Финансылык терапия акчага болгон мамилебизди өзгөртө алабы?

Финансылык терапия акчага болгон мамилебизди иретке келтире алабы?

Сүрөттүн булагы, Akanksha Singh

Акча – көпчүлүгүбүз үчүн күрөш, ал турсун кээ бир адамдар үчүн фобия болуп саналат. Бул тууралуу сөз кылуу анын сырын чечүүнүн бир жолубу?

Анна Дэвис отуз жашына келгенде, акчага болгон мамилесинин өзгөргөнүн байкаган.

АКШнын Нью-Джерси штатында жашаган Дэвис: “Жыйырма жашымда мен бардык чыгашаларымды бир айлык эмгек акымдын эсебинен төлөп койчумун дейт: "Мен балалуу болгондон кийин, бала бакча кызматынын акысы жана келечек үчүн акча топтоо сыяктуу кошумча чыгымдар пайда болду".

Жеке финансы тармагында фрилансер-жазуучу Дэвис жалгыз бой эне болгону үчүн каржылык кыйынчылыктары коркунучтуу экенин мурда эле билгенин айтат. Бирок теориялык жактан акча үнөмдөө менен инвестициялоону жакшы билген адис катары Дэвис өзүнүн финансылык максаттарынан канчалык алыстап кеткенин түшүнгөн: "Мен муну интеллектуалдык көз караштан билчүмүн, финансы тармагындагы фрилансер-жазуучу катары кантип акча үнөмдөө, кантип инвестициялоо керек экенин так айтып бере алсам да, мен муну өзүм иш жүзүндө аткара алган жокмун."

Дэвис жаңы өнүгүп келе жаткан, жеке финансыны да, психикалык ден-соолукту камтыган каржылык терапия кызматына туш болуп, ага катыша баштаган. Финансылык терапевттер кардарларына акча менен болгон мамилелерин иретке келтирүүдө жардам берүү үчүн психологиялык билимин колдонушат. Тагыраак айтканда, алар азыркы айрым психологиялык ыкмаларга ылайык, акчадан келип чыккан стресстин өзү менен алпурушпай, анын түпкү себебин аныктап чыгып, маселени өзөгүнөн чечүүгө аракет кылышат. 

Дэвис каржылык терапиянын биринчи сеансында абдан чочулаган. "Акчага караганда секс жана романтикалык мамилелер жөнүндө сүйлөшүү оңоюраак" - дейт ал.

Терапия бөлмөсүндө отуруп: "Мына, бул жерде менин банктык көчүрмөм, менде ушунча акчам бар деп айтып салуу, абдан коркунучтуу болот деп ойлогом".

Акча маселеси ар дайым стресс менен коштолуп келет. Өзгөчө айрым адамдар үчүн мындай стресс алардын каржылык коркунучунун бир түрү катары көрүнүшү мүмкүн. Бул фобияны басып, андан кутулуш үчүн, Дэвис сыяктуу каржылык терапевттерге жардам сурап кайрылган адамдардын саны барган сайын көбөйүүдө. Мындай жалпы массаны көздөгөн дарылоо ыкмасы финансыга байланыштуу көйгөйлүү мамилелерди тартипке келтирүүдө жардам бере алабы?

Чыныгы фобия

Акчага байланыштуу чыгарган чечимдерибиз эмоциялар менен тыгыз байланышта болот. Илимий изилдөөлөр муну ырастайт. 2000-жылы Дэниел Каннеман деген окумуштуу, экономикалык теорияда, айрыкча белгисиздик шартында ой жүгүртүү жана чечим чыгаруу багытында психологиялык негиздерди колдонгон илимий иши үчүн экономика боюнча Нобель сыйлыгына татыктуу деп табылган. Анын илимий иши акчага байланыштуу чечимдер эмоциялардын таасири астында чыгарыларын тастыктаган.

