Сурамжылоо: Садыр Жапаровго ишеним деңгээли түштү

Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек

Садыр Жапаров

Сүрөттүн булагы, official

Эл аралык Республикалык институт жүргүзгөн кезектеги сурамжылоодо президент Садыр Жапаровго болгон ишеним деңгээли 32% түздү. Президент болуп шайланар алдында декабрдагы сурамжылоодо анын рейтинги 51% болчу.

Камчыбек Ташиев 24% менен тизмеде экинчи орунда, анын рейтинги декабрда 13% болчу. Калган саясатчылардын баарынын көрсөткүчү он пайыздан төмөн.

Сүрөттүн булагы, Screenshot

"Чыныгы бийлик кимдин колунда?"

Садыр Жапаровго болгон ишенимдин төмөндөп кеткенине биринчи кезекте кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуялар, чек ара чатагынын чечилбей жатканы себеп болушу мүмкүн дешет. Бирок бул маселелерде жоопкерчилик көбүнчө Камчыбек Ташиевдин мойнунда эмеспи. Анткен менен анын рейтингин коррупция боюнча кармап-камоолор көтөрүп жиберген болушу мүмкүн. Кантсе дагы коррупцияга каршы күрөштө алты айда алты миллиард сом  өндүргөнүн айтып отчет бербедиби. Бирок ошончо акчанын мамлекеттик казынага түшкөнүн көрсөткөн далилдүү маалыматтар элге көрсөтүлө элек.

"Мунун себеби, коррупционерлерден келип түшкөн акча менен бюджетти толтурабыз деп чоң пиар акциялар жүрдү. Коррупция боюнча камалгандар акча төлөп чыгып атса, элге ошол чоң көрүнүп атат. Рейтинги көтөрүлгөнү ошондон болушу мүмкүн. УКМК негизи унчукпай иштей турган орган. Мынчалык чоң маалымат өнөктүгү буга чейин болгон эмес. УКМКнын чыныгы ролун түшүнбөгөн адамдар ишенип жаткан болушу мүмкүн. Ал эми Садыр Жапаровдун рейтинги түшүп кеткени, кандай болгон күндө дагы ал башкы командачы. Ал коопсуздук жагына дагы, өкмөттөгү иштерге да жооп берет. Өздөрү ошондой конституциялык системаны түзүп алды. Экинчиден, ал акыркы убакта анчалык көп чыкпай калды элге, көп чечимдерди өзү кабыл алып жатканы сезилбейт. Ошон үчүн эл арасында чыныгы бийлик кимдин колунда деген дагы суроолор бар", - деди аналитик Жыргалбек Касаболотов.

Айтмакчы, акыркы убакта Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди бийликтеги бир команда эмес, атаандаш күчтөр катары карап башташты. Кезектеги парламенттик шайлоо жакындаган сайын алардын ортосундагы ажырым менен атаандаштык ого бетер курчуйт дешет.

"Акыркы мезгилдерде "Мекенчил" партиясынын эки лидеринин рейтингине караганда, кайсы бир деңгээлде атаандашуу жүргөндөй болуп жатат. Демек, булардын рейтинги кайсы бир деңгээлде теңделип жатат десек болот. Эл азыр аларга мурдакы жогорку берген баасынан кайтты. Анткени, эл күткөндөй болбой жатат көп нерсе. Негизи системдүү иш алып баруу жагынан экөөндө тең эч кандай иш жок. Экөө тең жалаң гана кустуризация менен алек болуп калды. Экономиканы, социалдык тармакты өнүктүрүү боюнча булардын программасы, планын көрбөй жатабыз",-дейт башка аналитик Айданбек Акмат уулу.

Ошол эле учурда аталган эксперт Эл аралык Республикалык институт жүргүзгөн сурамжылоонун геостратегиялык максаты дагы болушу мүмкүн дейт:

"Ташиевге Россия тараптан каршылык күчөп жатат. Ал ошондуктан Түркия, Батыш менен жакындашуусу мүмкүн. АКШнын Республикалык партиясынын институту жүргүзгөн иликтөөдө ушундай геосаясий жагы да болушу ыктымал. Эгер Ташиев Түркия аркылуу Батышка ыктаган болсо, анда Батыш жүргүзгөн сурамжылоонун негизинде анын алдыга чыгып жатышы объективдүү көрүнүш".

Анткен менен, сурамжылоого катышкандардын 62% өлкөнүн саясаты туура багытта баратат деп эсептейт, декабрда бул көрсөткүч 58% эле.

"Бирөөнүн рейтинги түшөт, бирөөнүкү көтөрүлөт. Эң башкысы элдин көбү туура жолдо баратабыз дегени жакшы көрсөткүч. Качан ушундай болду эле?",-дейт саясат талдоочу Алмаз Акматалиев.

Бийликтин партиялары алдыда

“Сиз билген саясий партиялар” деген суроо боюнча тизмеде сап башында “Ата-Журт” (59%), андан кийин “Ата Мекен” (56%) жана “Республика” (47%).

Ошол эле учурда азыр шайлоо болсо, 11% “Ата-Журт” менен “Мекенчил” партиясына добуш берүүгө даяр, ал эми 7% - “Ыйман нуруна”. Калган партиялардын көрсөткүчү 3% төмөн.  

"Бул дагы эле партиялык система иштебей жатканынын көрсөткүчү. Анткени бул эки партия Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге байланыштуу аталып жүргөнүн элдин баары билет. Алар негизги чечимдерди кабыл алуучу адамдар болуп жаткандан кийин, ошого жараша жооп болуп жатышы мүмкүн. Бирок жалпы жонунан ошол партиялардын идеологиялык платформасы кандай деп сурап көрө турган болсо, сырттагы адамдар тургай, ошол партиянын мүчөлөрү өздөрү да так жооп бере аларынан күмөнүм бар",-дейт Жыргалбек Касаболотов.

Изилдөөгө катышкандардын 75% жергиликтүү шайлоо убагында акча сунушталган жок деп жооп беришкен, ал эми акча сунушталды дегендер 24% түздү.

Сүрөттүн булагы, screenshot

Сурамжылоо ошондой эле өлкөнүн бараткан багыты, шайлоо, БШКнын ишмердиги, коронавирус  жана башка маанилүү маселелер боюнча да жүргүзүлгөн.

Респонденттер өлкөдөгү эң көйгөйлүү маселе катары баалардын өсүп жатканын, жумушсуздукту, коррупцияны, коронавирусту аташкан.