Коронавирус: Кыргызстан экинчи толкунга даярбы?

Бишкек, стационар

Кыргызстанда соңку суткада коронавирус дагы 420 кишиден аныкталды. Бишкек шаары жана Жалал-Абад  облусу оорунун жайылышы боюнча алдыга чыкты.

Саламаттыкты сактоо министрлиги шайлоо жана андан кийинки саясий окуялар оорунун жайылышын шарттаганын айтууда.

Министр Алымкадыр Бейшеналиев коронавирустун экинчи толкунуна карата даярдыктар тууралуу маалымат берди:

“Бир жарым айга дары-дармек жана коргонуучу каражаттар жетет. Фармацевтикалык компанияларга биздин министрлик ФОМС аркылуу бир миллиард эки жүз миң сом карыз болуптурбуз. Мен өзүм гарант болуп, фармацевтикалык компаниялар менен сүйлөшүп, дары-дармектер менен бардык мекемелерди үч-төрт айга камсыздайбыз.”

Министр өлкө боюнча бейтаптарга беш миң орундук даярдалганын айтты.

Мындан тышкары бул аптада Бишкекте жүз орундук жаңы оорукана ишке киргизилет.

Бейшеналиев учурда дарылоонун бешинчи протоколу иштелип жатканын да ачыктады.

Өзү жана орун басары Мадемин Каратаев бүт облустарды кыдырып келгенин айтып, аймактарда абал көзөмөлдө экенин айтты.

“Жалал-Абаддагы абалга токтолсом, мен губернатор менен сүйлөштүм. Түнү авария болгон экен, эртеси түшкө чейин маселе чечилген. Ал жакта азыр кислороддук концентраторлор менен маселе жок”, -деди.

Жалал-Абаддагы станцияга кычкылтек Майлы-Суудагы лампа заводунан ташылып келет, бирок 23-октябрда заводдо техникалык бузуулуу орун алып, кычкылтек таңкыстыгы орун алган.

“Атам жана атамдын инисин, эки адамды карап жатканыма төртүнчү күн болуп атат. Күнүнө кычкылтекке эле үч миң сомдон кетип жатат. Күн сайын алты-жети, керек болсо он баллонго чейин кетип атат. Абал оор, газ баллонго жетпей ушул жерде бейтаптардын туугандары тыбырчылап жүрүшөт”,- деген журналисттерге жергиликтүү тургун Шакирбек Сыдыков.

Эпидемиологиялык абал курчуп, Жалал-Абадда бүгүн эле 118 жаңы учур катталды.

Кыргызстанда соңку ай саясий олку-солку абал менен коштолду. Шайлоо өтүп, андан кийин бийлик алмашып, коронавирус маселеси көңүл сыртында калды.

Эми саясий кризис басаңдаганы менен оору менен алпурушууга каражат жетпей турган чагы.

“Шайлоо убагында элди автобустап ташып жатышты, шайлоо участкаларында эл кезекте туруп жатты. Миңдеп чогулуп митингдер өтүп атты. Адамдар эпидемия маалында тыгыз контактта болуп, коронавирусту жуктурушту. Митингге көбүнчө жаштар чыгышты, бирок алар вирусту үйлөрүнө ташып жатышты да. Жаңы өкмөттүн эң биринчи иши эми ушул жакты карашы керек. Саламаттык тармагына кенен каражат бөлүп бериши керек. Азыр бюджетте акча жок, кыйын болуп турат, бирок болбой эле буга каражат табыш керек”,- деди эксперт Айбар Султангазиев. Ал буга чейин Кыргызстандагы саясий партияларга кайрылуу жасап, кырдаалды колго алууну суранган.

Президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров коронавирус илдети менен күрөшүү планын жарыялай элек. Ал түгүл, анын Нарында эл аралап, беткапсыз жүргөнү суроо жаратууда.

Жапаров командасында мурунку өкмөт курамындагы социалдык блок үчүн жоопкер Аида Исмаилованын калышы да эл арасында нааразылык жаратып жатат. Вице-спикер Аида Исмаилова экинчи толкунга даярдык көрүүнүн ордуна, шайлоо маалында кызматын убактылуу таштап, депутаттыкка аттанган эле.

Эпидемияга жетиштүү чара көрүлбөгөндөн июль айында орун алган апаат мурунку бийликке нааразылыкты шарттаган негизги факторлордун бири болду.

Бийлик алмашканы,  сырттан келип жаткан донордук каражаттардын айрымдары тоңдурулуп, эми жаңы өкмөт коронавирустун экинчи толкуну менен кантип күрөшөт деген суроо турат. EKa