Жумушчулардын маселелерин иликтеген Perk Box платформасы 2019-жылы жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, акча маселеси Улуу Британияда стресстин эң чоң себеби болуп саналат. Сурамжылоого катышкан 1139 респонденттин 61% - акча эң чоң стрессти алып келет деп жооп беришкен. Алар үчүн акча жумушка (51%) жана үй-бүлөсүнө (24%) караганда, кыйла курч стресстин себеби болуп саналат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Айрым эксперттердин пикиринде, финансылык фобия реалдуу. Акчага байланышкан коркуу белгилүү фобиялардын башка түрлөрү менен салыштырылат

Кембридж университетинин коомдук илимдер боюнча профессору, акчага байланыштуу стрессти изилдеген Брендан Берчелл, финансылык фобияны абдан реалдуу феномен деп эсептейт. Бул феномендин тегерегинде көп изилдөөлөр жок болсо да, биз анын ар кандай адамдарга  ар кандай таасир бериши мүмкүн экенин билебиз - мисалы, кээ бирлери акча менен байланышкан маселелерден качса, башкалары тынчсызданып, жооп издеп жатып, ашыкча убакыт жана энергия сарпташы мүмкүн.

Жүрүм-турумга карабастан, акчадан келип чыккан эмоциялык стресстер олуттуу көйгөй болуп эсептелет. "Бул чындап эле көп жагынан фобияга окшош болот", - дейт Берчелл. "Бизде акча менен терең эмоционалдык байланыштар бар. Кандайдыр бир мааниде, айталы, банктагы же кредиттик картабыздагы чыгаша жана эсептик көчүрмөсүн текшерүү, жөргөмүштөр менен клоундардан коркуу фобиясынандай эле биз үчүн реалдуу болуп чыгат” -  деп кошумчалады ал.

Ушул себептен улам, Берчелл, жөнөкөй кеңештер каржылык фобияларды дарылоодо көп жардам берерине ишенбейт. "Ошондой эле, мисалы, бирөөнүн жакшы угуучу болушу, сизге өзгөчө жардам бербейт. Сиз жөргөмүштөрдү эмне үчүн жактырбай турганыңызды канча жолу түшүндүрүп берсеңиз да, фобия жок болбойт".

Берчелл фобияларды дарылоодо, адистешкен профессионалдардын жардамы - финансылык фобиядан кутулуунун келечеги бар ыкмасы деп эсептейт. Ал туура терапия алуу абдан маанилүү экенин баса белгилейт: "Эгерде биздин лабораториялык тажрыйбалар жана башка изилдөөлөрүбүз болжогондой, финансылык фобия чынында бар болсо, анда когнитивдүү жүрүм-турум терапиясы (КЖТТ) өтө ылайык келиши мүмкүн".

Когнитивдик жүрүм-турум терапиясы (КЖТТ), негизги маселелердин түпкү тамырын изилдөө аркылуу, өзгөртүүлөрдү киргизүүгө багытталган маектешүү терапиясынын бир түрү, ошондой эле финансылык терапевттер пациенттерге жардам берүүдө колдонгон структуралык ыкмалардын бири болуп саналат.

Кэрри Рэттл, Уолл Стритте мурда жогорку кызматтарды аркалаган жетекчи болуп иштеп, кийинчерээк финансылык-терапевт кесибине өткөн. Ал когнитивдик-жүрүм-турум терепиясы адамдардын акчага байланыштуу эмоциялык проблемаларын чечүүдө практикалык ыкма экенине кошулат.

Нью-Йорк шаарында жайгашкан Рэттл өзүнүн мурунку карьерасында "ал жерде жүздөгөн каржылык сабаттуулук уюмдары жана миңдеген бюджетти пландоо боюнча  китептер бар болсо да", адамдар эмне кылышы керек экенин логикалык түрдө түшүндүрүү ийгиликсиз экенине көзү жеткенин айтат. Сабаттуулук менен эмоциянын ортосундагы өзгөчөлүктөр, Рэттлди финансылык терапевт катары экинчи карьерасын өздөштүрүүгө түрткү болгон.

Линдси Брайан-Подвин, АКШнын Мичиган штатында  жайгашкан лицензиялуу финансылык терапевт жана социалдык кызматкер, кардарларынын акча маселесин “баалуулуктарга негизделген иштин” негизинде чечүүгө аракет кылат.

Мындай көз караш боюнча, КЖТТнын жеке киши үчүн эмне маанилүү экенин кайра карап чыгууну жана ошол баалуулуктардын негизинде чыгарылган чечимдерди реструктуризациялоону камтыйт. Брайан-Подвин өз кардарларына "кафе-ресторандарда тамактанууга акча сарптоону токтот" деген  сыяктуу сунуш берүүнүн ордуна, чыгымдардын кайсы түрү көбүрөөк баалуулук алып келери жөнүндө ойлонууга үндөйт.

