Казакстанда курал сакталган кампа жарылып кетти

Кечинде курал-жарак сакталган кампада бир нече жарылуу болду

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Кечинде курал-жарак сакталган кампада бир нече жарылуу болду

Казакстандын Тараз шаарына жакын жайгашкан курал-жарак кампаларында бир нече жарылуу болду. Натыйжада беш киши каза болуп, 90дон ашуун адам медициналык жардам сурап кайрылган. Алардын 28и ооруканага жаткырылган. Жакын жайгашкан айылдардын тургундары эвакуацияланды. Бийлик атайылап өрттөө аракет болгон болушу ыктымалдыгын четке какпайт.

Өлкөдөгү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, жарылуу чыккан кампада 500 тонна тротил сакталып турган.

Кырсыктын кесепеттерин жоюу иштерине катышкан беш аскер кызматкери каза болгон: Түштүк аймактык аскер прокурору, сержант, ефрейтор, аскердик коргоо кызматкери жана өрт өчүрүү командасынын начальниги. Казакстандын коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, дагы бир нерче адам байланышка чыкпай жатат.

Orda.kz сайтына Тараздагы №1 шаардык ооруканасынын башкы дарыгери Сакен Жумашев кабарлагандай, аларга 93 киши келген, алардын 10 жай тургундар болгон.

“Ооруканага жаткырылган 28 кишинин беши реанимацияда жатат: экөө оор абалда, бирок абалы туруктуу. Реанимацияда үч аскер кызматкери менен эки өрт өчүрүүчү жатат”, - деген Жумашев аталган сайтка.

Казакстандын коргоо министри Нурлан Ермекбаев аталган кырсыктан кийин кызматтан кетүүнү пландап жатат. “Мен өзүм үчүн чечим кабыл алдым, мен кызматтан кетем, кызматтан кетирүү жөнүндө суранам. Чечимди өлкө башчысы чыгарат”, - деп билдирген Ермекбаев журналисттерге. Министрдин айтымында, кырсык болору менен ал ушул чечимге барган.

Биринчи жарылуу жергиликтүү саат боюнча кечинде саат 19дарда Жамбыл облусундагы №28349 аскердик бөлүктө (инженердик-сапердук бригада) чыккан. Ал эми кампада жалпысынан жок эле дегенде алты (башка маалыматтар боюнча ондон кем эмес) жарылуу болгон. Курал-жарактар жарылып, өрт чыгып кеткен.

Казакстандын коргоо министрлигинен билдиришкендей, кампада инженердик жабдуулар гана сакталган. Ал жарылганда сыныктар алыскы аралыктарга (3 километрден бийикке) учпайт. Көпкө созулган өрт тротилдин күйүшү менен байланыштырылууда.

Тургундар өздөрү эле турак-жайларын таштап чыга башташкан. Кийинчерээк бийлик массалык эвакуациялоо боюнча чечим чыгарган. Жакын жайгашкан айылдардан Тараз облусунун борборуна 1200дөй киши эвакуацияланган. Убактылуу эвакуация пункттарында 171 киши бар. Кырсык болгон жакка барган бардык жолдор, анын ичинде темир жолдор да тосулду.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев окуя боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди.

Коргоо министри Ермекбаевдин айтымында, тергөөчүлөр жарылуунун жана кампадагы өрттүн чыгуусунун бир нече варианттарын караштырып жатышат.

“Кырсыктын чыгуу себептерин ыкчам-тергөө тобу териштирип жатат. Биз ар кандай себептерди караштырып жатабыз. Коопсуздук эрежелери сакталбаганы да болушу мүмкүн, өзүнөн-өзү өрттөнүп кеткен болушу мүмкүн, же химиялык реакция, атайылып өрттөп бүлгүн салуу да болушу ыктымал”, - деди ал.

Аскердик бөлүктөгү кампада 500 тоннадан ашуун тротил сакталып турган. Өрттүн аянты дээрлик 700 чарчы метрди түзүп, кампанын бүт аянтын жалмаган. Сыныктар эки километрге чейин аралыкка учуп кеткен. (EA)