"Монстрдын кереги жок": Элдик курултай долбоору четке кагылды

комитет

Сүрөттүн булагы, kenesh.kg

Жогорку Кеңештин тармактык комитети Президент сунуштаган "Элдик курултай" жөнүндөгү мыйзам долбоорун жаратпай четке какты. Комитет мүчөлөрүнүн теңи долбоорго каршы добуш беришти.

Талкуу убагында долбоорго карата көп сын пикир айтылгандыктан, комитет жетекчиси Медер Алиев кесиптештерин мыйзам долбоорунун концепциясы үчүн добуш берүүгө чакырды.

Бирок кээ бир депутаттар долбоордун концепциясы да жараксыз, “мындай монстрдын кереги барбы?” деп каршы болушту.

Долбоордогу Элдик курултай жергиликтүү жана борбордук мамлекеттик бийлик органдарынын башчыларынын, министрлердин отчетун угуп, керек болсо аларды кызматтан алууга чечим чыгарат деген жоболору көп депутаттарга жакпай калды.

Медер Алиев Элдик курултай мамлекеттик башка бийлик органдарынын ордун басып, анын милдеттерин аткарбай, коомдук-өкүлчүлүк жыйыны болуп калышы деп билдирди.

Баш мыйзамда Элдик курултай мамлекетик коомдук өнүгүүнүн негизги багыттары боюнча кеңеш берүүчү коомдук жыйын деп көрсөтүлгөн.

Долбоорду иштеп чыккан жумушчу топ комитет мүчөлөрүнө нааразы пикирлерин билдирип жатат.

“Буларды эч ким көзөмөлдөбөш керек, эч ким текшербеш керек. Эч ким суроо сапкыт салбаш керек. Мамлекет элдин пикири менен эсептешпегендиктин азабын көп эле тартып келатат, бирок сабак албай келатат. Буларга сөзсүз революция кылып, кууп чыгыш керек”,-деди Жогорку Соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов.

“Биринчиден эл кабыл алган Конституцияда эл бийликтин булагы деп так жазылып турат. Бир топ депутаттардын мүмкүнчүлүгү абдан чектелүү, Конституцияны өздөрү окубайт. Бир эле мисал, Сот акыйткаттыгынын кеңешинин мүчөлөрүнүн бири элдик курултай тарабынан көрсөтүлгөн адамдар болот деп турат. Алар муну да окубайт. Бул долбоор тикелей  Конституциядан чыгып аткандан кийин аны сөзсүз түрдө кабыл алыш керек”,-деди жумушчу топтун дагы бир мүчөсү профессор Чолпонкул Арабаев. (КС)