"Кээ бирөөлөр үчүн кафе-ресторанга барып тамактануу - жакын адамдары менен күнүмдүк турмуш түйшүктөрүнөн алыстап, стрессиз убакыт өткөрүү мүмкүнчүлүгүн берет, жеке мамиленин баалуулугун бекемдейт", - дейт ал. "Кээ бирлери коопсуздук баалуулугун бекемдөө үчүн үйлөрүн оңдоп-түзөө же жасалгалоого акча жумшашы мүмкүн". Брайан-Подвин адамдардын акча коротуу адаттары алардын баалуулуктарына шайкеш келгенде — адамдар эң кымбат чыгымдарын өзүнө баалуу деп эсептеген нерселерге жумшап, эң аз баалаган нерсесинен үнөмдөшсө - алар акча коротуудан жакшыраак эмоциялык пайда алышат деп эсептейт.

Компульсивдүү, эмоцияларга оңой алдырган алармандарга карызга батпоо жана андан алыс болууга жардам берүү максатында иштеген Рэттл, КЖТТ ыкмаларын колдонот. Анын ичинде психодинамика жана акча диалогу, ошондой эле жүрүм-турум үлгүлөрүн аныктоого көңүл бурат. "Эмоционалдык триггерлерди аныктоо өзүн-өзү контролдоонун ачкычы". - "Сиз эмоциялардын негизинде чечим чыгарбай, тыныгууга даяр болушуңуз керек, ал нерсеге тунук акыл-эс менен кайра кайрылганыңыз туура болот", - дейт Рэттл.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Финансылык фобия ар кандай болушу мүмкүн жана жөн гана жүрүм-турумга көңүл бурбастан, эмоцияларга багытталган жаңы ыкмалар аларды чечүүгө жардам бере алат

Баарына дары эмес

Каржылык терапия салыштырмалуу түрдө жаңы тармак болуп саналат жана ал иш жүзүндө АКШда гана колдонулуп келе жатат. Финансылык терапия эмне кыла алар-албасын билүү үчүн дагы көп убакыт керек. Мунун өсүү потенциалы чоң, бирок кээ бир эксперттер акчага байланыштуу стресстен туура кутулуу, көп максаттуу терапиядан дагы тереңирээк болушу мүмкүн деп эсептешет.

Берчелл каржылык коркунучтардан арылуу мүмкүн экенине ишенсе да, ал финансыны өз алдынча турган маселе катары кароону колдобойт. Анын айтымында, алар көбүнесе чечүүнү талап кылган башка психологиялык маселелер менен чырмалышкан. Мисалы, ал мындай дейт: "Балким, сатып алуу терапиясы, адамдарды көзөмөлдөө үчүн колдонуп келе жаткан ыкмалардын бири болуш керек. Маселени оңой эле чечип коюу үчүн бир-эки сеанс эле жетет, ошондо мен стресстен айыгып калам деген ой-пикир туура эмес”, - деп ал өз оюн билдирди.

Берчелл баса белгилегендей, биз азыркы учурда мындай ыкмалар узак мөөнөттүү келечекте кандай болуп кетерин биле турган баскычта эмеспиз, анткени биздин финансы жана эмоцияларыбыздын ортосунда кандай байланыш бар экенин дагы деле жакшы изилдеп биле элекпиз.

Финансылык терапиянын өзү идея катары кызыктуу болсо да, айрым адамдар аны башында туура эмес кабыл алышы мүмкүн. Мындай терапиянын татаалдыгы, жогоруда айтылгандай, Дэвис айымдын башынан өткөн.

Кандай гана болбосун, Дэвис ушундай каржы терапиясынын алкагында өзүнүн ички дүйнөсүндөгү капастарды ачып, муну өзүнүн руханий саламаттыгы үчүн пайдалуу деп тапты.

Ал өз тажрыйбасын эске алып, бала кезинде акчага кандай мамиле кылганы жана эне болгондон кийин акчага болгон мамиленин өзгөргөнүн түшүнө билгени өзү үчүн пайдалуу болгонун айтат: "Мен акчаны кантип коротуп жатканыма жана кызыма акча жөнүндө кантип кеңеш берериме өтө кылдат көңүл буруп баштадым", - дейт ал. "Мен кызымдын чоңойгон сайын акча маселеси келгенде өзүн басыныңкы сезбей, өз акчасын өзү башкарганды билишин каалайм. Мен ага финансылык сабат жагынан жакшы пайдубал куруп бере алам деген үмүттөмүн". (KGNE)