн кийин өлкөгө 1 миллиарддан ашуун АКШ доллары өлчөмүндөгү жардам берилери айтылды.

Глобалдык колдоо болору жөнүндө Женевада өткөн конференцияда убадаланды.

БУУдан айтышкандай, Афганистан чоң гуманитардык кризистин алдында турат.

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш конференцияда өлкөдө жакырчылыктын деңгээли өсүп, мамлекеттик кызматтар кыйрайын деп калганын айтты. 

“Кыш да жакындап калды, ушул айдын аягына чейин көп адамдардын азык-түлүгү түгөнүп калышы ыктымал”, - деп эскертти ал.

БУУ $606 млн чогулта турганын жана бул миллиондогон адамдар үчүн “жашоосун сактап кала турган жардам” болорун айтты.

БУУ жардам көрсөткөн кызматкерлерге тоскоолдуксуз иштөөгө Талибанды шарт түзүүгө чакырды.

Талибдер август айынын ортосунда Афганистандын бийлигин колго алганга чейин эле өлкөдөгү согуштан 550 миңден ашуун киши качууга аргасыз болгон.

Болжолдуу 3,5 млн киши учурда өлкө ичинде үй-жайын таштап кетүүгө мажбур болгон. Андан тышкары, афганистандыктар ашыкча кургакчылыкка да туш болууда. (EA)

Казакстанда коронавирус артка чегинди

Сүрөттүн булагы, Reuters

Казакстанда коронавирустун жайылган учурлары соңку эки аптада басаңдап, анын деңгээли 35% кыскарды. Бул жөнүндө дүйшөмбүдө саламаттык сактоо министри Алексей Цой билдирди.

Анын айтымында, өлкөнүн 17 региону инфекциянын жайылыш темпи боюнча кызыл зонадан сары зонага өттү. Ал эми Түркестан областы жашыл зонада.

Эпидемиологиялык кырдаалдын жакшы динамикасын сакайып чыккандардын саны көбөйүп жатканы көрсөтүп турат. 25-августтан тарта коронавирус менен ооругандарды дарылаш үчүн ачылган 57 объект зарылчылык жогунан жабылды.

Казакстанда пандемия башталгандан бери коронавирус менен ооругандар 845 миңден ашты, анын ичинен 766 миңи сакайып чыкты, он миңден ашуун адам каза болду.

Ал эми коронавируска каршы эмдөөдөн өткөндөр саны 7 миллион 126 миң болду. (КС)